Жамаатка финансылык кызмат кылуу • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Жамаатка финансылык кызмат кылуу

Мырза Гулам Ахмад

Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай деп айтат:

«Сүйүктүү туугандарым! Силерге камкор болуу үчүн, Алла Таала мага бир чыныгы толкундануу тартуулаган, ошондой эле силердин ыйманыӊар жана тереӊ руханий илим-билимиӊерди көбөйтүү үчүн, бир чыныгы маърифат мага тартууланган деп силерди ишендирмекчимин. Ушул маърифатка силер да, силердин тукумуӊар да абдан муктажсыӊар. Демек, мен аттандым, силер таза-пакиза мал-мүлкүӊөр менен диний жүрүштөрүӊөрдө жардам бергиле жана ар бириӊер Алла Таала ага тартуулаган кеӊчилик, күч-кубат жана молчулукка жараша ушул жолдо аябагыла, ошондой эле өз мал-мүлкүӊөрдү Алла жана Пайгамбар (сав)дан жогору койбогула. Анан мен колуман келишинче, Алла Тааланын Ыйык Руху мага тартуулаган илим-билимдер жана берекелерди адабияттар аркылуу Азия жана Европа өлкөлөрүнө таркатайын». («Малфузаат», 3-том, 516-бет)

Дагы мындай деп айтат:

«Өзүн Байъат бергендердин сабындамын деп эсептеген ар бир адам, убакыт кете электе өзүнүн мал-мүлкү менен да, ушул Жамаатка кызмат кылсын. Бир теӊгеге гана кудурети жеткен адам, Жамааттын каражаттары үчүн ай сайын бир теӊге берип турсун, ай сайын бир Рупий берүүгө күчү жеткен адам ай сайын бир Рупий берсин. Ар бир Байъат берген адам кудуретине жараша жардам бериши керек, натыйжада Алла Таала дагы аларга жардам берсин. Эгер ай сайын көмөк келип турса, ал аз жардам болсо да, ал кайсы бир мөөнөткө чейинки тыныгуудан кийинки келген ой менен кылына турган жардамдан жакшыраак. Ар бир адамдын ыкластуулугу, анын кылган кызматынан гана билинет. “Эй, туугандарым! Бул дин үчүн жана диндин максат-мүдөөлөрүн ишке ашыруу үчүн кызмат кылуу убактысы. Муну олжо деп билгиле, атнкени мындан кийин эч качан насип этилбейт. Зекет бере турган адам ушул эле жерде өз зекетин бериши керек. Ар бир адам өзүн курулай иштерден сактап, ушул жолго өз акчасын жумшашы керек. Ал киши (Алла Таала)нын берешендиги жана Ыйык Рух деген сыйлыкка ээ болуу үчүн баары бир ыкластуулугун көрсөтүшү керек, анткени ал сыйлык ушул Жамаатка киргендер үчүн даярдалган». (Кашти-э-Нух, Руханий Хазайын, 19-том, 83-бет)

Share via