Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Исламдын тынчтык таалимдерин жайылтуу үчүн «Ислам Үнү» радиосун ачты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Исламдын тынчтык таалимдерин жайылтуу үчүн «Ислам Үнү» радиосун ачты

Азирети Мырза Масрур Ахмад радиостанциясын ачканда түз эфир аркылуу эмоциялуу жана тарыхый сөздөрүн сүйлөдү

Ахмадия Мусулман Жамааты өтө чоң кубаныч менен төмөнкүлөрдү билдирет: 2016-жылдын 7-февралында Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын 5-Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала ага Жардамчы болсун) «Ислам Үнү» деген жаңы радиостанциясын ачты.

2016-02-07-VOI-002

Аталган радио жаңылыктар, талкуулар жана учурдагы көйгөйлөр жөнүндө Исламдык көз карашын сунуштайт, ошондой эле Исламдын чыныгы жана тынчтык таалимдерин жайылтат, ал Түштүк-Батыш Лондондогу «Байтул-Футух» мечитинде жайгашкан кеңсесинен күн сайын трансляциялайт.

Азирети Мырза Масрур Ахмад аземди белгилөө үчүн орнотулган эстелик тактасын ачып, Алла Таалага ыраазычылык билдирип, сураган тынч дуба менен радиостанциясы ачылды.

«Ислам Үнүнөн» түз эфир аркылуу угузулган өзүнүн өзгөчө ачылуу сөздөрүндө Азирети Мырза Масрур Ахмад 24 саат бою иштей турган жаңы радиоканалынын максат-мүдөөлөрү жөнүндө токтолду.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Ислам Үнүнүн» максат-мүдөөсү – бул адамдарды Исламдын чыныгы таалимдеринен кулактандыруу жана Исламдын таалимдери ар бир доор жана ар бир адамдын муктаждыктарына бүтүндөй ылайык жана тиешелүү экенин кеңири деңгээлде даңгазалоо. Кудай буюрса, ушул радиону уккан киши Исламдын таалимдери бардык адамзат үчүн тынчтык, сүйүү жана мээримдүүлүк экенин таанып калат».

2016-02-07-VOI-003

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди: «Ислам Үнү» Исламдын таалимдерине ылайык «адамгерчилик деген кабарды» трансляциялайт.

Бул жаатта ал киши Ахмадия Мусулман Жамаатынын Негиздөөчүсү, Убада кылынган Масийх жана Махдий Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын төмөндөгүдөй айтканын мисал катары келтирди:

«Билип койгула, менин назарымда боорукерликтин алкагы өтө чоң. Ошондуктан, эч бир адамды же коомду бөлбөгүлө. Мен бүгүнкү күндөгү сабатсыздарга окшоп: «Силер боорукерлигиңерди мусулмандарга гана чектегиле», – деп айтпайм. Мен: «Силер Алла Тааланын бардык жаратышлышына, мейли хинди болсун же мусулман же башка бирөө, боорукер болгула», – деп айтам. Мен боорукерликти өздөрүнүн коомуна гана чектемекчи болгон адамдардын амалдарын такыр жактырбайм. Демек, мен силерге кайра-кайра насаат кылам: боорукерлигиңердин алкагын эч качан чектебегиле».

Азирети Мырза Масрур Ахмад Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын Ислам дини адамзатка кызмат кылууга басым жасагандыгы жөнүндө дагы бир үзүндүсүн келтирди.

Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай деп айтат:

«Силер өзүңөргө өтө сүйкүмдүү жана баалуу болгон мал-мүлкүңөрдү адамдар үчүн сарп кылмайынча чыныгы жакшылыкка жетише албайсыңар. Жакыр жана жарды адамдардын акы-укуктарын аткарышыңар керек, жана бей-бечараларды сүйүп, алардын муктаждыктарын кандырышыңар керек, ошондой эле өзүңөрдү ар түрдүү зулумдуктан жана ысрапкерчиликтен сакташыңар шарт».

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси мындай деди: жаңы радио мусулмандар өздөрүнүн диний ишенимдерин жана ким экендигин сактаган бойдон Батышка ийгиликтүү аралаша аларын далилдеп көрсөтөт.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Ислам Үнү» Ислам мусулмандарга бардык өлкөлөрдө, бардык доорлордо ар түрдүү топторду алардын өз коомчулуктарында бириктирүүгө, адамзатты тычктыкта чогултууга аракеттенүүнү жана  алардын улуттарынын ийгиликтүү болуусуна жана гүлдөөсүнө жардам берүүнү үйрөтө турган дин деген акыйкатты (фактты) айкындаштырат. Чындыгында, Ислам өзүнүн диний таалимдери жана каада-салтарынын негизинде мусулмандарды мүмкүн болгон эң мыкты ыкмада өздөрүнүн жергиликтүү коомчулуктарына аралашууга чакыра турган дин».

2016-02-07-VOI-004

Өзүнүн кайрылуусунун аягында Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп дуба сурады:

«Алла Таала «Ислам Үнү» радиостанциясын ар жактан берекелүү кылсын, ошондой эле ага анын Исламдын чыныгы жана тынчтык таалимдерин жайылтуу деген милдеттерин аткаруу мүмкүнчүлүгүн берсин».

Аталган радио станциясы күндөлүк жандуу сүйлөшүүлөр, документтүү маалыматтар, талкуулар жана учурлук көйгөйлөр жөнүндөгү радио берүүлөрүн сунуштап, угармандарга маалымат берип, ар кандай диний жана илимий темаларда өздөрүнүн ой-пикирлерин алмаштыруу мүмкүнчүлүгүн тартуулайт.

«Ислам Үнүн» www.voiceofislam.co.uk деген сайтан же ДАБ радиосунан укса болот.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via