Ахмадий мусулмандар жасаган финансылык курмандыктарынын окуялары • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

Ахмадий мусулмандар жасаган финансылык курмандыктарынын окуялары

Мечит Ислам дин ыйман курмандык Пайгамбар

Дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө жашаган Ахмадий мусулман эркектер, аялдар жана балдар, ошондой эле Нау-Мубайиндер жасаган финансылык курмандыктарынан турган ыйманды күчтөндүрүүчү окуяларынын баяны

Тахрик-э-Жадид[1]дин 86-жылынын башталгандыгы жарыяланды

 Быйыл 13,600,000 фунт финансылык курмандык жасалган, ал былтыркыга караганда 802,000 фунтка көбүрөөк.

2019-жылдын 8ноябрында Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Лондондогу «Байтул-Футух» мечитинде окуган жума кутбасынын кыскача маани-мазмуну

2019-жылдын 8-ноябрь күнү Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Лондондогу «Байтул-Футух» мечитинде жума кутбасын окуду. Ал кутба Эл аралык МТА (Ахмадия Мусулман Телевидениясы) аркылуу бүткүл дүйнөгө көрсөтүлдү. Азан айтуу бактылуулугу (Англиядагы Бенгал Бөлүмүнүн төрагасы) урматтуу Феруз Аалым мырзага насип этилди.

Ташаххуд, Таъввуз жана «Ал-Фаатиха» сүрөөсү жана «Ал-Бакара» сүрөөсүнүн 273-аятын окугандан кийин Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) ал куттуу аяттын төмөндөгүдөй котормосун сунуш кылды:

Аларды хидаят кылуу сага парыз эмес. Ооба, Алла Өзү каалаган кишини хидаят кылат. Жакшы дүнүйө-мүлкүңөрдөн эмнени сарп кылсаңар, ал өзүңөрдүн пайдаңар үчүн. Чынында, силер болгону Алланын ыраазычылыгы үчүн гана сарп кыласыңар. Жакшы мал-дүнүйөңөрдөн эмнени сарп кылсаңар, ал силерге түгөл бойдон кайтарылат жана силерге зулумдук кылынбайт.

Хузур-э-Анвар ушул аяттан белгилүү болгондой, хидаят берүү, туура жолго алып келүү Алла Тааланын берешендиктерине гана такалат. Ошондуктан, хидаят тапкандан кийин Алла Таала айтып берген жол-жободон жүрүүгө аракеттенүүбүз керек. Ага дуба кылып, Андан берешендиктерин да сурап туруубуз керек деди.

Ушул аятта айтылган экинчи нерсе бул: силер жакшы мал-мүлкүңөрдөн эмнени сарп кылсаңар, анын пайдасы силерге гана тиет. Алла Таала карызды кармап отурбайт, тескерисинче аны көбөйтүп кайтарат. Чыныгы момун-мусулмандардын аныктамасы бул: алар Алла Таалага жагынуу үчүн гана сарп кылышат. Алла Тааланын ыраазычылыгына татыктуу болуу үчүн сарп кыла тургандар Алла Таала алардын курмандыгын кантип кабыл алып, аларга кайтарып бергендигин көрүп, Анын берешендиктерине күбө да болушат жана бул нерсе алардын ыйманын дагы күчөтөт. Бирок бул үчүн мал-мүлктүн таза жана адал болуусу деген шарт бар. Хузур-э-Анвар Европада жашагандарга кайрылып, ушул жерде жашагандар өзгөчө таза жана адал мал-мүлк табууга көңүл буруулары керек, көбүрөөк акча табуу үчүн бийлик мекемелерин алдабоолору керек деди. Алла Таала тыюу салган иштер аркылуу табылган мал-мүлк да таза жана адал деп эсептелинбейт. Алла Таала Мен таза жана адал мал-мүлктөн жасалган курмандыкты, Мага жагынуу үчүн кылынган курмандыкты кабыл гана кылбастан, аны силерге толук кайтарам деп айтат. Алла Тааланын берешендиктерине ээ болгон, аны тажрыйба кылган жана аны терең түшүнгөн миңдеген-миллиондогон Ахмадий мусулмандар бар. Хузур-э-Анвар Тахрик-э-Жадиддин жаңы баштала турган жылына байланыштуу, мен ар кандай жагдайда курмандыктарды жасаган адамдардын кээ бир окуяларын бүгүн айтып берем.

Сьерра-Леоне мамлекетиндеги бир Нау-Мубайга Тахрик-э-Жадид жөнүндө жана Чанда[2]лардын берекелери тууралуу айтылганда, ал Тахрик-э-Жадид Чандасын төлөп койгон. Ал жакыр адам болчу. Буга карабай, колунда бар акчасын да Чандага берип салган. Эртеси күнү эле анын компаниясы анын иш бөлүмүн өзгөртүп жиберди жана айлык маянасы да эки эсе көбөйгөн.

Сьерра-Леоне мамлекетинен эле дагы бир Ахмадий Мухаммад мырза Тахрик-э-Жадид Чандасына берген убадасын төлөө үчүн жылдын аягында колунда бар бир жарым килограмм күрүчүн сатып, ал Чанданы төлөп койгон. Ал киши эртеси күнү алыскы бир туушкан-тууганы ага бир кап күрүч жана бир аз акчаны белек катары жөнөткөнүн айтып берди.

Гвинея-Бисау мамлекетиндеги бир Ахмадий мусулман Диялу мырзага Тахрик-э-Жадид жөнүндө айтылганда, ал киши балдары үчүн азык-түлүктү сатып алганы кетип бара жаткан эле, ал чөнтөгүндө бар бүт акчасын Чандага берип салган. Анан ал киши балык кармаганы барганда, Алла Таала ага өзгөчө берешендик кылып, бир саатта 73 килограмм балык кармаган. Башка бардык балыкчылар да анын бактылуулугуна айран-таң калышты. Андан кийин ал киши кайрадан сыйынуу үйүнө (mission house) келип, кошумча Чанданы төлөгөн.

Конго мамлекетиндеги бир жакыр айылда Муаллим Сахиб Хузур-э-Анвар Чанда төлөөчүлөрдүн санын көбөйтүүгө буюрган деп айтканда, аларда акча жок болчу. Алар токойго барып, жыгачтарды алып келип, аны өртөп, чокко айландырышкан. Анан бир дарыядагы өтө кыйын жол менен шаарга барышкан. Ал жерде ошол чокторду сатып, андан табылган сумма токсон алты миң франктын баарын Чандага төлөп коюшкан.

Хузур-э-Анвар Алла Таала Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)га аябай ажайып инсандарды тартуулаган. Ал (алайхиссалаам) бир жолу өзүнүн тирүү кезинде эле алардын үлгүсүн көрүп, алар кантип мына ошондой курмандыктарды жасашат деп мен айран-таң калам деп айткан эле деди. Тахрик-э-Жадиддин баштапкы күндөрүндө жакыр адамдар жасашкан курмандыктарынан сөз кылып, Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) мындай деп айтат: бир жакыр аялда жумуртка бар болчу, ал ошол жумурткаларды алып келген. Колунда акчасы аз болгон бирөө дагы жумуртка алып келген. Хузур-э-Анвар бүгүнкү күндө да байкаганыбыздай, адамдар Алла Таалага жагынуу үчүн сарпташат деди.

Гвинея-Бисау өлкөсүндөгү бир кедей аял тоок багып чоңойтуп, аны сатып, анан Чанда берем деген ой-ниет менен баккан эле. Танзаниялык бир жигит Раашыд Хусайин мырза өзүнүн Чандасын төлөп бүткөндөн кийин Муаллим Сахибдин үндөөсү менен Тахрик-э-Жадидге жыл аягында өзүнүн финансылык кыйынчылыктарына карабай, топтолгон бардык суммасынын – үч миң шиллингасын Чандага берип койгон. Ошол эле күнү Алла Таала ага ушундай берешендик кылган, анын дүкөнүндөгү сатылбай калган товарларын бир адам сатып алган. Ошентип, ал жыйырма үч миң шиллинга тапкан. Борбордук Африкадан Ажана мырзанын Байъат берип, Ахмадий болгонуна сегиз ай гана болгон эле, ал киши жума кутбасынан Алла Таала жолунда сарптай турган адам кедей болбойт деген сөздөрдү угуп, чөнтөгүндө бар болгон беш жүз франк деген аз гана акчаны Тахрик-э-Жадид Чандасына төлөп койгон. Андан кийин ал киши кечки тамакты кайдан ичебиз деп кабатырланган. Алла Таала ага ушундай берешендик кылды: анын туугандарынын бирөөсү ал шаарга өзүнүн алмаздарын сатканы келди жана ага жыйырма жети миң франк белек катары берди. Кудум ушундай алмаздарды сатып алган адам да ага он миң франк берген.

Англиялык бир аял өзүнүн убадасына жараша Чанда төлөгөндөн кийин башка бир иши үчүн сактаган акчасынын баарын да Чандага берип койгон. Ал айым эртеси күнү банк эсептөөмдү текшерип көрсөм, анда төрт эсе көбүрөөк сумма болуп калыптыр дейт. Буркина Фасо мамлекетиндеги бир адамга бирөө үч теке белек катары берген. Ал бир текени Тахрик-э-Жадид Чандасына берип салган. Алла Таала анын текелерине ушунчалык береке кошту: азыр ал киши бир топ маал чарбага ээ болуп калды. Бенин Республикасынын бир регионунда катуу топон суу болуп, ал жер башка аймактардан байланышы үзүлүп кеткен. Араң эле бир суу кемеси аркылуу ал регион менен кайрадан алака орнотулганда, ал жердеги Жамаатыбыздын президенти ыйлап жиберди. Алардын эгиндери талкаланып кеткен жана үйлөрүнө да зыян келген. Аларды сооротушканда, ал киши мага жеткен зыян үчүн мен ыйлаган жокмун, тескерисинче топон суу келе электе мен өз Чандамды топтоп койгон элем. Суу каптагандыгы үчүн бардык жолдор жабылып калган эле жана Чанда берүү мөөнөтү да бүтүп жаткан үчүн мен кабатырланган элем. Ошондо мен Чанданы Борборго жеткирүүнүн эч бир жол-жобосу жок деп Алла Таалага дуба кылдым. Азыр силер бизден кабар алаганы келгениңерде, Алла Таала бат эле мен сураган дубамды кабыл алды жана мен өз милдетимди аткаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болдум деп ыктыярсыз ыйлап жибердим деди.

Хузур-э-Анвар Индия, Канада, Россия, Германия, Латвия, Майо Ирландия, Индонезия ж.б. өлкөлөрдөн бир топ мисалдарды келтирди. Алардын окуяларынан Алла Таала кандай дүйнөнүн ар бир аймагында жана өлкөсүндө курмандык кылгандардын мал-мүлктөрүнө береке бергендиги маалым болот. Муну менен бирге Хузур-э-Анвар жаш балдар тарабынан жасалган курмандыктарынын кээ бир окуяларын да сунуш кылды. Гана мамлекетинен тогуз-он жаш курагындагы бир Тифл бир дүкөндө иштеп, анан андан табылган акчасын Чандага берген. Сьерра-Леоне мамлекетинен ошол эле жаштагы бир бала жыгачтарды кесип алып келип: «Муну сатып, андан табылган акчаны Чандага кошуп алгыла», – деп Муаллим Сахибге берген.

Хузур-э-Анвар Алла Таала Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын Жамаатына ушул курмандыктарды жасоого берген мүмкүнчүлүгү Алла Тааланын өзгөчө колдоосу жана жардамысыз болушу мүмкүн эмес деди. Алла Таала гана жүрөктөрдү өзгөртөт жана Ал гана улуулардын жүрөктөрүнө да, балдардын жүрөктөрүнө да салат. Акылы бар адам болсо, ушул эле нерсени Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын чынчылдыгынын далили деп түшүнүшү мүмкүн.

Андан кийин Хузур-э-Анвар Тахрик-э-Жадиддин 86-жылы башталгандыгын жарыялап, кээ бир эсеп-кысаптарды сунуштады. Быйыл Жамаатыбыз Тахрик-э-Жадиддин финансылык системасына 13,600,000 фунт суммадагы курмандыкты сунуш кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду, ал былтыркыга караганда 802,000 фунт көбүрөөк.

Пакистанда рупийдин баасы катуу түшкөндүгү себебинен эми Германия биринчи орунга ээ болду. Буга байланыштуу, Хузур-э-Анвар Пакистанда өкүм сүрүп жаткан оор саясий жана финансылык кырдаал тууралуу дуба кылууга да чакырды. Пакистандан тышкары калган өлкөлөрдө Германиядан кийин Британия, анан Америка, Канада, Индия, анан Жакынкы чыгыштагы бир өлкө, Индонезия, Австралия, Гана жана Жакынкы чыгыштагы бир өлкө турат.

Жергиликтүү акча бирдиги боюнча көп төлөгөн өлкөлөрдүн арасында Жакынкы чыгыштагы бир өлкө биринчи орунда турат. Андан кийин ирети менен Индия, Канада, Германия, Британия, Гана, Пакистан, Индонезия, Америка жана Австралия турат.

Керт баш төлөө жагынан Щвецария, ал эми Африка өлкөлөрүндө жалпы төлөө жагынан Гана биринчи орунда турат.

Тахрик-э-Жадид Чандасына катышкандардын саны эми 1,827,000ден ашты. Дафтар-э-Аввалдын эсептөөсү боюнча 5,927 миң адамдын арасында Алла Тааланын берешендиги менен 36 адам азыр да тирүү жана өздөрүнүн Чандасын өз колу менен төлөп келишүүдө. Ал эми каза болуп калган адамдардын эсептөөсүн алардын мураскерлери жана Жамааттын ыкыластуулары улантып келишүүдө.

Жогорудагы датадан тышкары Хузур-э-Анвар өтө мээримдүүлүк менен Германия, Пакистан, Британия, Канада, Индия жана Австралия өлкөлөрүнүн жергиликтүү орундарын айтып берди. Аягында Хузур-э-Анвар Алла Таала ушул курмандык кылгандардын баарынын мал-мүлктөрү жана жандарына чексиз береке берсин деп дуба кылды. Аамийн

٭…٭…٭

[1] «Тахрик» чакыруу жана «Жадид» жаңы дегенди билдирет. Ахмадия Мусулман Жамаатынын мүчөлөрү тарабынан Алла жолунда төлөнүлө турган Чандалардын бири «Тахрик-э-Жадид» Чандасы деп аталат.

[2] Ахмадия Мусулман Жамаатынын мүчөлөрү тарабынан Алла жолунда төлөнүлө турган мал-мүлк жана акча «Чанда» деп аталат.

Share via