Кызуу кандуулукка берилбегиле
Анан ошол экинчи шартта «кызуу кандуулуктар учурунда ага берилбейт» дегенге да көңүлүбүз бургузулду. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) мындай дейт:
«Алла Таала:وَ الَّذِیۡنَ ہُمۡ لِفُرُوۡجِہِمۡ حٰفِظُوۡنَдеген аятта баяндаган даража руханий дененин төртүнчү даражасы. Тактап айтканда, үчүнчү даражадан өткөн момундар – кызуу кандуулуктар жана тыюу салынган жыныстык сезимдерден өздөрүн сактай тургандар. Бул даражанын үчүнчү даражадан артык экенинин себеби, үчүнчү даражадагы момун өзүнө абдан сүйүктүү жана азиз болгон мал-мүлктү Алла жолунда сарптайт, бирок төртүнчү даражага ээ болгон момун өзүнө мал-мүлктөн да сүйүктүү жана азиз болгон нерсе – жыныстык каалоолорун Алланын жолунда курман кылат. Адам баласы өзүнүн жыныстык каалоолорун ушунчалык катуу сүйөт: ал өзүнүн жыныстык кумарын кандыруу үчүн өзүнө абдан азиз болгон мал-мүлктү суудай сарптайт жана ошол максатка жетүү үчүн миңдеген акчаларды[1] текке кетирет, ошондой эле мал-мүлктү арзыбаган нерсе деп билет. Байкоолор көрсөткөндөй, өзүндөгү катуу сараңдык айынан кандайдыр бир муктаж, ачка жана жылаңачка бир тыйын бере албай турган ыпылас табияттуу жана сараң адамдар жыныстык каалоолорго берилип, сойкуларга миңдеген акча[2] коротуп, өз үйлөрүн талкалап салышат. Демек, белгилүү болгондой, жыныстык каалоолордун сели ушунчалык күчтүү жана тез: сараңдык өңдүү ыпыластыкты да агызып алып кетет. Ошондуктан, адамзаттын сараңдыгын кетирип, өзүнө азиз мал-мүлктү Алла Тааланын жолунда сарптоого адамды мажбур кыла турган ыйман күчүнөн көрө адамзатты жыныстык кумардын селинен сактай турган ыйман күчү өтө зор жана шайтан менен алышууда өтө бекем жана өтө туруктуу. Анткени, анын милдети – Нафси Аммаара[3] өңдүү эски ажыдаарды өзүнүн бут астында басуу. Ал эми сараңдыкты жыныстык каалоолор эргигенде, ошондой эле кожо көрсүндүк жана көргөзмө учурунда да кетирсе болот. Бирок жыныстык кумардануунун күчөшүнөн пайда боло турган бул топон абдан катуу жана түбөлүктүү топон. Ал Алла Тааланын ырайымынан башка эч нерседен жоголбойт. Алла Тааланын ырайымдуулугу аркылуу ошондой душман менен узак алышып, аны талкалоо үчүн, денедеги бардык мүчөлөрдүн арасында сөөк эң катуу жана өмүрү узак болгондой, ушул топонду жоготуучу ыйман күчү дагы абдан катуу жана түбөлүктүү. Себеби, жыныстык каалоолор топону ушунчалык айбаттуу жана ээ-жаа бербеген топон: ал Алла Тааланын өзгөчө ырайымдуулугусуз жоголбойт. Ошол үчүн Азирети Юсуф (алайхиссалаам):وَ مَاۤ اُبَرِّیٴُ نَفۡسِیۡ ۚ اِنَّ النَّفۡسَ لَاَمَّارَۃٌۢ بِالسُّوۡٓءِ اِلَّا مَا رَحِمَ رَبِّیۡ– деп айтууга мажбур болду.
Котормосу: Мен өзүмдү таза деп билбеймин, напси абдан көп жамандыкка буюруучу жана анын чабуулунан кутулууга болбойт, бирок эгер Кудай Тааланын Өзү ырайым кылса, анда
бул башка кеп (12:54).
Маселен: ушул аятта «иллаа маа рахима Раббий» деген сүйлөм бар. Нух (алайхиссалаам)дын топонун эскерип жатканда дагы ошого окшош сөздөр колдонулган. Себеби, ал жерде Алла Таала мындай деп айтат:لَا عَاصِمَ الۡیَوۡمَ مِنۡ اَمۡرِ اللّٰہِ اِلَّا مَنۡ رَّحِمَДемек, бул «ушул жыныстык кумардануулар топону өзүнүн бийиктиги жана айбатында Нух топонуна окшош» деген нерсеге ишаарат кылат». («Руханий хазаайин», 21-том, «Бараахийн–э–Ахмадия хисса панжум», 205-206-бет)
Кыскасы, кумардануулар дайыма силерди жеңүүгө аракет кылат, ошол үчүн андан дайыма сактангыла, Алла Тааладан ырайымдуулукту сураган бойдон алардан оолак болгула деп айтты. Мына ушул доордо анын бир топ башка жолдору да ачылып калды. Ошондуктан, мурдагыдан да көбүрөөк дуба суроо керек, Алла Таалага ийилип, Андан ырайым суроо лаазым.اَلَا لِلّٰہِ الدِّیۡنُ الۡخَالِصُ ؕ وَ الَّذِیۡنَ اتَّخَذُوۡا مِنۡ دُوۡنِہٖۤ اَوۡلِیَآءَ ۘ مَا نَعۡبُدُہُمۡ اِلَّا لِیُقَرِّبُوۡنَاۤ اِلَی اللّٰہِ زُلۡفٰی ؕ اِنَّ اللّٰہَ یَحۡکُمُ بَیۡنَہُمۡ فِیۡ مَا ہُمۡ فِیۡہِ یَخۡتَلِفُوۡنَ ۬ؕ اِنَّ اللّٰہَ لَا یَہۡدِیۡ مَنۡ ہُوَ کٰذِبٌ کَفَّارٌКотормосу: Сак болгула! Калыс-нукура дин гана Аллага ылайык. Ал Заттын ордуна башкаларды дос кылып алгандар: «Алар бизди Аллага жакындаштырган бойдон жакындыктын бийик мартабасына жеткирип коюшу үчүн гана биз аларга ибадат кылабыз», – (дешет). Албетте, алар талашып-тартышып жаткан нерселер туурасында Алла алардын ортосунда өкүм кылат. Алла жалганчы (жана) шүгүрсүздү эч качан хидаят кылбайт. («Аз-Зумар» сүрөөсү: 4)
Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) мындай дейт:
«Тоорат, Инжил жана Куран – үчөө тең бар экендигине күбө болгон Кудайга гана ыйман келтиргиле. Бар экендигине ошол үч китеп биргеликте күбөлүк бербеген эч бир кудайды өзүңөр жаратпагыла. Акыл жана дил күбөлүк берген, ошондой эле Алла Тааланын китептери пикирлеш болгон нерсеге гана ыйман келтиргиле. Алла Тааланын китептеринде карама-каршылык чыгара турган ыкма менен Алла Таалага ыйман келтирбегиле. Зынаа кылбагыла, жалган сүйлөбөгүлө, жаман көз менен карабагыла, ошондой эле ар бир фаасыктык, күнөө, зулумдук, кыянатчылык, баш аламандык жана чыккынчылык жолдорунан абайлагыла. Кызуу кандуулук учурунда ага берилбегиле жана беш маал намазга жыгылгыла, анткени беш ыкмада гана адамдык табиятка ыңкылап келет. Ошондой эле ардактуу Пайгамбарыңарга рахмат айткыла жана ага Салаваатты[4] жолдогула, анткени ал гана караңгылык доорунан кийин кайрадан Алла Тааланы таануу жолун үйрөткөн».
Дагы мындай деди:
«Булар – ушул Жамаат үчүн өзгөчө белги-жышаандар сыяктуу болгон менин Жамаатымдын принциптери. Адамдык боорукерлик, адамзатка зыян келтирбөө жана акимдерге каршылык көрсөтпөөгө бул Жамаат канчалык басым жасаса, башка мусулмандарда ал такыр кезикпейт. Өздөрүнүн чексиз каталары себебинен алардын принциптери башкача, ушул жерде аларды баяндоонун кереги да жок, орду да жок». («Руханий хазаайин», 15-том, Замийма «Тирякул-Кулууб», 524-526-бет)
_________________________________________
[1] Бул жерде Рупий сөзү колдонулган.
[2] Бул жерде Рупий сөзү колдонулган.
[3] 1) Кайра-кайра буюруучу; 2) Адамды жаманчылыкка буюруучу күч.
[4] Алла Тааладан Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)га берекелер жана тынчтыкты тилөө.