Эң мыкты инсандар: Азирети Убайда бин Жаррах (разияллаху анху) • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

Эң мыкты инсандар: Азирети Убайда бин Жаррах (разияллаху анху)

мечитте окулган жума кутбасы

2020-жылдын 9-октябрында Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз) окуган жума кутбасынын кыскача маани-мазмуну

АшрахМушбашшарах[1]ка кирген Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын улуу мартабалуу сахаабасы Азирети Убайда бин Жаррах (разияллааху анху)нун улуу мүнөзүнүн жагымдуу баяны

Азирети Амар бин Аас (разияллааху анху) жетектеген Ислам кошууну Палестина шаарларын багындырып алып, Иерусалимди курчоого алганда, Азирети Абу Убайда (разияллааху анху)нун кошууну да аларга келип кошулган

Ал (разияллааху анху) 18-хижра жылы 58 жаш курагында көз жумган

Үч маркумПакистанга караштуу Пешавар районунун тургуну Фазлуддин Хатак мырзанын уулу профессор Доктор Наъиймуддин Хатак мырза (шейит), Мухаммад Саадык мырзанын уулу урматтуу Усама Саадык (Германдиядагы Жамия Ахмадиянын студенти) жана Улуу Британиядагы Жамия Ахмадиянын мугалими урматтуу Салийм Малик мырзанын эскерилүүсү жана гайып жаназа намазы

2020-жылдын 9-октябрында, башкача айтканда, 1399-хижра жылынын 9-Ахаа күнү Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала бинасрихил азиз) Англияга караштуу Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинде окуган жума кутбасынын кыскача маани-мазмуну

2020-жылдын 9-собтябрь күнү Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала бинасрихил азиз) Англияга караштуу Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинде жума кутбасын окуду. Ал кутба Эл аралык МТА (Ахмадия Мусулман Телевидениясы) аркылуу бүткүл дүйнөгө көрсөтүлдү. Азан айтуу бактылуулугу урматтуу Раана Атаур-Рахийм мырзага насип этилди.

Ташаххуд, Таъввуз жана «Ал-Фаатиха» сүрөөсүн окугандан кийин Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын Бешинчи Халифасы (Алла Таала Өзүнүн күчтүү жардамы менен аны колдосунмындай деп айткан:

Өткөн жума кутбасында Азирети Абу Убайда (разияллааху анху) жөнүндө сөз болуп жаткан, анын калган бөлүгү бүгүн айтылып берилет. Сирияда эң чоң казат хижранын 15-жылы Ярмук дарыясынын жээгинде болгон. Аталган согушта римдиктердин саны эки жүз элүү миӊ, ал эми мусулмандардын саны отуз миңге жакын болчу. Алардын бир миңи Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сахаабасы жана жүзгө жакыны «Бадр» согушуна катышкан сахаабалары болушкан. Мусулмандар алдын ала стратегиянын негизинде өз аскерлерин Хомс аймагынан чакырып алышкан жана ал жердеги христиан калкынан алган миллиондогон суммадагы салыкты аларга кайтарып беришкен. Мусулмандардын адилеттүүлүгү ал христиандарга катуу таасир тийгизген. Экинчи жагынан, Хомстон мусулмандардын артка чегинүүсүнө байланыштуу римдиктердин кайраттуулугу ого бетер күчөгөн. Согуштун алдында Рим генералы Бахан өзүнүн Жорж аттуу элчисин мусулмандарга жиберген, ал Азирети Абу Убайда (разияллааху анху)га бир нече суроо берген. Анын суроосуна жооп кылып, Азирети Абу Убайда (разияллааху анху) мусулмандардын Азирети Иса (алайхиссалам)га болгон ишенимин баяндаганда, ал элчи Масийхтин мүнөздөрү дал ушундай болгон деп мусулман болуп калган.

Азирети Абу Убайда (разияллааху анху) алгач христиан аскерлерин Ислам динине чакырган, анан алардын баш тартуусуна байланыштуу согушка даярдык көрө баштаган. Ислам кошуунунда аскерлерге суу ичирүү жана жарадарларга кам көрүү үчүн мусулман аялдар дагы катышышкан. Азирети Абу Убайда (разияллааху анху) согуш алдында аялдар менен эркектерге кээ бир насаат сөздөрүн айткан. Душмандын аскерлеринин алдында алтындан жасалган крест болгон. Ошондой эле, алардын курал-жарактарынын жаркырагандыгы алардын көздөрүн уялтып жиберчү. Рим армиясы башынан аягына чейин темир сооту менен курчалган болчу. Христиан пасторлору Инжилдин үзүндүлөрүнөн окуп берип, аскерлерге дем беришчү. Алар буга чейин мусулман армиясында бар болгон сахаабаларды билип алышкан болчу. Ошондуктан, Рим жаачылары бир дөбөдөн сахаабаларды бутага алышкан. Ушундай кырдаалда Икарма (разияллааху анху) Азирети Абу Убайда (разияллааху анху)дан сахаабалардын ордуна 400 жаш аскерге Рим аскеринин так ортосуна кол салууга мүмкүнчүлүк берүүсүн суранган. Азирети Абу Убайда (разияллааху анху) жогорудагы сунушка андай жол менен барган жаштардын бардыгы өлтүрүлөт деп тынчсыздангандыгын билдирген. Ошентсе да, Икарма (разияллааху анху)нун кайра-кайра басымдуулук жасаганына байланыштуу Азирети Абу Убайда (разияллааху анху) уруксат берген. Ошондо, жаш аскерлер ушунча күч менен кол салышкан, Рим армиясы артка чегинүүгө аргасыз болгон. Бул согушта жаштардын көпчүлүгү шейит болушкан. «Ярмук» согушунда үч миңге жакын мусулмандар шейит болушкан, ал эми 80000 каапыр «Ярмук» дарыясына чөгүп өлүшкөн. Ошондой эле, 100000 аскерди мусулмандар согуш майданында өлтүрүшкөн.

«Ярмук» согушунда мусулмандардын жанын аябагандыгы жөнүндөгү бир окуяны баяндап жатып, Азирети Убада кылынган Реформатор (разияллааху анху) мындай деп айтат: согуштун аягында Азирети Икарма (разияллааху анху) жана анын он эки шериги кыдырылып көрүлгөндө, бир мусулман жоокер Икарма (разияллааху анху)нун абалы оор экендигин көрүп, ага суу сунуштаган. Ал (разияллааху анху) жакын жерде жаткан Азирети Фазл бин Аббаас (разияллааху анху)ну көрүп, мен Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га катуу каршылык көрсөткөнүмдө, ага жардам бергендердин урпактары суусап өлүп жатышса, ал эми мен суу ичип тирүү калсам, буга менин намысым чыдай албайт деп айткан. Ал мусулман жогорудагы сөздү угуп, Азирети Фазл бин Аббаас (разияллааху анху)нун жанына барганда, ал андан да муктаж болгон жарадарды көрсөтүп, а дегенде ага суу бер деген. Ошентип, бардык жарадарлар башкасын көрсөтүп жатышты, анан ал акыркы жаракат алган адамга келгенде, ал каза болуп калган эле. Ал катар менен кайра мурункуларга кайтып келип, Икрама (разияллааху анху)га келген, бирок алардын бардыгы өлүп калышкан болчу.

Ар кандай диндердин жолун жолдогон Сирия калкы Азирети Абу Убайда (разияллааху анху)нун адилеттүү мамилелерин көрүп, Ислам динине кошулушкан. «Ярмуктун» жеңишинен бир нече күн мурун Азирети Абу Бакр (разияллааху анху) көз жумган. Азирети Умар (разияллааху анху) Халифа болуп шайлангандан кийин Сириянын көзөмөлүн жана аскерлердин башчылыгын Азирети Абу Убайда (разияллааху анху)га тапшырган. Азирети Абу Убайда (разияллааху анху) бул дайындоо катын алган учурда, согуш кызуу жүрүп жаткан болчу. Ошондуктан, Абу Убайда (разияллааху анху) көңүлү чөгүп кетпесин деген коркунучка байланыштуу бул кабарды Азирети Халид бин Валийд (разияллааху анху)га айткан эмес. Согуштан кийин Халид (разияллааху анху)нун кошууну Иракка жөнөмөкчү болгондо, ал (разияллааху анху) адамдарга Абу Убайда (разияллааху анху) жөнүндө ушул үммөттүн Амийнинин (ишенимдүүсүнүн) силерге башчы болуп дайындалгандыгына сүйүнүшүңөр керек деп айткан. Ошондо Азирети Абу Убайда (разияллааху анху) мен Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дан Халид бин Валийд Кудайдын кылычтарынын бири дегенин уккам деп айткан.

Хузур-э-Анвар жогорудагы окуяга түшүндүрүмө берип, мындай деп айткан: кыскасы, ошентип эки лидер сүйүү жана сый-урматтоо чөйрөсүндө бири-биринен ажырашкан. Атактуулук, жетекчилик жана кызматка умтулуунун жоктугу гана момундун такыбасы. Алардын түпкү максаты – Кудайдын падышачылыгын дүйнөдө орнотуу гана болот. Демек, бул адамдар биз үчүн өрнөктүү үлгү болушат, ар бир кызматкер, ал тургай, ар бир Ахмадий мусулман муну өзүнө үлгү кылуусу керек.

Азирети Амар бин Аас (разияллааху анху)нун жетекчилиги астында Ислам кошууну Палестинанын шаарларын багындырып, Иерусалимди курчоого алганда, Азирети Абу Убайда (разияллааху анху)нун кошууну да аларга келип кошулган. Чепте камалып калгандыгынан тажаган христиандар Азирети Умар (разияллааху анху) өзү келип, тынчтык келишимин түзсүн деген шарт менен элдешүүнү сунушташкан. Азирети Умар (разияллааху анху) Хижранын 16-жылы Рабиъул-Аввал айында элдешүү үчүн Мединадан жетип барган. Ал (разияллааху анху) Абу Убайда (разияллааху анху)нун жашаган жерине келген. Үйүндө кылыч, калкан, төшөк жана бир табактан башка эч нерсеси жок болчу. Ошол эле учурда, Азирети Билал (разияллааху анху)нун ыйманды күчтөндүргөн азан чакыруу окуясы да туш келген.

Хижранын 17-жылы римдиктер Сирияны мусулмандардан кайтарып алуу үчүн акыркы аракетин жасашкан. Түндүк Сирия, Аль-Жазира, түндүк Ирак, Армениянын күрттөрү, бедуиндери, христиандары жана ирандыктар Геркулеске кайрылып, мусулмандарга каршы көмөк берүүсүн суранышкан. Бул учурда Азирети Умар (разияллааху анху)нун көрсөтмөсү менен Азирети Саъд бин Аби Вакаас (разияллааху анху) Куфадан кошумча аскерлерди жардам катары жөнөткөн. Ага карабастан, Рим кошууну менен мусулман аскерлеринин ортосунда чоң айырмачылык бар болчу. Азирети Абу Убайда (разияллааху анху) жоокерлерге кайрылып, бир жалындуу кайрылуу жасаган. Бул жеңилүүдөн кийин Цезарь Сирияга карай жылууга эч качан батына алган эмес.

Рамлахтан Иерусалимге чейинки алты чакырым аралыкта «Таъаун Амваас» деп аталган бир кыштак жайгашкан. Бул жерде Азирети Умар (разияллааху анху) Азирети Абу Убайда (разияллааху анху) жана анын аскерлери менен жолугушуп, алардан Сириянын аймактарында чума оорусунун жайылып кеткендиги жөнүндө кабар алган. Ушундай кырдаалда өз ара кеңешүүнүн негизинде андан ары алгалоонун ордуна кайтып кетүү чечими чыгарылган. Бул учурда Азирети Абу Убайда (разияллааху анху) Азирети Умар (разияллааху анху)га кайрылып: «Алланын тагдырынан кутулуу мүмкүнбү?» – деп сураганда, Азирети Умар (разияллааху анху) биз Алланын бир тагдырынан башкасына карай барып жатабыз деп жооп кайтарган. Азирети Убада кылынган Реформатор (разияллааху анху) мындай деп түшүндүргөн: Алланын бир өзгөчө жана бир жалпы чечими бар. Ошондуктан, Азирети Умар (разияллааху анху) мен Алла Тааланын чечиминен качкан эмесмин, жок, мен Анын бир чечиминен башка чечимине кетип баратам деген.

Азирети Умар (разияллааху анху) кайтып келип, кандайдыр бир тынчсыздыкты сезип, Азирети Абу Убайда (разияллааху анху)ну чакырткан, бирок чуманын жайылып кетүү коркунучун эске алып, ал (разияллааху анху) кайтып келген эмес жана өзүнүн аскерлеринин арасында эле калган. Мусулман аскерлердин бирөөсү чума оорусунан улам шейит болгондо, Азирети Абу Убайда (разияллааху анху) ыйлап, Алладан шейиттикти тилечү. Акыр аягында, ал (разияллааху анху) Хижранын 18-жылы 58 жаш курагында көз жумган.

Хузур-э-Анвар кутбанын экинчи бөлүгүндө үч маркумду эскергенден кийин гайып жаназа намазын окутаарын жарыялады.

Биринчи эскерилген адам Пакистанга караштуу Пешавар районунун тургуну Фазлуддин Хатак мырзанын уулу профессор Доктор Наъиймуддин Хатак мырза болчу. Аны Жамаатыбыздын каршылаштары 5-октябрь күнү Пешаварда аткылап шейит кылышты.  Иннаа Лиллаахи Ва Иннаа Илайхи Раажиъуун.

Маркум Микро чөйрө биологиясы илимдеринин кандидаты болгон жана «Супириор Сайнс Колледжинде» профессор болгон. Шейит маркум боорукердик жана меймандостук сыяктуу көптөгөн жакшы сыпаттарга ээ болгон. Ошондой эле, Жамаатыбызга кызмат кылуу максаты менен коопсуздук иштерине да катышчу. Анын артында аялынан тышкары үч кызы жана эки уулу калышты.

Экинчи эскерилген адам Мухаммад Саадык мырзанын уулу урматтуу Усама Саадык (Германиядагы Жамия Ахмадиянын студенти) болчу. Маркум жакын өткөн күндөрдө Райн дарыясына чөгүп, 20 жаш курагында каза болгон. Иннаа Лиллаахи Ва Иннаа Илайхи Раажиъуун.

Маркум аз сүйлөгөн, жөнөкөй жана токтоо мүнөздүү, сыйынуу жана дааватка кызыккан адам болгон. Анын артында ата-энесинен тышкары алты бир тууганы калышты.

Үчүнчү эскерилген адам Салийм Ахмад Малик мырза болчу. Ал 24-сентябрь күнү 87 жаш курагында каза болгон. Иннаа Лиллаахи Ва Иннаа Илайхи Раажиъуун.

Маркум билим берүү тармагында иштеп, геологиялык химия предметинин профессору болгон. Ал пенсияга чыккандан кийин Жамия Ахмадияда мугалим болуп кызмат өтөгөн. Улуу Британиядагы Жамия Ахмадияны куруу үчүн түзүлгөн баштапкы комитеттин мүчөсү болгон. Ошондой эле, Улуу Британиядагы Жамия Ахмадиянын ачылышында башкы администратор кызматына дайындалган. Маркумга Англиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатында таалим-тарбия катчысы, тышкы иштер боюнча катчы жана ар кандай башка бөлүмдөрдө кызмат өтөө насип этилген. Анын артында аялынан тышкары үч кызы жана неберелери калышты.

Хузур-э-Анвар (аййадахуллаху таъаала би-насрихил-азиз) бардык маркумдардын кечирилүүсү жана даражаларынын жогорулоосу үчүн дуба кылып, Алла Таала булардын балдары жана тукумдарына чын жүрөктөн Халифат жана Жамаат менен тыгыз алака-байланышта болуу мүмкүнчүлүгүн тартууласын деди.

٭…٭…٭

[1] Ушул дүйнөдө эле Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) тарабынан бейишке кирүү сүйүнүчү берилген он сахааба «Ашрах-Мубашшарах» деп аталышат.

Share via