Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Германиянын Раунхайм шаарында жума кутбасын окуду
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Германиянын Раунхайм шаарында жума кутбасын окуду

Азирети Мырза Масрур Ахмад Ахмадий мусулмандарды эч коркпостон Ислам дининин тынчтык таалимдерин жайылтууга чакырды

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнөлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхисслаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала ага Жардамчы болсун) 2017-жылдын 21-апрелинде Германиянын Раунхайм шаарында өзүнүн жумалык жума кутбасын окуду.

6,000ден ашык адамдар катышкан жума кутбасында Ал Азирети Ахмадий мусулмандар Ислам дининин чыныгы таалимдерин жайылтуулары керек жана өздөрүнүн ишеними менен сыймыктануулары зарыл деди.

Ал Азирети мындай деди: кээ бир мусулман жаштар айрым экстремист мусулмандар жасаган жийиркеничтүү амалдарынын айынан ачык-айкын Ислам дини жөнүндө сүйлөшүүдөн тартынышат. Ал Азирети уялып, өз ишенимин жайылтуудан алыс болуунун ордуна, алар Ислам дининин чыныгы жана тынчтык таалимдерин ого бетер активдүү жайылтууга үндөдү.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Атынан эле мусулман деп аталуучу кээ бир адамдар Ислам дининин атынан абдан ыплас жана жаман иштерин жүргүзүп жаткан учурда эч коркпостон Ислам дининин тынчтык таалимдерин даӊазалоо Ахмадий мусулмандар үчүн мурдагысынан да маанилүүрөөк болуп калды. Чындыгында, алар башкаларды мусулмандардын кейиштүү ахвалы чындыгында Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын чынчылдыгынын эӊ күчтүү далили экендигин башкаларга жеткирүү керек, анткени ал (саллаллааху алайхи ва саллам) убакыт келип, мусулмандардын арасында руханий караӊгылык жайылып, мусулман уламалары фитна-чагымчылыкты жаратышат деп алдын ала кабарлаган болчу. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мына ошол руханий караӊгылык доорунда Ислам дининин чыныгы таалимдерин кайрадан жандандыруу үчүн Алла Таала тарабынан Масийх жана Махдий жөнөтүлөт деп да алдын ала кабарлаган болчу. Биз, Ахмадий мусулмандар өтө эле бактылуубуз, биз ошол күтүлүп жаткан Масийхти кабыл алып, биз Ислам дининин чыныгы таалимдерине амал кылып жатабыз».

Өзүнүн жума кутбасында Ал Азирети анын учурдагы иш сапарынын аралыгында уюштурулган мечиттерди ачуу жана жаӊы мечиттерге алгачкы таш коюу аземдерине катышкан мусулман эмес коноктор ачык эле Ислам динине карата коркунучтары жана кооптонууларынын баары алынып салынганын моюндаган кээ бир мусулман эмес адамдардын айрым мисалдарын да айтып берди. Ал Азирети мына ошондой мисалдар Ахмадий мусулмандарга Ислам дининин нукура таалимдерин жайылтуу үчүн өз иш-чараларын көбөйтүүгө, ошондой эле медиада Ислам дини жөнүндө таратылып жаткан терс жана адилетсиздик жалааларга жооп кайтарууга дем берет деп айтты.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Эгер бир адам Ислам дининин нукура таалимдери жөнүндө маалымат алууга келсе, бирок алар ага жардам бере алышпаса да, ал киши анын чыныгы окуулары аркылуу таасирленип, тынч дин катары аны кабыл алышы мүмкүн. Ошондуктан, биз Ислам дини тууралуу айтып жатканда кандайдыр бир тартынуу же оорчулукту сезбешибиз керек».

Ал Азирети чогулгандарга өзүн-өзү текшерүү керектигин жана момун болуп, текеберчиликтен баш тартуу зарылчылыгын эскертип, өз кайрылуусун аяктады.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Башкалардын айып-кемчиликтерине карабагыла, анын ордуна өзүӊөрдү реформалап-оӊдоо үчүн өз алсыздыктарыӊарга көз салууӊар керек. Эсиӊерде болсун, биз ар кандай кемчиликтерден бүтүндөй тазабыз деп эч ким айта албайт».

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via