Индонезиядагы Ахмадия мечитинде жазылган келиме өчүрүлдү
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Индонезиядагы Ахмадия мечитинде жазылган келиме өчүрүлүп жиберилди

Индонезиянын Борнео аралынын батышындагы Калимантан провинциясында полиция жергиликтүү бийлик менен биргеликте Ахмадия Мусулман Жамаатынын мечитинде жазылган келимени алып салышып, мечиттин мунарасын бузуп салышты.

Жергиликтүү дааватчы урматтуу Саажид Ахмад мырза мындай деп жазат: «2022-жылдын 29-январында ишемби күнү «Синтанг» деп аталган бул жергиликтүү Жамаатыбызда эртең мененки саат 8дер чамасында ондогон полиция кызматкерлери жана жергиликтүү мамлекеттик администрациянын айрым кызматкерлери мечитибизге келип, эшигинин жогору жагында кооз жазуу менен жазылган келимени өчүрүп салышты. Бул ошол эле мечит, аны 2021-жылдын 3-сентябрында куттуу жума күнү жума намазынан кийин Ахмадий эмес экстремисттер өрттөтүп жиберишкен болчу».

Жергиликтүү дааватчыбыз бул окуя болгон жерде бар болгон кээ бир Ахмадийлер салаваатты көтөрүӊкү үн менен кайталап, жана дуба сурап жаткандарын жазат.

20 үй-бүлөдөн турган бул жамаат 2004-жылы түзүлүп, аталган мечиттин курулушу 2007-жылы аяктаган. 2021-жылдын 14-августунда жергиликтүү бийлик мечитке мөөр басып, эшигине: «Бул мечитти пайдаланууга болбойт», – деп жазып коюшкан.

Индонезияда Ислам Ахмадия

(Келиме өчүрүлгөндөн кийин мечиттин көрүнүшү)

Индонезиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Амири Маулана Абдул Баасит мырза бул окуяга токтолуп, биз дуба гана кыла алабыз, анткени бул Жамаат Алла Тааланын Жамааты гана. Алла Таала Өз Жамаатына сөзсүз жардам берет жана Анын Жамаатына зыян келтиргендер менен эсеп-кысап кылат дейт.

Ошо сыяктуу эле, Индонезиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз катчысы урматтуу Будхияна мырза мындай деп жазат: «Биздин реакцияыбыз ушундай: биз сабырдуулук жана жакшы адеп-ахлакка таянуу менен бул сыноого каршы күрөшөбүз. Башыбызга түшкөн балээ-кырсыктар бизди Алла Таалага мактоо-алкоо айтуу жана Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам)га дурууд-салаваат айтууну мурдагысынан да көбөйттү. Жергиликтүү бийлик бизге үч эскертүү кат жөнөткөнүн айтты, бирок эске алуучу нерсе, мунун баары Индонезиянын мыйзамдарына каршы келет».

Индонезиядагы Ахмадия Мусулман Жамааты буга чейин да көп жагынан каршылыктарга туш болгон. Көптөгөн мечиттер талкаланып, айрымдары өрттөлгөн. Көп жолу Жамаат мүчөлөрү материалдык жана жандык зыянга учураган, ал тургай каршылаштар Ыйык Куранды өрттөтүп жиберүүдөн да артка кайткан эмес. Бирок келимени өчүрүү жана мунараны бузуу буга чейин болгон эмес. Демек, Алланын Сүннөтүнө ылайык каршылыктар көрсөтүлө берет, бирок Жамаат мүчөлөрү Алла Тааланын берешендиги менен ыйманы бекемдүүлүгүн көрсөтүп, Ахмадиятка туруктуу болуп, сабыр, кайрат жана дуба менен ар кандай жамандыктарга каршы күрөшүүнү улантышууда. Фал-хамдулиллаахи алаа заалик (Аллага мактоолор болсун).

Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамааты мүчөлөрүнөн Индонезиядагы ар бир Жамаат мүчөсүнүн ыйманын жана ишенимин мурдагысынан бекемдеп, душмандардын кутумдарын өздөрүнө эле кайтарып берүүсү үчүн Алла Таалага дуба кылуусун суранабыз. Оомийин.

(Репортажды даярдаган: Фазли Умар Фаарук – Ал-Фазл Интернейшнал газетасынын өкүлү)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via