Бир гана мусулмандарга салам берүү жана алик алуу керекпи? • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

Бир гана мусулмандарга салам берүү жана алик алуу керекпи?

Намаз сыйынуу ибадат азан дуба дин ыйман мусулман момун хадис куран

Кээ бир Ахмадий эмес мусулмандар бир гана мусулмандар менен саламдашуу жана алик алуу керек дешет. Андай акыйда жана ишеним Курани Карим жана сүннөтүнө такыр эле каршы келет.

Саламга жооп берүү

Алла Таала Курани Каримде мындай деп айтат:

وَ اِذَا حُیِّیۡتُمۡ بِتَحِیَّۃٍ فَحَیُّوۡا بِاَحۡسَنَ مِنۡہَاۤ اَوۡ رُدُّوۡہَا ؕ اِنَّ اللّٰہَ کَانَ عَلٰی کُلِّ شَیۡءٍ حَسِیۡبًا

Котормосу: Эгер силерге бир белек-салам берилсе, андан жакшыраагын кайтаргыла же ошону кайтаргыла. Албетте, Алла ар бир нерсени эсеп кылуучу. (4:87)  

Жогорудагы аятта бир гана мусулман бизге салам бергенде, ага салам менен жооп берүүбүз керек, эгер мусулман эмес адам салам берсе, ага жооп бербешибиз керек деп жазылган эмес.

Азирети Ибрахим (алайхиссалаам) өзүнүн мушрик болгон атасына берген саламы

قَالَ سَلٰمٌ عَلَیۡکَ ۚ سَاَسۡتَغۡفِرُ لَکَ رَبِّیۡ ؕ اِنَّہٗ کَانَ بِیۡ حَفِیًّا

Котормосу: (Ибраахийм): «Сага салам болсун! Мен сөзсүз Раббимден сен үчүн кечирим сураймын. Албетте, Ал мага абдан мээрбан», – деди. (19:48)

Бул аятта эки нерседен сөз кылынган: Азирети Ибрахим (алайхиссалаам)дын өзүнүн мушрик болгон атасына салам берүүсү жана ал үчүн Истигфаар[1] кылууга убада берүүсү; Алла Таала Азирети Ибрахим (алайхиссалаам)га өзүнүн мушрик болгон атасы үчүн Истигфаар кылуусуна тыюу салган, бирок бир жерде дагы ага салам берүүсүнө тыюу салган эмес.

Надаандарга жооп катары салам берүүгө берилген буйрук

وَ عِبَادُ الرَّحۡمٰنِ الَّذِیۡنَ یَمۡشُوۡنَ عَلَی الۡاَرۡضِ ہَوۡنًا وَّ اِذَا خَاطَبَہُمُ الۡجٰہِلُوۡنَ قَالُوۡا سَلٰمًا

Котормосу: Жерде жөнөкөйлүк менен жүрө турган жана сабатсыздар өздөрүнө кайрылганда, (жообунда): «Салам!» – дей тургандар гана Рахмаан пенделери. («Ал-Фуркаан» сүрөөсү: 64)

Курулай кептерди сүйлөгөндөргө салам берип, алардан абайлоого берилген буйрук

وَ اِذَا سَمِعُوا اللَّغۡوَ اَعۡرَضُوۡا عَنۡہُ وَ قَالُوۡا لَنَاۤ اَعۡمَالُنَا وَ لَکُمۡ اَعۡمَالُکُمۡ ۫ سَلٰمٌ عَلَیۡکُمۡ ۫ لَا نَبۡتَغِی الۡجٰہِلِیۡنَ

Котормосу: Алар кандайдыр бир маанисиз кеп-сөздү угушканда, андан жүз буруп кетишет жана: «Биздин амалдарыбыз өзүбүз үчүн жана силердин амалдарыңар өзүңөр үчүн. Силерге салам болсун! Биз наадандар менен алака-байланышта болууну каалабайбыз», – дешет.   («Ал-Касас» сүрөөсү: 56)

Каапырларга салам берип, алардан абайлоого берилген буйрук

فَاصۡفَحۡ عَنۡہُمۡ وَ قُلۡ سَلٰمٌ ؕ فَسَوۡفَ یَعۡلَمُوۡنَ

Котормосу: Демек, аларды кечир жана: «Салам!» – деп кой. Анан тез арада алар билип алышат. («Аз-Зухруф» сүрөөсү: 90)

Бул аяттан мурунку аяттарда Алла Таалага ыйман келтирбегендер тууралуу сөз кылып, аларга аргумент-далилдерди толук жеткирип болгон соң алардан абайлоо жана аларга салам айтууга буюрулган. Жогорудагы ачык-айкын аяттар турганда дагы мусулман эместерге салам берүү жана алардын саламына жооп кайтарбоо деген акыйда-ишенимди кармануу Курани Каримди өз арттарына ыргытып жиберүү дегендик.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) берген салам

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мусулмандар, бутпарастар, мушриктер жана яхудийлер чогуу отурушкан бир жыйындын жанынан өтүп бара жатканда, алардын баарына салам берген. («Бухарий» Китаабул-Исти῾заан, Баабут-Таслийм фий мажлис фийхи ихтилаату минал-муслимийна вал-мушрикийн)

Ушул хадистен белгилүү болгондой, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) биринчи болуп, мусулмандар, бутпарастар, мушриктер жана яхудийлерден турган жыйындагы бардык адамдарга салам берген.

«Сунан Ибн Маажа» Китаабул-Адаби Баабу Руддус-Салаами алаа Ахли зиммата жана «Муснад Ахмад» Муснадуш-Шаамиййина аттуу хадис китептерде Укба бин Аамир Ал-Жаханмий баяндаган төмөнкүдөй рабаяты бар, анда Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам): «Эртең мен унаа минип, яхудийлер жакка барам, силерге биринчи болуп салам айтпагыла, эгер алар силерге салам беришсе, анда жооп катары «Ва Алайкум» деп айтып койгула», – деп айткан. Ахмадий эмес мусулмандар ушул хадистен мусулман эместерге биринчи болуп, салам бербөө керек деген маанини чыгарышат. Биринчиден, ушундай маанини чыгаруу жогорудагы хадиске жат нерсе; экинчиден, ушул хадистен маалым болгондой, ушул буйрук жалпыга таандык эмес, тескерисинче бир өзгөчө окуя тууралуу сөз болгон, анда Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) сахаабалар (разияллааху анхум)га силер сүйлөшүүлөрдү баштабагыла деп тыюу салган. Эске тутуучу дагы бир нерсе, бул жерде яхудийлер тууралуу гана сөз болгон, бардык мусулман эместер тууралуу сөз болгон эмес. Яхудийлер тууралуу болгондо күндө да, Мединада жашаган яхудийлер тууралуу болгон. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) кандайдыр бир өзгөчө максат менен унаа минип, аларды көздөй барган болчу. Антпесе, Мединадагы яхудийлер болсо, күндө мусулмандар менен жолугушуп турушчу.

Китеп ээлери берген саламга жооп берүү

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Китеп ээлери силерге салам беришкенде, аларга жооп катары «Ва Алайкум» деп айткыла деген. («Бухарий» Китаабул-Исти῾заан, Баабу кайфа юрадду алаа ахлиз-Зимматис-Салаам)

Кээ бир адамдар ушул хадисти Китеп ээлери силерге салам беришкенде, «бир гана» «Ва алайкум» деп айткыла деп которушат. А чынында «Фа-куулуу ва алайкум» деп айтылган. Ушул хадистин котормосунда «бир гана» деген эч бир сөз жок экен. Тескерисинче, анда «фа» тамгасы колдонулган, ал «демек, силерге да деп айткыла» – дегенди билдирет.

«Бухарий» Китаабу Иститаабатил-Муртаддийна вал-Муъаанидийна ва китаалихимде төмөндөгүдөй хадис кезигет: бир яхудий Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын жанынан өткөндө, «Ассааму алайка», – деп айткан, ошондо Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ага «ва алайка», – деп жооп берген. Сахаабалар (разияллааху анхум): «Эй, Алланын Элчиси! Аны өлтүрүп салбайлыбы?» – деп айтышкан. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам): «Жок, Китеп ээлери силерге салам беришкенде, силер «Ва алайкум» эле деп койгула», – деп айткан. Мунун мааниси бул: эгерде Китеп ээлеринин бирөөсү мусулман кишиге тынчтык жолдоп жаткан болсо, анда мусулман адам да жооп катары сага да тынчтык болсун деп айтып жаткан болот. Бирок эгер Китеп ээлеринин бирөөсү тентектик кылып, «Ассалааму алайкумдун» ордуна «Ассааму алайкум», сага өлүм болсун, – деп айтса, анда «Ва алайкум» деп, сага да өлүм болсун деп айтылат.

Сен тааныйсыңбы-тааныбайсыңбы, ар бир адамга салам берүүгө буюрулган

Бир адам Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дан кайсы Ислам эң мыкты экенин сураган. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) тамактандыргыла жана тааныйсыңарбы-тааныбайсыңарбы, бардыгына салам айткыла деп жооп берген.

Ушул хадис боюнча мусулмандар ар бир адамга тынчтык деген батаны берүүлөрү керек, тагыраак айтканда, салам айтуулары шарт, аны тааныса да, тааныбаса да. Бул жерде а дегенде, сен мусулмансыңбы же мусулман эмессиңби деп сурагыла, эгер мусулман болсо, ага салам бергиле, мусулман болбосо, анда салам бербегиле деп айтылган эмес.

(Макаланы даярдаган: Ансар Разаа – Канада)

[1] Алла Тааладан кечирим суроо.

Share via