Адам баласы сөгүнүүлөрдү угуп да, унчукпай, сабыр кылуусу керек.
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Сөгүнүүлөрдү угуп, унчукпагыла

таза жана мыкты адеп-ахлактар

Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам) мындай деп айтат:

«Бул Жамаатты даярдоонун максаты – тилге, кулакка, көзгө жана ар бир органга (мүчөгө) такыбалык сиңип кетсин. Такыбалыктын нуру анын ичинде дагы, сыртында дагы болсун. Эӊ мыкты адеп-ахлактардын бийик үлгүсү болсун. Эч кандай негизсиз ачуулануу жана кыжырлануу болбошу керек. Мен ачуулануу кемчилигин Жамаатыбыздагы адамдардын көпчүлүгүндө дагы деле бар экендигин көрөм. Майда-барат себептерден улам кастык жана кектик пайда болуп, өз ара жаӊжалдашышат. Андай адамдардын Жамаатыбыз менен тиешеси жок. Мен түшүнбөйм, эгер кимдир бирөө сөгүнсө, ошондо экинчисинин унчукпай же жооп бербей коюсунун кандай кыйынчылыгы бар? Ар бир жамааттын биринчи реформасы адеп-ахлактан башталат. Алгач сабыр жана чыдамдуулук менен тарбияланышы керек жана эң мыкты стратегия – эгер кимдир бирөө ага оройлук кылса, ал үчүн Аллах Таала оңдоосун чын жүрөктөн тилеши керек жана жүрөктөгү таарынычты эч качан көбөйтпөсүн… Аллах Таала жумшактык, сабырдуулук жана кечиримдүүлүк сыяктуу эң жакшы сыпаттардын жапайычылык менен алмашышын эч жактырбайт. Эгер силер ушул сонун касиеттерди өрчүтсөңөр, анда бат эле Алла Таалага жетесиӊер». (Малфузаат, 7том, 127128-бет, 1984-жылы басылган нуска)

Алла Тааланын жашыруучу сыпатын туткула

Азирети Маулвий Абдул Карим Сахиб Сиалкотий (разияллааху анху) мындай деп жазат:

«Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын үйүнөн бир аял күрүч уурдап кеткен. Ууру коркок болгондуктан, анын дене мүчөлөрүндө бир өзгөчө тынчсыздануу пайда болуп, ары жакты бери жакты кароосу да өзгөчө болот. Башкача айтканда, эгер ал уурдаса, анда анын иш-аракеттери башкача болуп калат. Көзү өткүр бирөө аӊдып алып, аны кармап алат. Ал ошол жерде болчу. Ал кыраакы көзү менен көрүп, бир нерсе болгонун шектенип, ызы-чуу чыгарды. Анын колтугунан он беш килограммга жакын бир боо күрүч чыгып, аны жемелеп, сөгө башташкан. Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам) дагы кандайдыр бир себептер менен ушул жерге келип, эмне болгонун сураганда, эл ага айтып берген, окуянын чоо-жайын угуп, ал (алайхиссалам) мындай деген:

«Ал муктаж, ага бир аз берип койгула жана оройлук кылбай, Кудай Тааланын жашыруучу[1] атрибутун (сыпатын) туткула». (Азирети Шейх Яъкуб Али Сахиб Ирфаний: «Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам)дын өмүр баяны», 1-том, 101-бет)

**************

[1] Алла Тааланын «Ар-Рахман» (Мээримдүү), «Ар-Рахийм» (Ырайымдуу) сыяктуу эле «Саттаар» (жашыруучу) деген сыпаты да бар.

Share via