Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчисин Видовре шаарынын мэри тосуп алды
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчисин Видовре шаарынын мэри тосуп алды

Жолугушуунун учурунда Азирети Мырза Масрур Ахмад дүйнөдө тынчтыкты орнотуу азыркы мезгилдеги эң көйгөйлүү маселе экенин айтты

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнөлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхисслаам)дын 5-Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала ага Жардамчы болсун) 2016-жылдын 5-майында Видовре шаарынын мэри, Урматтуу Хелле Эдельбург жана Аннет Шиобеск, Мария Дурхус, Кеннет Кристенсен жана Кашиф Ахмад аттуу кеңешчилер тарабынан тосулул алынды.

2016-05-05-DK-Mayor-Invite-001

Копенгагенде жайгашкан «Нусрат Жахан» мечитинде болуп өткөн 30 мүнөттүк жолугушууда аталган Мэр мындай деди: ал кишини дагы бир жолу кабыл алуу Видовре шаары үчүн

«чоң сый-урмат жана сыймыктануу булагы».

2016-05-05-DK-Mayor-Invite-002

Ахмадий мусулмандарга көрсөтүлүп жаткан кысымдар жөнүндөгү бир суроого жооп кылып, Улуу Урматтуу Халифа мындай деди: Ахмадий мусулмандар кээ бир мусулман өлкөлөрдө, айрыкча Пакистанда куугунтуктарга дуушар болуп жатышат, ошентсе да, Алла Тааланын берешендиги менен Ахмадия Мусулман Жамааты үзгүлтүксүз күчтөнүп барууда.

Жолугушуунун учурунда ал киши

«дүйнөдө тынчтыкты орнотууга чогуу аракеттенүү»

керектиги жөнүндө сүйлөдү жана сөз эркиндиги маселесине да токтолду.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Мен ар дайым айтам: сөз эркиндиги өтө эле маанилүү, ошентсе да, кайсы бир жерде чекит коюлуп, ал аркылуу сызык чийилиши керек, анткени башкаларды мазактап жана алардын сезимдерин жабыркатууга эч кимдин укугу жок. Биз дүйнөдө тынчтыкты орнотушубуз үчүн кандайдыр бир орточо жолду тандашыбыз керек».

2016-05-05-DK-Mayor-Invite-003

Буга чечме берип жатып, ал киши былтыр Поп Франциск айткан төмөндөгүдөй ой-пикирлерди мисал катары келтирди: эгерде менин кайсы бир жакын досум апамды сөксө, анда ал «таяк жегенге» даяр болушу керек.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Поп адамдардын ой-сезимдерин коргоого жасап жаткан аракеттери үчүн макталуусу керек жана ал христиан дининин чыныгы таалимдерин ээрчүүгө аракет жасап жатат деп ойлойм».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп кошумчалады:

«Ыйык Куран дин маселесинде кандайдыр бир зордук-зомбулук жок жана адамдын ишеними – бул кандайдыр бир жеке адам менен Алла Тааланын ортосундагы мамиле деп үйрөтөт. Эгер биз бири-бирибизди урматтап-сыйлоо усулун (принцибин) бекем кармасак, анда тынчтыкты орното алабыз».

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via