Мусулмандар айлана-чөйрөсү • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

Мусулмандар айлана-чөйрөсү

Намаз ибадат сыйынуу

Мусулмандар айлана-чөйрөсү

Азирети Анас (разияллааху анху) Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын рабаят этет:

«Өзүнө жактырган нерсени башкаларга жактырмайынча эч ким момун боло албайт». Тагыраак айтканда, өзү үчүн рахат-бейпилдик жана жакшылыкты кааласа, анда башкаларга да ошону каалоосу керек».

Мусулмандар айлана-чөйрөсү

Азирети Абу Хурайра (разияллааху анху) мындай деп рабаят этет: «Бир жолу Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам) мага карата мындай деди: «Эй, Абу Хурайра! Такыба болгун, сен эң чоң сыйынуучу болуп каласың. Канааттангын, сен эң чоң шүгүр кылуучу болуп каласың. Өзүңө эмнени жактырсаң, ошону башкаларга жактырсаң, анда нукура момун эсептелесиң. Сага кошуна болгон бирөөгө жакшы кошуна катары мамиле кылгын, ошондо чыныгы жана нукура мусулман эсептелесиң. Катуу күлбөгүн, себеби өтө катуу каткырып күлүү жүрөктү өлтүрүп салат».

Мусулмандар айлана-чөйрөсү

Азирети Абу Юсуф Абдулла бин Салаам (разияллааху анху) Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын уккан:

«Эй, адамдар! Саламды тараткыла. Муктаждарды тамактандыргыла. Өз ара мээримдүү болгула жана адамдар уктап жаткан маалда намаз окугула. Эгер ушундай кылсаңар, анда тынчтык менен бейишке кирип кетесиңер».

Мусулмандар айлана-чөйрөсү

Азирети ибни Масъуд (разияллааху анху) Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын рабаят этет:

«Силер үч киши болсоңор, анда башка адамдарга кошулмайынча араңардагы эки киши өзүнчө шыбырашпасын. Анткени, үчүнчү адам: «Булар менден эмнени жашырып жатышат?» -деп капаланышы мүмкүн.

Мусулмандар айлана-чөйрөсү

Азирети Абу Хурайра (разияллааху анху) мындай деп рабаят этет:

«Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын төмөнкүдөй адаты бар болчу: ал зат (саллаллааху алайхи ва саллам) чүчкүргөндө, колу же кездеме менен оозун жаап турчу жана колдон келишинче үнүн басчу».

Share via