Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Копенгаген, Данияда жума кутбасын окуду
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Копенгаген, Данияда жума кутбасын окуду

Азирети Мырза Масрур Ахмад Ахмадий мусулмандар такыба, мээримдүүлүк жана адеп-ахлак боюнча эң бийик даражадагы үлгүлөрдү көрсөтүүлөрү керек деп айтты.

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнөлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхисслаам)дын 5-Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала ага Жардамчы болсун) 2016-жылдын 6-майында Копенгаген, Данияда жайгашкан «Нусрат Жахан» мечитинде жумалык жума кутбасын окуду.

Өзүнүн кайрылуусунда ал киши мындай деди: мен он бир жыл мурун Копенгагенге келген элем жана бул убакыт аралыгында Даниядагы Ахмадия Мусулман Жамааты ар жактан өсүп-өнүгүп кетти.

Улуу Урматтуу Халифа мындай деди: мына ошондой өсүп-өнүгүү жергиликтүү Ахмадий мусулмандардан Алла Таалага шүгүрчүлүк кылуусун талап кылат.

2016-05-06-FS-002

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Тек тилден шүгүрчүлүк кылуу гана жетиштүү эмес, анын ордуна биз чындап Алла Тааланын буйруктарын ээрчип жатабызбы же жокпу деген суроону өзүбүзгө берүүбүз керек».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Үзгүлтүксүз Алла Тааланын колдоолоруна татыктуу болуу үчүн ар бир адам ар дайым өзүнүн иштерин жана амалдарын реформалап-оңдоп туруусу керек. Эгер биз диний мамилелерибизге кош көңүл карасак, анда биз балдарыбызды динден жана Алла Тааланын берешендигинен алыстап кетүүсүнө жоопкер болобуз».

2016-05-06-FS-003

Улуу Урматтуу Халифа мындай деди: Даниядагы Ахмадий мусулмандар ар түрдүү, кээ бирлери туубаса Ахмадий мусулман, кээ бирлери жергиликтүүлөр жана кээ бирлери ар кайсы улуттан же аймактан, мисалы, Косоводон Данияга көчүп келгендер.

Ахмадия Мусулман Жамаатынын мүчөлөрүнө кайрылып жатып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Биз – Ахмадий мусулмандар берген байъат убадасын чындап аткарып жатабызбы же болгону атынан эле ата-бабаларыбыздын динин гана ээрчип жатабызбы деген суроону өзүбүзгө беришибиз керек?… Андан тышкары, жакшы келечегин издеп ушул жерге келгендер жакшы шарттар жана жеңилдиктер аларды өз дининен алыстатып жиберген жокпу деп өздөрүнө суроо берүүлөрү керек».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди: Ислам дининин таалимдери – бул мээримдүүлүк, сүйүү жана боорукерлик. Демек, мына ошондой өзгөчөлүктөрдү даңгазалоонун ордуна көптөгөн адамдар башкалардын акы-укуктарын тебелеп-тепсеп, зулумдук жана адилетсиздик кылышат. Улуу Урматтуу Халифа мындай деди: эгер мусулмандар тарабынан мына ошондой кылыктар көрсөтүлсө, анда бул өтө өкүнүчтүү көрүнүш, анткени Ислам дининин таалимдери – бул баарына тынчтык жана сүйүү.

Улуу Урматтуу Халифа Ахмадия Мусулман Жамаатынын Негиздөөчүсү, Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхисслаам)дын кээ бир айткандарын окуп берип, Ахмадия Мусулман Жамаатынын тынчтык максат-мүдөөлөрү жөнүндө сөз кылды.

Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхисслаам) мындай деди:

«Алла Таала руханий жактан реформаланып-оңолгон бир жаңы Жамаатты пайда кылууну каалайт жана мына ошондон улам адамдар чынчылдар сыяктуу жашоого ээ болсун деп биз Ислам дининин чыныгы таалимдерин жайылтуудабыз».

Улуу Урматтуу Халифа мындай деди: башкаларга өздөрүнүн жакшы үлгүлөрү аркылуу таасир этүү үчүн адеп-ахлактар боюнча эң бийик даражадагы үлгүлөрдү көрсөтүү – бул ар бир Ахмадий мусулмандын милдети. Улуу Урматтуу Халифа мындай деп эскертүү жасады: эгер кайсы бир Ахмадий мусулман бузуку иштерди жасаса же зулумдук кылса, ал өзүн эле жаманатты кылбастан, Ахмадия Мусулман Жамаатынын атын да булгайт.

2016-05-06-FS-004

Азирети Мырза Масрур Ахмад төмөнкүдөй дуба менен аяктады:

«Ахмадия Мусулман Жамаатынын бардык мүчөлөрүнө Алла Таала өздөрүнүн амалдары аркылуу дүйнөнү туура жолго баштоо үчүн күч-кубат берсин жана Алла Таала бизге кылган бардык берешендиктери үчүн Алла Таалага чыныгы ыраазычылык билдирүүчүлөрдөн болуу үчүн бизге күч-кубат берсин».

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via