«Эгерде биз тынчтыкты кааласак, биз башка адамдарды баалашыбыз керек жана алардын укуктарын алдыга коюшубуз зарыл» - Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

«Эгерде биз тынчтыкты кааласак, биз башка адамдарды баалашыбыз керек жана алардын укуктарын алдыга коюшубуз зарыл» – Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси

Азирети Мырза Масрур Ахмад Швецияда «Шведсвенскан» гезитине берген маек аралыгында билдирген ой

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнөлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхисслаам)дын 5-Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала ага Жардамчы болсун) 2016-жылдын 11-майында Швециянын Мальмё шаарындагы «Махмуд» мечитинде «Шведсвенскан» гезитине маек берди.

Жаңы салынган «Махмуд» мечити жөнүндөгү суроого Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Мен (2005-жылы) эң алгачкы жолу ушул жерге келгенимде, бул жер бош аянт эле, азыр ушул жерде абдан кооз мечит салдык. Качан биз кайсы бир жерде жаңы мечит салсак, биз чогула турган жана Алла Тааланын алдына саждага жыгыла турган дагы бир жай болуп калды деп мен толкунданып кетем».

Дүйнөнүн тынчтыгы жана коопсуздугу жөнүндө анын кабатырлануусу жөнүндөгү суроого Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Эгерде биз тынчтыкты орнотууну кааласак, анда биз башкалардан акы-укуктарыбызды талап кылуудан көрө башкаларга сый-урмат көрсөтүп, жана аларга укук берүүнү жогору коюубуз зарыл. Бул – дүйнөдө тынчтыкты орнотуу жана чыр-чатактарды жоюунун ачкычы».

Сиз Поп Франциск менен жолуккансызбы деген суроого Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Мен аны менен жолугуша элекмин, бирок ал шайлангандан бери айткан бир топ ой-пикирлерин жактырдым жана ага баа бердим».

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via