Сьерра-Леоне республикасынын Масаика регионунда мечиттин ачылуусу
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Сьерра-Леоне республикасынын Масаика регионунда мечиттин ачылуусу

мечит ыйман Ислам дин Намаз Куран орозо Мусулман Момун

Ахмадий эркектер, аялдар жана балдар мечитти куруп жатканда жасашкан үлгүлүү Вакар-э-Амал

Ал мечит Масаикадан Реребгону көздөй кетип баратканда борбордук кан жолунда жайгашкан жана өлкөнүн түндүк облусун көздөй кетип бараткан ар бир жолоочу аны көрө алат жана анда намаз аткарса болот.

Ал мечиттин бардык аянты 3 шаарчадай болуп, курулма бөлүгү 35 x 54 футту камтыйт жана анда бир убакытта 300 адам намаз окушса болот. Ал мечиттин курулушуна 70 миллион Сьерра-Леоне акча бирдиги сарпталган. Ал акчаны Норвегиянын тургуну урматтуу Зарташт Мунийр мырза өзүнүн маркум ата-энеси тарабынан төлөгөн. Фа-жазаахумуллааху ахсанал-жазаа. Мечиттин тегерегинде жашаган 7 Жамааттагы Ахмадий жана Ахмадий эмес мусулмандар бир туугандар андан бирдей пайда көрө алышат.

Мечитти курууда айыл эли катуу Вакар-э-Амалды жасашкан. Ага пайдубал салуу үчүн аялдар жана балдар таштарды жыйнашкан, андан тышкары алар суу менен камсыздоого да өзгөчө ролун ойношкон. Алла Тааланын берешендиги менен ошол Вакар-э-Амал аркылуу миллиондогон сумма (Сьерра-Леоне акча бирдиги) үнөмдөлгөн. Ал-Хамдулиллах

Мечитти Сьерра-Леоне Республикасындагы Жамаатыбыздын Амири жана миссионерлердин төрагасы Мавлана Саъийдур-Рахман мырза ачкан. Ачуу аземинде Курани Карим окулуп, Касийда ырдалгандан кийин келген коноктор тааныштырылган. Андан кийин региондук Жамаат президенти, региондук Лажна президенти, жергиликтүү айыл-кыштактар башчылары жана эки Бөлүм башчылары (Section Chief) тааныштыруу кайрылууларын жасашкан. Кеченин аягында Амир Сахиб кайрылуу жасап, Ахмадия Мусулман Жамаатынын түзүлүүсүнүн максат-мүдөөлөрү, ошондой эле Курани Карим жана Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын хадистеринин негизинде мечиттерди салуунун максаттарын айтып берген.

Аталган кечеден кийин жаңы мечитте пешин намазы жамаат болуп аткарылган, андан кийин катышкан адамдар үчүн тамак-ашы уюштурулган эле. Ал куттуу кечеге парламент депутаты урматтуу Алмамий Би Кану мырза, консул урматтуу Хасан Карбу мырза, (ППЛС) саясий партиясынын аймактык төрагасы урматтуу Абу Бакр Бангора мырза, Ахмадия Башталгыч мектебинин директору урматтуу Али Турэ мырза, Ахмадия Орто мектебинин директору урматтуу Ибрахим Т. Булл мырза, Ахмадия мектептеринин мугалимдери, 56 Ахмадий эмес имам-хатиб жана мусулман бир туугандар, 22ге жакын жамааттарыбыздан келген Ахмадий мусулмандарды кошо бардыгы 583 адам катышышкан. Алла Таала мечиттин курулушун ар жагынан берекелүү кылсын жана анын курулуш максаттарын аткаруу мүмкүнчүлүгүн берсин. Аамийн.

(Репортажды даярдаган: Абдул-Хаадий Курайший – «Эл аралык Ал-Фазл» газетасынын Сьерра-Леонеге болгон корреспонденти)

٭…٭…٭

Чектеш темалардын мазмуну
Share via