Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссаллам) аркылуу жүз берген руханий ыңкылап
Мындан кийин мен төмөнкүлөрдү баяндамакчымын: Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам)дын Жамаатына кошулуп, ага Байъат кылып, ошол он Байъат шартынын негизинде байланган келишимдин шарттарына амал кылындыбы, баш ийүүчүлүк үлгүсү көрсөтүлдүбү же: «Биз ушул шарттардын негизинде Байъат кылабыз», – деп куру сөз эле сүйлөнгөнбү? Бул жөнүндө мен бир топ үлгүлөрдү көрсөтөмүн, андан Байъат кылгандар өздөрүндө кандайча руханий өзгөрүүлөр жана руханий ыңкылаптар пайда кылгандыгынан кабардар болобуз. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам)дын доорунда да, ушул доордо да биз ошондой өзгөрүүлөргө күбө болуудабыз.
Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам) мындай дейт: «Мен касам ичип айтамын: кеминде жүз миң ушундай адам менин Жамаатымда бар: алар чын жүрөктөн мага ыйман келтиришти жана жакшы иштерди жасашат, (насаат) сөздөрдү угушканда, ушунчалык ыйлашат: алардын жакалары суу болуп кетет». («Сийратул-Махдий», 1-том, 165-бет, экинчи басылыш, 1935-ж.)