Күлкү-мазактоо жыйынынан туруп кеткиле • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Күлкү-мазактоо жыйынынан туруп кеткиле

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19 айт курман орозо майрам Англия Лондон Жыйын аял аялдар айым айымдар гүлдөр

Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам) мындай деп айтат:

«Биздин динибиз ушул жана момундун ыкмасы ушундай болушу керек, сүйлөгөндө, толук сүйлөсүн, болбосо унчукпай отурсун. Кайсы бир жыйында Аллахты жана Анын Элчисин шылдыңдап жатышканын көргөнүӊөрдө, алардын катарына кошулбоо үчүн ал жерден кетип калгыла же ачык-айкын жооп кайтаргыла. Жооп берүү же унчукпоо деген эки нерсе бар. Үчүнчү ыкма – бул эки жүздүүлүк. Башкача айтканда, жыйында отура берип, алардын айткандарына кошула берүү, бүдөмдүүлүк тил менен жашыруун түрдө өз акыйдасын (ишенимин) билдирүү –(бул эки жүздүүлүк)». (Малфузаат, 10-том, 130-бет, 1984-жылдагы басылыш)

Анан ал (алайхиссалаам) дагы мындай дейт:

«Силер Аллах Тааладан дуба кылуу менен илим-билим сураганыңар абдан маанилүү. Ансыз эч качан кемчиликсиз ишенимге жете албайбыз. Алла Тааладан бөлүнүүдө кандайдыр бир өлүм бар экендигин билгениӊерде гана ага (кемчиликсиз ишенимге) жетүүгө болот. Күнөөдөн сактанууга дуба кылууӊар менен бирге, бир катар чараларды көрүүнү да унутпагыла. Күнөө кылууга түрткү боло турган бардык жыйындар жана чогулуштардан баш тарткыла жана ошол эле учурда дуба кылып тургула. Бир нерсени жакшы билгиле, Аллах Тааланын тагдырынын чечими менен адамдын башына түшкөн балээ-кырсыктардан Алла Тааланын жардамы коштомоюнча, эч кутулууга болбойт». (Малфузаат, 7-том, 123-бет, 1984-жылдагы басылыш)

Share via