Бангладештеги Ахмадия Мусулман Жамаатынын 92-Жалса Саланасы (Жылдык Жыйын) аягына чыгууда
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Бангладештеги Ахмадия Мусулман Жамаатынын 92-Жалса Саланасы (Жылдык Жыйын) аягына чыгууда

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси, Азирети Мырза Масрур Ахмад Лондон шаарынан түз эфир аркылуу соңку кайрылуусун жасады

2016-жылдын 7-февралында Бангладештеги Ахмадия Мусулман Жамаатынын 92-Жалса Саланасы (Жылдык Жыйын) Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын 5-халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала ага Жардамчы болсун) жасаган ыймандарды күчтөндүрүүчү жана толкундатуучу кайрылуусу менен аяктады.

Ал киши соңку сессияга Лондон шаарында жайгашкан «Байтул-Футух» мечитинен спутник аркылуу өз кайрылуусун жасады.

5,800 адам Бангладештеги 3 күндүк Жалсага катышышты, ал эми 3,700 адам соңку сессия үчүн Лондон шаарында чогулушкан.

2016-02-07-Jalsa-Bangladesh-002

Өзүнүн кайрылуусунда ал киши Ахмадия Мусулман Жамаатынын Негиздөөчүсү, Убада кылынган Масийх жана Махдий, Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) тарабынан баяндалган Жалса Салананын максат-мүдөөлөрүнөн сөз кылды.

Андан тышкары, ал киши адамдарга жүктөлгөн Алла Тааланын акы-укуктары жана бири-биринин акы-укуктары жөнүндө сүйлөдү.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Кыскача айтканда, Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) баяндагандай, Жалса Салананын түпкү максаты – бул катышкандарда оң руханий өзгөрүштү жаратуу, натыйжада алар өздөрүнүн Жаратуучусуна жакындашышат».

2016-02-07-Jalsa-Bangladesh-003

Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын келүү максаты жөнүндө түшүндүрүп жатып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Азирети Ыйса (алайхиссалаам)дын каза тапкандыгын жана эч ким асмандан келбестигин далилдеп көрсөтүү гана  Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын келүү максаты болгон эмес. Чындыгында, анын келүүсүнүн максаты андан дагы бийик – Алла Тааланын жалгыздыгын түшүнүп, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мыкты үлгүсүн ээрчип, Алла Таала жана пенделердин акы-укуктарын орундата турган адамдарды жаратуу».

2016-02-07-Jalsa-Bangladesh-004

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) дүйнөдө Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын чыныгы макамын орнотуу үчүн келген. Ал дүйнөгө Алла Тааланын жалгыздыгын түшүнүп-билүү жана Аны менен алака-байланыш түзүүнүн жападан-жалгыз куралы болгон инсан Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) гана экенин айтуу үчүн келген».

Ахмадий мусулмандар чын дилден Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын таалимдерин ээрчүү керектиги жөнүндө сүйлөп, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Жалса Саланага катышкандар жана бардык Ахмадий мусулмандар Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын таалимдерине ылайык өмүр сүрүүгө жана ал (алайхиссалаам) кандай максаттар менен дүйнөгө жөнөтүлгөн болсо, ошолорду ишке ашырууга сөз берүүлөрү керек. Антпесе, биз өзүбүз да Исламдын чыныгы таалимдери боюнча үлгү боло аобайбыз жана Исламдын тынчтык таалимдерин жайылтуу боюнча да такыр ийгиликтүү боло албайбыз».

Ал киши көпчүлүк мусулмандар тутунган Азирети Ыйса (алайхиссалаам)дын азыркыга чейин тирүү экендиги деген туура эмес акыйдасы (ишеним) жөнүндө сөз кылды. Ал киши ушул акыйда бүтүндөй жыңылыштык жана Курани Каримдин таалимдерине каршы экенин айтты.

Азирети Мырза Масрур Ахмад Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) бул темада сүйлөп, төмөндөгүдөй сөз кылганын айтып берди:

«Качан мусулмандар Азирети Ыйса (алайхиссалаам) азыркыга чейин тирүү жана асманда отурат деген Курани Каримге каршы келген акыйдасын айтышканда, Христиан поптору Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га каршы негизи жок сын-пикирлерди билдирүү шылтоосун табышат. Алар дароо: «Мына силердин Пайгамбарыңар өлгөн жана ал жердик киши, ал эми Ыйса (алайхиссалаам) тирүү жана ал асмандык киши», – деп айтышат. (Азирети Ыйса (алайхиссалаам) азыркыга чейин тирүү) деген акыйданы тутунуу менен алар пайгамбардардын эң абзели жана бардык пайгамбарлардын мөөрү болгон Пайгамбардын абзелдигин жана мөөр экенин төмөндөтүшпөйбү?»

Өз кайрылуусунун аягында ал киши мындай деди: Курани Карим коомчулуктагы бардык адамдардын акы-укуктарын белгилеген, ошондой эле бардык диндердеги жана ишенимдердеги адамдардын ортосунда тынчтык жана гармонияга негиз салган. Ал киши төмөндөгүдөй пикирин айтты: мусулмандар жана мусулман коомдор мына ошондой мыкты таалимдерден алыстап кетишти.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Өкүнүчтүүсү, мусулман дүйнөсүнүн көпчүлүгү Исламдын тынчтык таалимдерин унутуп жиберишти жана ошондон улам гана мусулман өлкөлөрүндө өтө көп фитна-чагымчылык жайылган. Жарандар жана өкмөттөр бири-бирине каршы согушууда жана ар бир тайпа башкасына зыян келтирүүгө аракет кылууда. Өкмөттөр жарандарга мыйзамсыз талаптарды коюуда жана жарандар өкмөттөргө мыйзамсыз талаптарды коюушууда».

Ал киши мындай деди: Исламдын чыныгы таалимдерин жер жүзүнө жайылтуу жана коомчулуктун бардык деңгээлдеринде тынчтык үчүн күрөшүү Ахмадий мусулмандардын милдети.

2016-02-07-Jalsa-Bangladesh-005

Жалса Салана Азирети Мырза Масрур Ахмад  жетекчилигинде суралган тынч дуба менен аяктады, анда ал киши Ахмадий мусулмандардан адамдар өздөрүнүн Жаратуучусун таанып, бири-биринин акы-укуктарын аткарышына дуба кылууларын суранды.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via