Чыныгы жакшылык • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19 айт курман орозо майрам Англия Лондон Жыйын аял аялдар айым айымдар гүлдөр

Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай дейт:

«Силер өзүңөргө кымбат болгон мал-мүлктү адамзатка боорукердик менен сарптамайынча, силер эч качан чыныгы жакшылыкка жетише албайсыӊар». (Ислам окууларынын философиясы, Руханий хазайын, 10-том, 358-бет)

Ал (алайхиссалаам) андан ары мындай дейт:

«Мал-мүлктү (байлыкты) сүйбөш керек. Аллах Таала мындай деп айтат:لَنۡ تَنَالُوا الۡبِرَّ حَتّٰی تُنۡفِقُوۡا مِمَّا تُحِبُّوۡنَСилер өзүӊөргө кымбат болгон нерселериӊерден Аллахтын жолунда сарптамайынча, эч качан жыкшылыкка жете албайсыӊар (3:93). Эгерде бүгүнкү абалды Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам)дын убактысы менен салыштырып көрсөк, анда бул мезгилдин абалы өкүнүчтүү. Себеби, жандан (өмүрдөн) кымбат эч нерсе жок жана ошол күндөрү Аллахтын жолунда жанын бериш керек болчу. Силерге окшоп алардын да аялы жана балдары болгон. Жанды бардыгы жакшы көрүшөт. Бирок алар мүмкүнчүлүк берилсе, ар дайым өз жанын Аллах жолунда курмандыкка чалууга дилгир болушчу». Калима Таййаба», 14-бет, Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам) «Аали Имраан» сүрөөсүнүн 93-аятына берген тафсири)

Кудайды сүйгөн адам бактылуу!

Ал (алайхиссалаам) андан ары мындай дейт:

«Кудайды сүйгөн адам ушунчалык бактылуу. Эгер араңардан кимдир бирөө Кудайды сүйүп, Анын жолунда мал-мүлкүн сарптаса, анын мал-мүлкү (байлыгы) башкаларга караганда көбүрөөк бата алат деп ишенем. Анткени, мал-мүлк (байлык) өзүнөн-өзү келе бербейт, жок, Кудайдын каалоосу менен келет. Демек, ким өз мал-мүлкүнүн (байлыгынын) бир бөлүгүн Кудайга калтырып койсо, аны сөзсүз табат. Ал эми мал-мүлкүн (байлыгын) сүйүп, Аллах жолунда аткарылышы керек болгон кызматты аткарбаган адам, албетте, ошол мал-мүлкүн (байлыгын) жоготот. Мал-мүлк (байлык) менин жасаган аракетимен болот деп ойлобогула, жок, ал Аллах Тааладан келет. Ошондой эле, мал-мүлктүн (байлыктын) бир бөлүгүн берүү менен же башка түстөгү кайсы бир кызматты аткаруу менен Аллах Таалага жана Анын элчисине жакшылык кылып жатабыз деп ойлобогула, жок, силерди ушул кызматка чакыргандыгы – бул анын силерге карата жакшылыгы. …Бул иштин албетте асмандан экенин жана силер кылып жаткан кызматыңар силердин пайдаӊар үчүн гана экенин түшүнүшүңөр керек». Мажмуъа  Иштихараат», 3-том, 497-498-бет)

Share via