Эл аралык Мусулман Лидер Европа өлкөлөрүнө жасаган иш сапары • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

Эл аралык Мусулман Лидер Европа өлкөлөрүнө жасаган иш сапары

Ислам дин ыйман жума кутба пайгамбар сахаба мечит ибадат сыйынуу

Голландия, Франция жана Германияга жасалган иш сапарынын көз ирмемдери. Иш сапарынын аралыгында ар кандай аземдерге катышкан коноктордун ой-пикирлери жана медиа чагылдыруусу

2019-жылдын 1-ноябрында Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Англияга караштуу Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинде окуган жума кутбасынын кыскача маани-мазмуну

Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) 2019-жылдын 1-ноябрында Англияга караштуу Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинде окуган жума кутбасы Эл аралык МТА (Ахмадия Мусулман Телевидениясы) аркылуу бүткүл дүйнөгө көрсөтүлдү. Бул кутбанын котормосу да бир топ тилдерде түз эфирден берилди. Азан айтуу бактылуулугу урматтуу Шахзаад Ахмад мырзага насип этилди.

Ташаххуд, Таъввуз жана «Ал-Фаатиха» сүрөөсүн окугандан кийин Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) мындай деди:

Өткөн күндөрү мен Европанын айрым өлкөлөрүнө иш сапарымды жасаган элем, ошондо Голландия жана Франциянын Жалса Саланалары болду, жаңы мечиттер ачылды. Францияда жайгашкан ЮНЕСКОнун имаратында бир азем болуп, анда Ислам дининин таалими жана илимдин өсүп-өнүгүүсүнө мусулмандардын ролу жөнүндө баяндоо мүмкүнчүлүгү насип этилди. Ошондой эле Германиянын борбору Берлинде ал жердеги саясатчылар жана окумуштууларга Ислам дининин таалимин сунуштоо жана Ислам дини Европанын маданияты жана цивилизациясына каршы деген түшүнүктү жокко чыгаруу мүмкүнчүлүгү да насип этилди. Ал-Хамдулиллах, ар бир жерде Алла Тааланын берешендиктерине күбө болдук. Азыр мен кээ бир мусулман эместердин алган таасирлеринен кыскача айтып берем, андан белгилүү болгондой, ар бир жерде алар Ислам дининин таалимин түшүнүү жана өздөрүнүн туура эмес түшүнүктөрүн кетирүүгө мүмкүнчүлүктү табышты.

Голландияда Жалсанын экинчи күнү мен голландиялыктарга карата жасаган кайрылуума 125 голландияклык коноктор катышышты. Ал жердеги Жамаатыбыздын борбору болгон Нанспит шаарынын консулу мурда ушул жерге келүүнү жактырбайт элем, бирок акырындап (убакыттын өтүшү менен) алака-байланыштарыбыз жакшы болду деди. Хузур-э-Анвар ал киши мени тосуп алганы да келген болчу деди.

Келген коноктордун бири мен Жалсага келүүдөн коркуп жаткан элем, себеби ал жерде мусулмандар чогулуп жатышат деп, бирок ушул жерде тынчтык тууралуу кеп-сөз болуп жатканын көрүп, мен аябай айран-таң калдым деди.

Бир голландиялык жубайлар Жалсанын айлана-чөйрөсүн теңдеши жок деп, котормочулардын ишине баа беришти.

Коноктордун бири мен төрт жыл мурун бир мекемеде голландия тилин үйрөтчү элем, ал жерде бир пакистандык үй-бүлө менен таанышып, Ахмадия Мусулман Жамааты жөнүндө билдим деди. Ал киши силердин Халифаңар тынчтык тууралуу сүйлөп жатат жана бир мусулман Жетекчинин тилинен ушундай кептерди угуу аябай таасир этүүчү нерсе деди.

Жаңы мечит ачылган Алмере шаарындагы бир чиркөөнүн төрагасы Жамаатыбыздын кабарын тынчтыктын кабары деп, силердин Халифаңар тынчтык жана дин эркиндиги тууралуу аябай күчтүү кайрылууну жасады деп айтты.

Бир араб конок урматтуу Закария мырза силердин аземиңердин башында Курани Карим окулду, бул өлкөлөрдө жашап, ушундай көрүнүш аябай таңкаларлык нерсе болчу жана араб болгондугум үчүн мага аябай жакты деди.

Францияга жасалган иш сапары тууралуу Хузур-э-Анвар ал жерде Ахмадий эмес жана мусулман эмес коноктор менен өткөрүлгөн кечеге 75ке жакын адамдар катышышты деди.

Ал жердеги бир антрополог аял Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси сунуштаган Ислам дининин чыныгы сүрөтүнөн маалым болгондой, мусулмандар оңой гана Батыш өлкөлөрүндөгү айлана-чөйрөгө аралаша алышат деди.

Ирандан келген Муртазаа мырза бүгүн биринчи жолу Убада кылынган Масийх жана Махдийдин Халифасынын даражасы кандай экенин билдим жана жер жүзүндө Ислам динине каршы айтылып келе жаткан бардык сын-пикирлерге силердин Халифаңар аябай мыкты жооп кайтарды деди.

Мароккодон келген Суфян мырза бүгүнкү кайрылуудан силер эле чыныгы жана түпкү мусулман экениңер байкалды деди. Францияда мусулмандар коркуп жашашат, силердин Халифаңар ар кандай улуттар жана диндердин ортосундагы аралыктарды жакындатууда деди.

8-октябарь күнү ЮНЕСКОдо өткөрүлгөн кечеге 91 конок катышышты.

Мали республикасынын ЮНЕСКОдогу элчиси Сафийр Умар Кайда мырза өзүнүн ой-пикирин билдирип, мен Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчисин тынчтык кабары үчүн куттуктайм деди.

НАТО мемориалдыктыктын төрагасы бул аземди өтө маанилүү жана тарыхый деп, Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси берген тынчтык кабарын мындан ары дагы өнүктүрүү керек деди.

Шаардык консулдун бир мүчөсү мен бүгүн уккан кептерден маалым болгондой, силер аялдарга билим берүүнүн тең мүмкүнчүлүгүн берүү тууралуу сүйлөйсүңөр деп айтты. Ал киши Африканын өсүп-өнүгүү жагынан артта калган аймактарында билим берүү жана саламаттыкты сактоо жөнүндөгү Ахмадия Мусулман Жамааты алып барып жаткан долбоорлоруна да баа берди.

Бир аял журналист кайрылууну угуп, Ислам дини илим-билим боюнча канчалык өсүп-өнүккөнүн жана ага мусулмандардын канчалык күчтүү ролу бар экенин билип, айран-таң калды.

Францияда Германиянын чек арасында жайгашкан Страсбург шаарында бир жаңы мечит ачылган эле. Ал жердеги аземге 191 конок катышышкан. Парламент мүчөлөрү, беш аймактын мэрлери, ар кандай диндер жана уюмдардын мүчөлөрү менен бирге жашоонун бардык тармактарындагы белгилүү инсандар катышышкан.

Франция парламентинин аял депутаты Мортан айым силер тынчтык жана бир тууганчылык жөнүндө күчтүү кабарды бердиңер деди. Биз – франциялыктар медиа аркылуу тааныган Ислам дини бөлөкчө, биз чыныгы жана түпкү Ислам динин окуп-үйрөнүүгө аракет кылуубуз керек деди.

Бир аял менен чогуу келген бир конок Кюба мырза биз ушул кече үчүн берилген чакырууну кабыл кылуудан мурун интернеттен Ахмадия Мусулман Жамааты тууралуу маалыматтарды алдык жана Ахмадия Мусулман Жамааты жасап келе жаткан иш-аркеттерин көрүп, анан чын жүрөктөн чакырууну кабыл кылдык деп айтышты.

Хузур-э-Анвар адамдар аземдерибизге катышышканда, интернет аркылуу Ахмадия Мусулман Жамааты тууралуу маалыматтарды да алышат. Ошентип, алар Исламдын чыныгы таалими жөнүндө көптөгөн маалыматтарга да ээ болуп алышат деди.

Келген коноктордун бири сезим-туйгуларымды айтып берүү мен үчүн кыйын, Ислам дининин ушул тармагы (Ахмадия Мусулман Жамааты) тынчтыкты жактоочусу жана Исламдын чыныгы сүрөтү деди.

Райондук консулдун төрагасы Жастин мырза мындай деди: ушул жерде мечит курулаары тууралуу угуп, менде көптөгөн шек-күмөндөр бар болчу, бирок мен силердин «Сүйүү баарына, Жек көрүү эч кимге эмес» деген урааныңар тууралуу укканымда, менде бүгүнкү күндө бирөө сүйүү-махабатка ушунчалык толгон ураанды чакырса, аны кабыл албай коюу кантип мүмкүн деген ой пайда болду.

14-октябрь күнү Германиянын Висбаден шаарында бир жаңы мечит ачылган эле. Ал жердеги бир белгилүү залда ачылуу аземи өткөрүлүп, ага Лорд мэр, облустук кеңештин мүчөлөрү, бийлик өкүлдөрү, милиция жана чиркөөнүн өкүлдөрү, дарыгерлер жана адвокаттар менен кошо 370 конок катышышты.

Католик чиркөөсүнүн бир попу мен бүгүнкү күнгө чейин Исламдын Кудайы тууралуу ушунчалык терең жана кеңири ой-пикирди уга элекмин. Ал Кудайдын жалгыздык деген толук билдирүүсү менен Аны дүйнөнүн бардык диндерин, коомчулуктарын жана өлкөлөрүн Багуучу катары деп көрсөтөт.

Чиркөөнүн дагы бир өкүлү бир диний инсандын тилинен кошуналардын акы-укуктарына ушунчалык жасалган басымды биринчи жолу уктум деди.

Бир конок мугалим Сусин айым биз – бардык адамдардын Жаратуучусу Бирөө гана, муну бардыгыбыз эске тутуубуз керек деди.

Дагы бир мейман аял Хайык Бурадар айым Кудайдын бардык ааламдардын Раббиси экендиги деген кеңири түшүнүк абдан кызыктуу болду деди.

Висбаден милициясынын Мухтарий мырза аттуу офицери бүгүнкү күндөгү азем көрсөтүп жаткандай, мусулмандар өздөрүнүн Ислам чынында тынчтыктын дини деген сүрөтүн көрсөтүшмөкчү деди.

Фульда шаарындагы «Байтул-Хамийд» мечитинин ачылуу аземине 330 конок катышышты. Ал жердеги мэр бизди тосуп алды, бирок адамдардын каршылыгынан коркуп, төргө да чыккан жок жана кайрылуусун да жасабады. Ал жерге да ар кайсы аймактардагы мэрлер, консул мүчөлөрү, парламент депутаттары ж.б. катышышты. Фульда тууралуу Хузур-э-Анвар бул христиан дининин байыркы калың эл жашаган шаары жана ушул жерде жалпысынан мусулмандарга каршы катуу жек көрүүлөр бар деди.

Ал аземге катышкан коңшу шаардын мэри Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси эки тараптагы коркунучтар жана алакаларды бири-бирине салыштырып, коомчулуктагы ар кайсы катмарлардын ортосундагы өз ара чыр-чатактардын себептерин ачык-айкын айтып берди деди.

Берлин шаарында өткөрүлгөн азем тууралуу сөз кылып, Хузур-э-Анвар мындай деди: бул жерде Ислам жана Европа деген темада кайрылуу жасалыш керек болчу. Ал аземге улуттук кеңештин 27 депутаты, тышкы иштер министирлигинин үч офицери, Берлин университетинин төрагасынын орунбасары менен кошо беш профессору, басма сөз кызматы жана медиа өкүлдөрү жана эл аралык амнистиянын өкүлдөрү катышышты.

Парламенттин бир депутаты Элександр мырза Сиз сунуштаган тынчтык жана коопсуздук таалиминин булагы – бул Куран деди.

Кудум ушундай Мамлекеттик улуттук министри Элан мырза адам укуктарын коргоо үчүн үн көтөргөндүгү үчүн Ахмадия Мусулман Жамаатына баа берди.

Эл аралык амнистиянын басма сөз кызматынын өкүлү Сиз Куран аяттарын аябай мыкты ыкмада чечмелегенсиз. Ушул эле аяттарды Исламды жаман көргөн адамдар алардын контексинен чыгып, бурмалап сунуш кылышат деди.

Махдийабадда салынган мечиттин ачылуу аземине парламент мүчөлөрү, Лорд мэрлер, ошондой эле спикер жана зам спикер менен бирге 170 конок катышышты. Ушул жерде да коноктор Ислам дининин тынчтык жана Ислам коомчулугунда аялзатынын орду тууралуу сунушталган таалимге аябай жакшы баа беришти.

Медиа репортаждары тууралуу Хузур-э-Анвар кеңири маалыматтарды берди. Газета-журналдар жана электрондук медиада бул иш сапары жөнүндө аябай көп кабарлар берилди. Хузур-э-Анвар Алла Таала адамдарга ушул кабарды түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берсин деп дуба кылды.

Жума кутбасынын аягында Хузур-э-Анвар Индиянын Керала шаарында Жамаатыбыздын миссионери урматтуу Мавлавий Махмуд Ахмад мырзанын гайып жаназасын окутарын жарыялады. Маркум 15-октябрда 54 жаш курагында каза болгон. Иннаа Лиллаахи ва Иннаа Илайхи Раажиъуун. Ал 1988-жылы Жамия Ахмадияны бүтүргөн. Маркум такыба, беш маал намаз жана орозону калтырбай аткаруучу, Тахажжуд намазын аткаруучу, жакырларга жардам берүүчү, дуба кылуучу жана сабырдуу инсан болчу. Индиянын тышында Кувейтте да кызмат кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Ал аябай күчтүү дискуссиячы да болчу. Ал өз артында эки жубайы менен үч кызын калтырган. Хузур-э-Анвар аталган маркум Халифаттын күчтүү жардамчысы болгон деди. Алла Таала аны кечирип, ага ырайым кылсын, анын даражаларын жогорулатсын жана анын балдарына да ал баштаган жакшылыктарын улантуу мүмкүнчүлүгүн берсин. Аамийн.

٭…٭…٭

Share via