Сьерра-Леоне республикасынын парламентинде жума намазы аткарылды
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Сьерра-Леоне республикасынын парламентинде жума намазы аткарылды

мечит ыйман Ислам дин Намаз Куран орозо Мусулман Момун

Сьерра-Леоне республикасынын парламентинде Ахмадия Жамаатынын Амиринин имамчылыгында жума намазы аткарылды

Сьерра-Леоне республикасынын Лунге регионунда мечиттин куттуу ачылышы жана «Аамийн» деген аземдер

Парламентте жума намазы

2020-жылдын 7-февралында Сьерра-Леоне республикасынын чакыруусунун негизинде урматтуу Амир Сахиб Мавлана Саъийдур-Рахман мырза Сьерра-Леоне республикасынын парламентинде жума кутбасын окуп, жума намазын окутту. Сьерра-Леоне Республикасындагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын генералдык (башкы) катчысы урматтуу Жамалуддин Махмуд мырза да аны менен бирге барды.

Урматтуу Амир Сахиб жума кутбасында салавааттын маанилүүлүгү жана берекелери тууралуу сөз кылып, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га иш жүзүндө салаваат жолдоонун ыкмасы анын сүннөтүн ээрчүү экенин айтты. Антпесе, ал (саллаллааху алайхи ва саллам)га салаваат жолдоо куру-жалак иш болуп калат деди.

Жума намазынан кийин парламенттин улуу урматтуу спикери аны өзүнүн кеңсесине чакыртып, Ахмадия Мусулман Жамааты аткарып келе жаткан иштерине баа берди. Жума намазына бир топ депутаттар менен кошо 200дөн ашуун адамдар катышышты. Ал-хамдулиллах! Ал учурда Жамааттын кабарын жеткирүү жана даават кылуунун жакшы мүмкүнчүлүгү колго тийди.

Мечиттин ачылуусу

Бир гана Алла Тааланын берешендиги менен 2020-жылдын 15-февралында Сьерра-Леоне Республикасындагы Ахмадия Мусулман Жамаатына Лунге регионунда бир мечитти ачуу мүмкүнчүлүгү насип этилди. Ал-хамдулиллах!

2020-жылдын 15-февралында Лунге регионундагы Тагрин аттуу жерде бир жаңы мечит ачылды. Мечиттин ачылуу аземи саат ондордо Сьерра-Леоне Республикасындагы Жамаатыбыздын Амири жана миссионерлеринин төрагасы Мавлана Саъийдур-Рахман мырзанын төрагалыгында Курани Карим окулуп башталды, андан кийин келген коноктор тааныштырылды.

Урматтуу Амир Сахиб келген конокторго кайрылуу жасап, алгачкы миссионерлер ушул жерде таалим-тарбия иштерин кандай уюштуруп, адамдарды чыныгы Ислам дини менен тааныштыргандыгы тууралуу сөз кылып, Ахмадия Мусулман Жамааты менен тааныштырды. Анан расмий түрдө мечит ачылды. Анан дуба кылды. Аталган азем бүткөн соң конокторго тамак сунушталды.

Жамаатыбыздын миссионери урматтуу Мухаммад Наъийм Азхар мырза 2017-жылдын 9-августунда ал мечитке алгачкы ташын койгон эле. Аталган мечиттин курулма бөлүгү 30 x 35 футту камтыйт жана анда бир убакытта 200 адам намаз окушса болот.

Ал мечит Жамаат берген каражаттары менен курулган жана Амир Сахиб өзү ага көзөмөлдүк кылган. Мечит курулушуна 6000 фунт сарпталган.

мечит ыйман Ислам дин Намаз Куран орозо Мусулман Момун

Аталган кечеге ушул аймактагы Ахмадий эмес мусулман имам-хатибдер жана аймактагы улуу урматтуу инсандар менен бирге 500дөн ашуун адамдар катышышты.

Сьерра-Леоне Республикасындагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын урматтуу Амири Сахиб 15-16-февралда Лунге регионуна иш сапарын жасап, ар кандай аземдерге катышкан жана Курани Каримди биринчи жолу араб тилинде окуп чыккан балдар жана кыздарга дем берип, аларга күбөлүктөрдү бөлүштүрүп берген.

мечит ыйман Ислам дин Намаз Куран орозо Мусулман Момун

Лунге регионундагы 4 Жамаатыбыздын 39 мүчөсү Курани Каримди биринчи жолу араб тилинде окуп чыгуу бактысына ээ болушту. Алардын катарында 70 жаш курагындагы урматтуу Паму Лай Камара мырза да бар. Көптөгөн Ахмадий эмес мусулман имам-хатибдер жана аймактагы улуу урматтуу инсандар ушул аземдерге катышып, оң таасирин алышты. Аталган куттуу аземдерге Ахмадий жана Ахмадий эмес мусулман туугандар менен бирге 1000ден ашуун адамдар катышышты.

(Репортажды даярдаган: Абдул-Хаадий Курайший – «Эл аралык Ал-Фазл» газетасынын Сьерра-Леонеге болгон корреспонденти)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via