Сьерра-Леоне республикасында Ахмадия мечитинин ачылуусу
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Сьерра-Леоне республикасында Ахмадия мечитинин ачылуусу

мечит ыйман Ислам дин Намаз Куран орозо Мусулман Момун

Алла Тааланын берешендиги менен Сьерра-Леоне Республикасындагы Ахмадия Мусулман Жамаатына Кенема регионундагы Мано Котухун деген айылда бир мечитти ачуу мүмкүнчүлүгү насип этилди. Ал-хамдулиллах!

Ал айылда Ахмадият ал жердеги бир ыкластуу Ахмадий мусулман Па Аруна Жах маркум байъат бергенден кийин урматтуу Ал-Хааж Мавлана Назийр Ахмад Али маркум аркылуу пайда болгон. Башында жергиликтүү Жамаатыбыз өзүнө өзү жардам берүүнүн негизинде ал жерде мечит салууну баштаган жана Жамаат тарабынан да аларга көмөк көрсөтүлгөн. Азыр ал алгачкы Ахмадий мусулман тууганыбыздын уулу урматтуу Харун Жах мырза 108 миллион Сьерра-Леоне акча бирдиги менен ал мечитти кайрадан куруу жана жаңы шарттар менен камсыздоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Жаңы шарттарга мечиттин кирпичтери жана күн нуру менен иштөөчү ток системасы кирет. Аталган мечиттин курулма бөлүгү 50 x 30 футту камтыйт жана анда бир убакытта 300 адам намаз окушса болот.

Мечиттин ачылуу аземи Сьерра-Леоне Республикасындагы Жамаатыбыздын Наиб Амир Аввалы Доктор Шеху Тому мырзанын төрагалыгында Курани Карим жана анын Менде тилиндеги котормосу менен башталган, аны урматтуу Исмаил Крома мырза окуду. Андан кийин келген коноктор тааныштырылган.

мечит ыйман Ислам дин Намаз Куран орозо Мусулман Момун

Урматтуу Наиб Амир Сахиб расмий түрдө мечитти ачып, анан келген адамдар аталган мечитте жума намазын аткарышты. Өзүнүн жума кутбасында урматтуу Мунийр Хусайин мырза Ахмадия Мусулман Жамааты менен кыскача тааныштырып, анан ал айылдагы Жамаатыбыздын кыскача тарыхын айтып берди. Келген коноктордун арасында кээ бир Ахмадий эмес мусулман туугандар да бар болчу.

Аталган кечеге ал аймактагы кээ бир көрүнүктүү адамдар катышып, Ахмадия Мусулман Жамаатынын ишмердүүлүгү жана мечиттин курулушуна баа беришти. Мындан тышкары, ал аземге борбордук миссионерлер, Жамиянын устаттары, аймактык мссионерлери, муаллимдер, Бо жана Кенема региондорунан келген Худдаамдар, Ансаарлар жан Лажна менен бирге келген 350 адам катышышты. Азем бүткөн соң келген конокторго тамак сунушталды.

Алла Таала ушул мечит аркылуу бул аймактты нурга айландырсын жана ал мечит түбөлүккө намаз окуучу адамдар менен толуп турсун деп дуба кылабыз. Аамийн.

(Репортажды даярдаган: Абдул-Хаадий Курайший – «Эл аралык Ал-Фазл» газетасынын Сьерра-Леонеге болгон корреспонденти)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via