Эң мыкты инсандар: Азирети Билал бин Рабах (разияллааху анху) • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

Эң мыкты инсандар: Азирети Билал бин Рабах (разияллааху анху)

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19 айт курман орозо майрам Англия Лондон Жыйын аял аялдар айым айымдар

2020-жылдын 25сентябрында Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) окуган жума кутбасынын кыскача маани-мазмуну

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын «Бадр» согушуна катышкан улуу мартабалуу сахаабасы Азирети Билал бин Рабаах (разияллааху анху)нун улуу мүнөзүнүн жагымдуу баяны

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) шейиттер менен азанчылардын лидери, Билал кандай сонун адам деп айткан.

Билал (разияллааху анху) кыямат күнү моюну баарынан узун адам болот. Билалга бейиште бир төө берилет жана ал ага минген болот.

Тринидад жана Тобагодогу Ахмадия Мусулман Жамаатынын миссионери Маулана Таалиб Яъкуб мырза, мурунку Вакилул-Маал Саалис жана Мажлис Тахрик-э-Жадид[1]дин президентинин орун басары урматтуу Инженер Ифтихар Али Курайший мырза, Садр Амумий Рабвах кеңсесинин мурунку президенти Хакийм Хуршийд Ахмад мырзанын аялы урматтуу Разия Султана айым, Наиб Назир Байтул-Маал Кадиян урматтуу Мухаммад Тахир Ахмад мырза жана Ганадагы Интернэшнл Жамия Ахмадиянын мугалим урматтуу Мырза Халил Ахмад Бег сахибдин уулу урматтуу Акийл Ахмад деген беш маркумдун эскерилүүсү жана гайып жаназа намазы.

2020-жылдын 25-сентябрында, башкача айтканда, 1399-хижра жылынын 25-Табук күнү Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Англияга караштуу Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинде окуган жума кутбасынын кыскача маани-мазмуну

2020-жылдын 25-сентябрь күнү Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Англияга караштуу Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинде жума кутбасын окуду. Ал кутба Эл аралык МТА (Ахмадия Мусулман Телевидениясы) аркылуу бүткүл дүйнөгө көрсөтүлдү. Азан айтуу бактылуулугу урматтуу Раана Атаур-Рахийм мырзага насип этилди.

Ташаххуд, Таъввуз жана «Ал-Фаатиха» сүрөөсүн окугандан кийин Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын Бешинчи Халифасы (Алла Таала Өзүнүн күчтүү жардамы менен аны колдосун) мындай деп айткан:

Азирети Билал (разияллааху анху) жөнүндө сөз кылып жатабыз. Бир жолу Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Билал (разияллаху анху)дан эмне себептен бейиште менин алдымда жүрөсүз деп сураган, кечээ кечинде бейишке кирсем, мен өз алдыман сиздин басып баратканыӊызды уктум. Азирети Билал (разияллааху анху) мен ар жолу азан айтканымда, эки рекет нафл намазын окуйм, качан дааратым бузулса, жаӊы даарат алам. Менин оюмча, мен мындан көбүрөөк үмүттөндүрүүчү эч нерсени жасаган деле жокмун. Башкача айтканда, түнкүсүн жана күндүзү ар жолу даарат алганымда, ошол эле даарат менен албетте намаз окудум деп жооп берген.

Хузур-э-Анвар бул бир гана тазалыктын жана көмүскөдө кылган ибадаттын аркасында Алла Таала ал (разияллааху анху)га ушундай даража тартуулаган, айт күнү найзаны кармап, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын алдына баскандай эле, бейиште дагы ал (саллаллааху алайхи ва саллам) менен бирге болду деген маанини түшүндүрөт деди.

Бир башка рабаят боюнча, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айткан: мен бейиште бирөөнүн баскан кадамын укканымда, Жабраилден бул кимдин баскан кадамдарынын дабышы? деп сураган элем, ал: «Бул – Билал», – деп жооп берген. Азирети Абу Бакр (разияллааху анху) мен Билалдын энесинен төрөлгөн болсом, кана? Билалдын атасы менин атам болсо, кана, деп айткан. Бир кезде кемсинтилип, таштарга сүйрөлгөн Билал эми кандай улуу даражага жетти!

Азирети Мырза Башир Ахмад сахиб (разияллааху анху) мындай деп айтып берет: Азирети Умар (разияллааху анху)нун халифалык доорунда Сирия мусулмандардын колуна өткөндө, бир жолу Азирети Билал (разияллааху анху) Азирети Умар (разияллааху анху)нун катуу суранычы менен азан чакырган, ошондо Азирети Умар (разияллааху анху) баш болгон бардык сахаабалар аябай ыйлашкан.

Бир жолу Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам)дын экинчи Халифасы (разияллааху анху) аялдарга кайрылуу жасаганда, «Ал-Кахф» сүрөөсүнүн 47-аятында кезиккен «ал-Баакиййатус-Саалихаат» (түбөлүккө кала турган жакшылыктар) жөнүндө сөз кылып жатып, Азирети Билал (разияллааху анху) тууралуу мындай деп айткан: бир нече күн мурун бир араб келип, мен Билалдын тукумунан болом деп айткан. Чын же калп айтканын билбейм. Бирок, ал убакытта жүрөгүм Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мечитинде азан айткан кишинин урпактарынан болгондугу үчүн ага жармашып калууну каалаган. Бүгүн Билал (разияллааху анху)нун балдары жана мүлкү кайда экенин билбейбиз? Бирок, ал Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мечитинде айткан азан азыр деле бар жана ушул бойдон кала берет. Бул түбөлүккө кала турган жакшылыктар.      

Билал (разияллааху анху)дан 44 рабаят кезигет. Сахийхайнда[2] төрт рабаят кезигет. Бир рабаят боюнча Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) бейиш Али, Аммаар жана Билал деген үч адам менен жолугушууга абдан дилгир экендигин айткан. Бир жолу Азирети Умар (разияллааху анху) Азирети Абу Бакр (разияллааху анху)нун артыкчылыктарын сүрөттөп жатып, Билалга ишаарат кылып: «Бул жол башчыбыз Билал – ал Азирети Абу Бакр (разияллааху анху)нун жакшылыктарынын бири. Анткени, ал (разияллааху анху) гана Билал (разияллааху анху)ну эркиндикке чыгарган», – деп айткан.

Азирети Салман, Сухайб жана Билал (разияллааху анхум) бир чогулушта болушканда, Абу Суфян келип калган. Ошондо, алар Алланын кылычтары Анын душмандарынын моюнуна тийбей калган деп айтышкан. Абу Бакр (разияллааху анху) муну укканда, аларды тыйган. Азирети Абу Бакр (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га ушуну айтканда, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) сен аларды таарынтып койдуң окшойт. Эгерде сен аларды таарынткан болсоң, анда, албетте, сен өз Раббиӊди таарынттың деп айткан. Азирети Абу Бакр (разияллааху анху) дароо кайтып келип, ал карапайым сахаабалардан кечирим сураган.

Азирети Али (разияллааху анху)нун рабаяты боюнча Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Билал (разияллаху анху)ну өзүнүн 14 башчысынын катарына кошкон. Ошондой эле, бир учурда ал (саллаллааху алайхи ва саллам) шейиттер жана азанчылардын жол башчысы, Билал кандай сонун адам, кыямат күнү Билалдын баарынан моюну узун болот, Билалга бейиште бир ургачы-төө берилет жана ал ага минип жүргөн болот деп да айткан. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Билал (разияллааху анху)нун аялына Билал мага таандык кандай гана нерсени сага жеткирбесин, албетте, чындык эле болот. Сен Билалга эч качан таарынбагын, болбосо Билалды таарынткан мезгилиӊдеги эч бир иш-амалың кабыл болбойт деп айткан.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Билал (разияллааху анху)га: «Эй, Билал! Молчулукка караганда жакырчылыкта өлгөнүң жакшы. Антпесе, от турак жайың болот», – деп айткан. Башкача айтканда, сурап келген эч бир муктаж адамды айдабагын. Байлыкты сарптабай, жалаң топтой берүүӊ да туура эмес. Билал (разияллааху анху) төшөктө жаткан маалда: «Эй, Алла! Менин каталарымды кечиргин жана кемчиликтерим тууралуу мени алсыз адам деп эсептегин» – деген дубаны суроочу.

Азирети Билал (разияллааху анху) 20-хижра жылы Дамаскта же Алепподо каза болгон. Ал (разияллааху анху) каза болгондо, 60 жаштан жогору жаш курагында болчу.

Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам)дын экинчи Халифасы (разияллааху анху) Азирети Билал (разияллааху анху)нун улуу мартабасынан сөз кылып, мындай деп айтат: Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Меккеде төрөлгөн, араб элинде жарык дүйнөгө келген. Анан башка араб урууларын төмөн деп эсептеген Курайш уруусунда төрөлгөн. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) кандайдыр бир башка улутту төмөн деп эсептеген адамдардан эмес болчу.  Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) гректер жана хабаштарды да кудум арабтарды сүйгөндөй эле сүйгөн. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын башка улуттар менен болгон согуштарынын натыйжасында ошол элдердин өкмөттөрү да кулаган. Ошентсе да, аларда Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га карата сүйүү пайда болгон. Азирети Иса (алайхиссалам)дын жолдоочуларында Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га ыйман келтирген кулдар көрсөткөн чыныгы сүйүүнүн эч үлгүсү табылбайт. Алар ал (саллаллааху алайхи ва саллам)га ыйман келтиргенден кийин эч жакка кетпей жанында эле калып калышкан. Билал (разияллааху анху)нун Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га карата сүйүүсү чын болгонбу же жүрөктү жылыткан бир иш-аракет гана болгонбу деген жагдайды карап чыгалы.

Азирети Убада кылынган Реформатор (разияллааху анху) Азирети Умар (разияллааху анху)нун халифалык доорунда Азирети Билал (разияллааху анху)нун азан чакыруу окуясын сүрөттөп, мындай деп айткан: Билал Хабашстандан болгон, арабдар аны көп иштетишкен. Анын арабдар менен эч кандай кандык тууганчылык алака-байланышы да жок болчу. Аталган окуя анын жүрөгүнө кандай таасир эткен? Ал азан айтып бүткөндө, эсинен танып, бир аз мөөнөттөн кийин каза болуп калган деп айтылат. Бул көрүнүш менин назарымда Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын арабдар жана араб эместердин ортосунда эч кандай айырмачылык жок деген билдирүүсүнө кандайдыр бир күбөлүк болчу. Араб эмес улуттар ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын аркасынан көрсөткөн сүйүү-махабат «алардын өз эли Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) аларды сүйгөндөй сүйө албайт» деген ишеничке иш жүзүндөгү эӊ чоӊ күбөлүк.

Хузур-э-Анвар бул өз кожоюнун жана жол башчысын чын жүрөктөн сүйгөн жана Алла Тааланын Таухийдин (жылгыздык) жүрөгүнө отургузуп, анан иш жүзүндө аны ачыкка чыгаруу үчүн үлгүлөрүн калтырган жол башчыбыз Билал (разияллааху анху). Ал биз үчүн жолдомо жана үлгү. Бүгүн ийгилигибиз Таухийдди (Кудайдын жалгыздыгы) орнотуу жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)ды сүйүүдө ошол үлгүлөрдү тууроодо гана. Бул үчүн Алла Таала бизге күч-кубат насип этсин. Бүгүн Азирети Билал (разияллааху анху)нун мүнөзү тууралуу сөз аяктады деп айтты.

Хузур-э-Анвар (аййадахуллаху таъаала би-насрихил-азиз) кутбанын экинчи бөлүгүндө беш маркумду эскерип, гайып жаназа намазын окутаарын жарыялады.

Биринчи эскерилген адам урматтуу Таййиб Яъкуб мырзанын уулу Маулана Таалиб Яъкуб мырза (Тринидад жана Тобагодогу Ахмадия Мусулман Жамаатынын миссионери) болчу. Маркум 8-сентябрь күнү 63 жаш курагында каза болгон. Иннаа Лиллаахи Ва Иннаа Илайхи Раажиъуун. Ал 1979-жылы жашоосун динге арнап, Пакистанга караштуу Рабвах шаарындагы Жамия Ахмадияга окууга кирген. Ал жерден 1989-жылы «Шахид»[3] аттуу дипломду алган. Маркумга дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө чын жүрөктөн кызмат өтөө мүмкүнчүлүгү насип этилди. Анын артында бир уулу, эки кызы жан беш бир тууган  эжеси калышты.

Экинчи эскериле турган адам мурунку Вакил-ул-Маал Саалис[4] жана Мажлис Тахрик-э-Жадиддин президентинин орун басары урматтуу Инженер Ифтихар Али Курайший мырза болгон. Ал 3-июнь күнү 99 жаш курагында каза болгон. Иннаа Лиллаахи Ва Иннаа Илайхи Раажиъуун.

Маркумга мамлекеттик кызматтан бошогондон кийин 1983-жылы жашоосун динге арнап, бир топ кызматтар менен алектенип кызмат өтөө мүмкүнчүлүгү насип этилген.

Үчүнчү эскерилген адам Рабвах шаарындагы Садар Амумий кеңсеси[5]нин мурунку президенти Хакийм Хуршийд Ахмад мырзанын аялы урматтуу Разия Султана айым болгон. Маркум Мусия[6] болгон. Ал 81 жаш курагында каза болгон. Иннаа Лиллаахи Ва Иннаа Илайхи Раажиъуун.

Анын артында бир кызы калды.

Төртүнчү эскерилген адам Наиб Назир Байт-ул-Маал Кадиян[7] урматтуу Мухаммад Тахир Ахмад мырза болгон. Ал 28-май күнү боор рагы оорусунун айынан 57 жаш кургында Кадияндагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын «Нур» аттуу ооруканада каза болгон. Иннаа Лиллаахи Ва Иннаа Илайхи Раажиъуун.

Маркумга 1989-жылдан тартып, көз жумганына чейин 31 жыл бою Жамаатыбыздын түрдүү мекемелеринде кызмат өтөө мүмкүнчүлүгү насип этилди. Маркумдун артында карыган ата-энесинен тышкары аялы жана эки уулу калышты.

Кийинки эскерилген маркум Ганадагы Интернэшнл Жамия Ахмадиянын мугалим урматтуу Мырза Халил Ахмад Бег сахибдин уулу урматтуу Акийл Ахмад болгон. Ал Пакистанга кеткен болчу. Ал жерде кыска мөөнөттүк оорудан кийин 13 жаш курагында Кудайдын тагдырынан улам көз жумган. Иннаа Лиллаахи Ва Иннаа Илайхи Раажиъуун.

Хузур-э-Анвар Алла Таала маркумдун даражаларын жогорулатып, ата-энесине жана эже-карындаштарына оор жоготууну көтөрүү үчүн күч-кубат тартууласын деп тиледи.

Хузур-э-Анвар кутбанын аягында мындай деди: Азыркы күндөрдө каза болгондордун сөөктөрү жаназа намазы үчүн бул жерге алып келинбейт. Ошондуктан, көптөгөн адамдар жаназа намазын окутууга өтүнүч арыздары менен кайрылышат. Убакыттын тартыштыгынан улам, бардык маркумдар тууралуу айтып берүү мүмкүн эмес. Ошондуктан, аттарын айтпастан, мен бул жерде окуткан жаназа намазында алардын баары киргизилет деп айтып кетейин. Алла Таала алардын баарын кечирип, тууган-туушкандарына сабырдуулук тартууласын жана алардын жакшылыктарын улантып турууга күч-кубат насип этсин. Аамийн

٭…٭…٭

[1] Тахрик-э-Жадид системасы үчүн түзүлгөн атайын комитет.

[2] «Эки эӊ туура» деген маанини билдирет жана «Сахих Бухарий» менен «Сахих Муслим» деген эки эң ишенимдүү хадис китеби «Сахийхайн» деп аталат.

[3] Жамия Ахмадияны бүтүрүүчүлөргө тапшырыла турган дипломдун аталышы.

[4] Эл Аралык Тахрик-э-Жадид системасындагы каржылык боюнча үчүнчү өкүлчүлүктүн жетекчиси.

[5] Пакистандагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын борбору Рабвах шаары жана айлана-чөйрөсүнө диний жактан көз салуу максаты менен түзүлгөн кеңсе.

[6] Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам) ишке ашырган каржылык курманчылык боюнча осуят системасынын мүчөсү.

[7] Кадиянда (Индия) Ахмадия Мусулман Жамаатынын штаб-квартирасынын каржылык кеңсесинин жетекчисинин орун басары.

Share via