«Мечиттерден коркуунун кажети жок» - Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

«Мечиттерден коркуунун кажети жок» – Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси

Азирети Мырза Масрур Ахмад Канаданын Ллойдминстер шаарында жаңы мечитти ачты

Ахмадия Мусулман Жамааты өтө чоң кубаныч менен төмөнкүлөрдү билдирет: 2016-жылдын 5-ноябрында Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала ага Жардамчы болсун) Канаданын Саскачеван облусуна караштуу Ллойдминстер шаарында «Байтул-Амман» мечитин ачты.

Улуу Урматтуу Халифа мечитке келип, анын ачылышын белгилөө үчүн эстелик тактасын ачты, андан кийин дубаны алып барды. Анан Ал Азирети жаңы мечитте шам менен куптан намаздарына имамчылык кылды.

2016-11-05-ca-lloydminster-mosque-002

Эртеси күнү 2016-жылдын 6-ноябрында жаңы мечиттин ачылуусун белгилөө максатында уюштурулган атайын кечеге Азирети Мырза Масрур Ахмад тарыхый кайрылуусун жасады.

Өзүнүн кайрылуусунда Ал Азирети мечиттердин чыныгы максат-мүдөөлөрү жөнүндө сүйлөдү, ошондой эле жаңы мечит Алла Тааланын сыйынуучу жайы гана болбостон, өзүнүн бардык адамдарга кызмат кылуу жана аларды коргоо куралы экендигин далилдейт деп айтты.

Ал Азирети мындай деди: Ислам дининин коркунучтары кеңири тараган бир убакта  келген коноктордун кандайдыр бир Ислам аземине катышкандыгы ачык жүрөктүүлүктүн белгиси болгон

«өзгөчө кайраттуулук».

2016-11-05-ca-lloydminster-mosque-003

Андан кийин Ал Азирети мечиттерди куруунун чыныгы максат-мүдөөлөрүн кеңири түшүндүрүп берди.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Мечит үчүн араб тилиндеги «масжид» сөзү колдонулуп, сөзмө-сөз которгондо ал сөз Алла Тааланын ибадаты үчүн адамдар толук момундук жана берилгендик менен чогулууга турган үчүн орун дегенди билдирет. Ушул момундук рух менен, өзүн төмөн деп эсептеп, мечитке кире турган адам башкаларга эч кандай зыянды каалабайт, ошондой эле кандайдыр бир фитна-чагымчылык же араздашууларга себепчи болушу мүмкүн эмес».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Момундук менен өз ибадаттарын аткара турган мусулман мээримдүү, камкор жана боорукер адам болот, ошондой эле ал бузукулуктардан, мыйзамсыз иштерден жана ар кандай жаманчылыктардан оолак болууну каалайт. Фитна-чагымчылык же бөлүп-жарууларды өнүктүрүүнүн ордуна мечиттер момундук менен Жаратканга сыйынуу үчүн адамдарды бири-бирине жакындатуу каражаты болуп саналат».

2016-11-05-ca-lloydminster-mosque-004

Ал Азирети Курани Каримдин 5-сүрөөсүнүн 3-аятын мисал катары келтирди:

«Кайсы бир коомдун силерди Масжид ал-Хараамдан тыюу салгандыгы себептүү аларга карата душмандыгыңар силерди адилетсиздикке үндөбөсүн».

Ушул аятты чечмелеп, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Бул жерде Алла Таала аёосуз куугунтукка алынган алгачкы мусулмандарга, а түгүл аларды Исламдагы абдан Ыйык жай болгон Ыйык Кааба, Масжид ал-Хараамга кирүүдөн кайтарышкан болсо да, өздөрүнүн каршылаштарына каршы адилетсиздик же зулумдук менен жооп кайтарууга тыюу салган».

2016-11-05-ca-lloydminster-mosque-005

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Демек, Ыйык Куран мусулмандарга баш ийүү үчүн сабырдуулуктун, адилеттүүлүктүн жана чыдамкайлыктын теңдеши жок өлчөмдөрүн айтып берген, анда чынчылдык, мээримдүүлүк жана калыстык менен амал кылуу алардын милдети болуп саналат,  а түгүл алардын диний эркиндигин четке каккандарга да жакшы мамиле кылуулары керек… Демек, айтып коёюн, чыныгы мечиттерден кооптонуунун кажети жок, анткени алар өч алуу же жек көрүү мекемелери эмес, тескерисинче алар Алла Тааланын ибадаты үчүн салынган тынчтыктын, гармониянын жана биримдиктин борборлору».

Ал Азирети мусулмандарды

«ата-энелерге, тууган-туушкандарга, жетимдерге, муктаждарга, тууган болгон кошуналарга, бейтааныш кошуналарга жана силер менен жакын тургандарга»

мээримдүү болууга чакыра турган Ыйык Курандын 4-сүрөөсүнүн 37-аятын мисал катары келтирди.

Ушул аятты чечмелеп, Улуу Урматтуу Халифа мындай деди: ал мусулмандардан бардык адамзатка алардын түсү, улуту же акыйда-ишеними кандай экенине карабай, мээримдүүлүк менен кызмат кылууну талап кылат.

Ал Азирети мындай деди: Ахмадия Мусулман Жамаатынын мечиттери Курани Каримдин мээримдүүлүк деген рухун чагылдырат, ошондой эле Алла Тааланын акы-укуктары жана пенделердин акы-укуктарын аткаруу деген кош максаттар менен салынат.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Биздин мечиттерибиз адамдарды бириктирүү жана кошуналарыбыз менен жергиликтүү коомчулукка кызмат кылуу максаты менен курулат. Биздин мечиттерибиз жарыктын мунарасы болуп, тынчтык, сүйүү жана адамгерчиликти жайылтат. Биз кайда гана мечит салбасак же Ахмадий жамааттарды түзбөсөк, биз жергиликтүү адамдардын кыйынчылыктарын алып салууга аракет кылабыз, себеби Алла Таала Өзүнүн акы-укуктарынын аткарылуусун пенделердин акы-укуктарынын аткарылуусуна байланыштырып койгон. Биздин ыйманыбыз бизге төмөнкүлөрдү үйрөтөт: эгер биз айлана-чөйрөбүздө турган адамдарга сүйүү, колдоо жана көмөк көрсөтө албасак, анда ибадатыбыз менен намаздарыбыз текке кетет». 

Ал Азирети Африкадагы кайрымдуу иштеринен мисал келтирди, ал жерде Ахмадия Мусулман Жамааты дүйнөнүн кээ бир өтө эле артта калган аймактарында суу-кудуктарын, ооруканаларды жана мектептерди куруп, таза ичиле турган суу, саламаттыкты сактоо жана илим-билим берүү менен камсыздап жатат.

Ахмадия Мусулман Жамаатынын гуманитардык-аракеттеринин оң таасирин түшүндүрүп, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Сааттар бою баштарына чопо идиштерди көтөрүүнүн ордуна, ошол балдар азыр биздин Жамаатыбыз ачкан мектептерде билим алып жатышат. Биз аларды жакырчылыгынын кулчулугунан бошотуу жана өз буттарына турууга жардам берүүнү, натыйжада алар өз үй-бүлөлөрүнө гана жардам бербестен, өз улутуна да жардам бере алчудай болууларын каалайбыз».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Биз мына ошондой жакыр адамдардын ийиндерин басып алган оор салмакты алып салууну өзүбүздүн жакшы байлыгыбыз жана бактылуулугубуз деп эсептейбиз. Бул чыныгы Ислам дини, анда Алла Таалага сыйынуудан тышкары момун-мусулмандар башкаларга жеңилдиктерди жаратуу үчүн тырышчаактык менен аракет кылышат». 

Өз кайрылуусунун аягында, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди: ушул мечитке жакын жашаган жергиликтүү адамдар жакын арада ушул жаңы мечит өзүнүн

«бардык адамдар үчүн тынчтык борбору»

экенин далилдеп көрсөтөрүнө күбө болушат.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп дуба кылды:

«Албетте, биздин кошуналарыбыз жана коомчулуктун бардык мүчөлөрү өздөрү үчүн жергиликтүү Ахмадий мусулмандар тарабынан мээримдүүлүктүн, колдоолордун жана көңүл буруунун эң жогорку даражадагы өлчөмдөрүнө күбө болушат деп дуба кылам. Биз эч качан кимдир бирөөгө зыян келтирүүгө же аны кабатырга салууга себепчи болбойбуз деп да дуба кылам. Мен жергиликтүү Ахмадий мусулмандар буга амал кылышат, ошондой эле момундук жана ачык жүрөктүүлүк менен адамзатка кызмат кылууга аракет кылышат деп бекем ишенем».

Анын тарыхый кайрылуусунан мурун Канададагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Улуттук Президенти Лал Хан Малик тарабынан куттуктоо сөздөрү айтылды, андан кийин Азирети Мырза Масрур Ахмадды шаарга кабыл алган Ллойдминстер шаарынын мэри Жерар Алберс мырза өзүнүн ой-пикирин айтты. Андан кийин бир топ коноктор да өз ой-пикирлерин айтышты.

Саскачеван облусунун МЛАсы Коллин Янг мырза мындай деди:

«Сиз, Азиретинин жетекчилигиңиз астында облусубузда, округумда жана шаарыбызда Ахмадия Мусулман Жамааты адамзатка кызмат кылууга кандай алектенгендигин көрүүдөбүз жана сезүүдөбүз… Канадада жана Саскачеванда биз «сүйүү баарына, жек көрүү эч кимге эмес» деген идеалогияңызды бөлүштүрүп жатабыз».

Мурдагы коргоо жана интеграция министри Джейсон Кенни мындай деди:

«Канададагы Ахмадия Мусулман Жамааты өзүнүн ишеними жана аныктыгын камсыз кылуу үчүн интеграция үчүн кандайдыр бир үлгү болгон, Канаданын көп улуттуулук үлгүсү болгон жамаат. Толугу менен мусулман жана толугу менен канадалык болгон жамаат, ошондон улам жер жүзүнөн келүүчү жаңы мигранттарга кандайдыр бир кооз мисал болуп саналат».

Мурдагы саясатчы жана учурда атактуу радио сүйлөшүүлөрүн алып баруучу Джон Гормлей мырза мындай деди:

«Коомчулук менен иштөө боюнча, жарандык катышуу жагынан алганда, жакшы Канада куруу боюнча, Ахмадия Мусулман Жамаатынын улуттук агартуусу биз үчүн албетте кандайдыр бир үлгү болуп эсептелет».

Аземден мурунда, андан кийин да Ал Азирети жекеме-жек бир топ коноктор менен жолугушту жана жергиликтүү медиа өкүлдөрү менен маалыматтар жыйынын да өткөрдү.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via