БЕНИНДЕ АХМАДИЯ МЕЧИТИНИН АЧЫЛЫШЫ
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

БЕНИН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН «БОХИКУН» АЙМАГЫНДА АХМАДИЯ МЕЧИТИНИН АЧЫЛЫШЫ

Ислам Ахмади мечит

Аллах Тааланын жардамы жана колдоосу менен Бенин Республикасындагы Ахмадия Мусулман Жамааты «Бохикун» аймагындагы «Сухунта» айылында кооз мечит курууга жетишти. Аль-хамдулиллах!

Бул айыл «Бохикун» аймактык борборунан 13 чакырым чыгыш тарапта жайгашкан жана жалпысынан 2000ге жакын калкы бар.

АХМАДИЯ МУСУЛМАН ЖАМААТЫНЫН ПАЙДА БОЛУШУ

2010-жылдын башында ушул аймакка даават кылуу үчүн келген жергиликтүү үгүтчү-дааватчыларыбыз Мэсу Тавфик мырза жана Годуну Юсуф мырза тарабынан «Ахмадия Мусулман Жамааты» түзүлгөн. Сохан Карим аттуу бактылуу инсан Ахмадияны кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Кийин ошол адам аркылуу бул айылда дагы башка даават кылуу программалары жүргүзүлүп, 74 кишиден турган Жамаат пайда болуп, Сохан Карим мырза Жамааттын президенти болуп дайындалды. Улуу Урматтуу Президент жер тилкесин сатып алып, Ахмадия Мусулман Жамаатына белекке берди, ал жерде чатыры саман менен жабылган убактылуу намазкана курулуп, намаз окула баштады.

МЕЧИТТИН КУРУЛУШУНУН БАШТАЛЫШЫ

2023-жылдын апрель айында Бениндеги Жамаатыбыздын амири Лукман Басиру мырзанын көрсөтмөлөрүнүн негизинде бул айылда мечит куруу иштери башталган. Жамаат тарабынан жер тилкесин Жамаат атына өткөрүү кагаздарын даярдоо, схемасын түзүү сыяктуу иштери бүткөрүлдү. «Бохикун» аймагында кызмат кылып жаткан үгүтчү-дааватчыбыз Анваарул Хак мырзанын уулдары Камран Ахмад мырза жана Абрар Ахмад мырза бир кооз мечиттин долбоорун иштеп чыгышып, ал жактырылгандан кийин курулуш иштери башталды.

Сегиз айдын ичинде кооз мечит курулду. Мечиттин жабык бөлүгү 80 чарчы метрди түзөт. Алдыда 30 чарчы метр короосу бар, полуна кызыл плиткалар (кафель) коюлган. Бул мечитте эки жүз адам оңой эле намаз окуй алат. Мечиттин эки чоң жана эки кичинекей мунарасы алыстан көрүнүп, мечиттин көркүнө көрк кошуп турат. Мечиттин курулушуна чейин Ифтихар Ахмад аттуу бир досумдун атасы Эъжаз Ахмад мырзанын атына мечиттин аймагында бир кудук курдурган. Ошондой эле, курулушу бүткөндөн кийин мечитке IAAAE тарабынан күн батареялары орнотулган. Ушундай жол менен мечит суу жана МТА менен жакшы камсыз болгон. Мечиттин залы Куран аяттары жана Алланын ысымдары менен кооздолгон. Курулуш процессинде биздин жергиликтүү Жамаатыбыздын мүчөлөрү да ар тараптан колдоо көрсөтүштү, өзгөчө Сохан Карим мырза ар тараптан курмандыктарды жасаган. Аллах Таала ага эң жакшы сыйлык берсин.

АЧЫЛЫШ АЗЕМИ

Мечиттин ачылыш аземи 2023-жылдын 18-ноябрында, ишемби күнү өттү. Улуттук борбордун атынан Бениндеги Ахмадия Мусулман Жамаатынын улуу урматтуу Амири менен бирге Улуттук башкы катчы Асаний Малики мырза, тарбия берүү боюнча улуттук катчы Саламий Рашид мырза жана Хафиз Тунудавуда мырза делегация катары барышты.

Ислам Ахмади мечит

Ачылыш программасы Курани Каримди окуу жана котормосу менен башталды. Андан соң үч Атфаалдан турган балдар «Я айна файзиллахи вал-ирфаний» касыйдасын ырдашты. Андан соң ал аймактын жетекчилери мечиттин курулушу боюнча өз ойлорун айтышып, өздөрүнүн аймагында электр жарыгы жана суусу бар кооз мечит куруп бергендиги үчүн Ахмадия Мусулман Жамаатына чын жүрөктөн ыраазычылыктарын билдиришти. Алардын арасында жергиликтүү мэрлер, айыл өкмөт башчылары жана башка көрүнүктүү адамдар бар болчу. Андан соң бир салттуу акын Ахмадияга арнаган ырларын фондо тилде кооз обон менен тартуулап, келген коноктор тарабынан зор бааланды.

Программанын аягында Бениндеги Жамаатыбыздын улуу урматтуу Амири өз сөзүндө ибадаттын жана мечиттин маанилүүлүгүн жана максаттарын жана Ахмадия акыйкатын айтып берди. Андан соң Улуу урматтуу Амир жалпы эл менен бирге «Калима-и-таййиба» (лаа илааха иллаллааху Мухаммадур Расулуллахты) окуп жатып лентаны кести. Мечитке киргенден кийин баары колдорун көтөрүп, дуба кылышты, анан бешим жана аср намаздары окулду. Намаздан кийин 600дөй адамга тамак берилди.

(Баяндоону даярдаган: Мирза Фархан Ахмад Бег, эл аралык «Аль-Фазл» гезитинин өкүлү)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via