Ислам шарияты боюнча мусулман же момун же такыба деген ким? • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ислам шарияты боюнча мусулман же момун же такыба деген ким?

Ким мусулман?

ЫЙЫК КУРАН БОЮНЧА КИМ МУСУЛМАН ЖЕ МОМУН ЖЕ ТАКЫБА ДЕП АТАЛАТ?

Ал-Бакара 4-5

АЛЛАЗИЙНА Ю’МИНУУНА БИЛ-ГАЙИБИ ВА ЮКИЙМУУНАС-САЛААТА ВА МИМ-МАА РАЗАКНААХУМ ЮНФИКУУН. ВАЛЛАЗИЙНА Ю’МИНУУНА БИ-МАА УНЗИЛА ИЛАЙКА ВА-МАА УНЗИЛА МИН КАБЛИКА ВА БИЛ-ААХИРАТИ ХУМ ЮКИНУУН. (2:4-5)

 Котормосу: Алар (такыба) кайыпка ишенишет, намазды толук аткарышат жана Биз ырыскы кылып берген нерселерден кайыр-садака кылышат. Дагы алар, (О, Мухаммад) сага түшүрүлгөнгө (Куран-Сүннөткө) жана сенден мурда түшүрүлгөн нерселерге (Тоорат, Инжил, Забур китептерине) да ыйман келтиришет жана Акыретке анык ишенишет. Ошол адамдар гана Раббиси тарабынан (келген) Туура Жол үстүндө жана ошолор гана жеңишке жетүүчүлөр. (2:3-5)

Ал-Бакара 178 

Котормосу: Жакшылык жүзүңөрдү Чыгыш жана Батышка бурушуңар эмес. Бирок, жакшылык – Аллахка, Акырет күнүнө, периштелерге, китепке, пайгамбарларга ишенген, өзү жакшы көргөн мал-дүйнөсүн тууган-уруктарга, жетимдерге, жакырларга, мусапырларга, (муктаж болуп) сурагандарга, өз башын азат кылууну каалаган кулдарга садака кылган, намазды толук аткарган, зекетти төлөгөн, убадалашканда өз убадасында бекем турган жана кембагалдык, оору-сыркоо жана согуш убакыттарында сабырдуу болгон адамдар(дын ыймандуу пейилдери). Мына ушулар (өз ыймандарында) чынчыл жана ушулар гана такыба кишилер! (2:178)

 Мына бул экинчи аят биринчи аяттагы айрым маселелерди чечмелеп, аларды кеңири баяндап койду. Биринчи аятта {الَّذِينَ يُؤْمِنُونَ بِالْغَيْبِ} (алар кайыпка ишенишет) деген сөздөрдө кайып нерселерине ыйман келтирүү жөнүндө кеп кылынган эле. Бул экинчи аятта ошол «кайыпка ыйман келтирүү» эмне экенин төмөнкүдөй ачыктады: алар – жалпысынан көзгө көрүнбөгөн жана болгону далилдер менен гана билине турган нерселер. Мисалга, Алла таала, кыямат күнү, периштелер, китептер жана пайгамбарлар. Китептер менен пайгамбарлардын кайып нерселерге кирүүсүнүн себеби: пайгамбарларга киришүү катары түшкөн вахий-аян көзгө көрүнбөйт. Куду ошондой бул аят {مِمَّا رَزَقْنَاهُمْ} (Биз аларга ырыскы кылып берген нерселер) деген бөлүктү да «кимдерге мал-мүлк берүү керек» деп чечмелеп салды.

Аали Имраан 85

 Котормосу: Айт (О, Мухаммад!): «Биз Аллахка, бизге түшүрүлгөн нерсеге (Куранга) жана да Ибрахимге, Ысмайылга, Исхакка, Яъкубга жана (ошолордон турган) муундарга жана Муса, Ийса жана башка пайгамбарларга Раббиси тарабынан берилген нерселерге ыйман келтирдик. Биз алардын эч биринин арасын бөлбөйбүз жана биз Аллахка моюн сунуучуларданбыз». (3:85)

Мына бул үчүнчү аятта биринчи аятта кеп кылынган {مَا أُنْزِلَ مِنْ قَبْلِكَ} (сага түшүрүлгөн) дегенди да түшүндүрүп-чечмелеп койду. Тагыраак айтканда, Азирети Ибрахим(ас), Ысмайыл(ас), Исхак(ас), Яъкуб(ас), Муса(ас) жана Ыйса(ас)га, ошондой эле бардык улуу даражалуу пайгамбарларга (аты-жөнү жогоруда аталбаган) түшүрүлгөнгө да ыйман келтирүү зарыл. Тагыраак айтканда, эч кимди калтырбай баарына ыйман келтирүү лаазым.

Жогорудагы үч аятта Ислам жана ыймандын эки түрдүү белгилери баян этилген: айрымдары акыйдаларга (ишенимдер) байланыштуу; айрымдары амалдарга байланыштуу. Алла таалага ишенүү, периштелерге ишенүү, китептерге ишенүү, пайгамбарларга ишенүү, кыямат күнүнө ишенүү – булар акыйдаларга (ишенимдер) байланыштуу нерселер.

Ал эми намазды аткаруу, зекет берүү, жалпысынан жакын уруктарга, жетимдерге, мусапырларга, сурап келүүчүлөргө ж.б. колдон келишинче көмөк көрсөтүү, убада-келишимдерге бекем туруу, балээ-карсыктарда сабыр кылуу ж.б. иштер амалдарга тиешелүү. Ушул бир нече иштерден тышкары бардык жалпы такыба амалдар жана изги иштерде баш ийүү жана аларды аткаруу убадасын берүү дегендерди{وَنَحْنُ لَهُ مُسْلِمُونَ} (биз моюн сунуучубуз) деген сүйлөм аркылуу ачыктады.

Ал-Анфаал 3-5

Котормосу: Чынында, ыймандуу адамдарга Аллахты эскертилгенде, жүрөктөрү коркууга түшүп, аяттары окулганда ал аяттар алардын ыймандарын көбөйтөт. Жана алар Раббисине гана тобокел кылышат. (Дагы) алар намаздарын кемчилдиксиз окушуп, Биз ырыскы кылып берген нерселерден эхсан-садака кылышат. Ошлор гана чыныгы момундар! Аларга Раббисинин алдында (Бейиште, бийик) даражалар, кечирим жана улуу ырыскылар бар. (8:2-4)

 Ат-Тавба 112

Котормосу: (Ар убакытта күнөө-каталарынан) тооба кылуучулар, (Аллахтын Өзүнө гана) ибадат кылуучулар, (жеңилдик-оорчулукта) шүгүр кылуучулар, орозо кармаоочулар, руку жана сажда кылуучулар, (Аллах жана Пайгамбары буюрган бардык) жакшылыктарга буюруучулар жана (бардык) жамандыктардан кайтаруучулар жана Аллахтын чек-чегараларын сактоочулар… (ушундай) момундарга (Бейиштен) кушкабар бар! (9:112)

Мына ушул эки аятта төмөнкүдөй нерселер ыйман белгилери деп айтылды:

Алла тааланын улук экенинен коркуу, Анын ыйык аяттары менен ыймандын көбөйүүсү, Ага тобокел кылуу, намаз окуу, Алла таала тартуулаган ырыскынан Анын жолунда сарптоо, Алла таала жакка ийилүү, ибадат кылуу, Алла таалага мактоо-алкоо айтуу, орозо тутуу, жалпы баш ийүү жана өзгөчө баш ийүү, жакшылыкка чакыруу жана жамандыктан кайтаруу ж.б. шарият чек-чегараларын коргоо.

Жогоруда мисал кылынган беш аятта баяндалган бардык нерселер өзүнүн толук шарттары менен Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас)да кезигет жана колдон келишинче бүткүл Ахмадия Мусулман Жамааты мүчөлөрүндө да кезигет. Жогоруда кеп кылынган бардык белгилер жагынан Алла тааланын берешендиги жана колдоосу менен алардын баары حَقًّا } أُولَئِكَ هُمُ الْمُؤْمِنُونَ} (ошолор гана чыныгы момундар)дегенди тастыктоочу, тагыраак айтканда, нукура мусулман жана момун.

 ХАДИСТЕР БОЮЧА КИМ МУСУЛМАН ЖЕ МОМУН ЖЕ ТАКЫБА ДЕП АТАЛАТ?

(1)

 «Сахих Бухарий» жана «Сахих Муслимде» Азирети Умар(ра)дан көлөмдүү бир хадис рабаят кылынган. Анда төмөнкүдөй окуя баян этилди: Азирети Жабрейил(ас) Мухаммад Пайгамбар(сав)дын жыйынына келип, сахаабалар(ра)га динди үйрөтүү максатында айрым суроолорду сураган эле. Ошол суроолордун арасында Ислам жана ыймандын аныктамасы да бар болчу. Ал мындай деп айткан:

حديث الاسلام

Ислам – бул Алла тааладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок экенине жана Азирети Мухаммад(сав) Алла тааланын Элчиси экенине күбөлүк беришиң, намаз окушуң, зекет беришиң, Рамазандын орозолорун тутушуң жана эгер күчүң жетсе, Каабаны ажылык (зыярат) кылышың. («Мишкаат» Китаабул-Ыйман, 1-бөлүк, 2-хадис)

 Демек, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав) баян эткен аныктама жагынан алганда ушул иштерди аткарган адам, тактап айтканда, күбөлүк келимени келтирген, намазды аткарган, зекет берген, Рамазан айындагы орозолорду кармаган, ажылыкка күчү жетсе жана кандайдыр бир тоскоолдук болбосо, ажылыкка барган адам – мусулман.

(2)

Азирети Жабрейил(ас) ыйман эмне деп экинчи суроо берди. Ошондо Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав) мындай деп жооп кылды:

حديث الايمان

Ыйман – бул Аллага, Анын периштелерине, Анын китептерине, Анын пайгамбарларына, кыямат күнүнө жана тагдырга, тагыраак айтканда, Анын жакшы-жаман тагдырына ыйман келтиришиң.(«Мишкаат» Китаабул-Ыйман, 1-бөлүк, 2-хадис)

 Сүйүктүү ПайгамбарыбызМухаммад(сав)дын жогорудагы айткандарынан маалым болгондой, Алла таалага, Анын периштелерине, Анын китептерине, Анын пайгамбарларына, кыямат күнүнө жана Анын тагдырына ишенүү – бул «ыйман» деп аталат.

(3)

 Хадис аркани Ислам

Котормосу: Азирети ибн Умар(ра) Мухаммад Пайгамбар(сав)дын мындай дегенин рабаят этет: «Ислам беш нерсеге негизделет: 1) күбөлүк келимеси, тактап айтканда, [أَشْھَدُ أَنْ لاَ إِلَهَ إِلَّا اللَّهُ وَأَنَّ مُحَمَّدًا عَبْدُہٗ  وَرَسُوْلُہٗ] (Ашхаду аллаа илааха иллаллааху ва анна Мухаммадан абдуху ва расулух) деп айтуу; 2) намаз окуу; 3) зекет берүү; 4) ажылык (зыярат) кылуу; 5) Рамазан орозолорун тутуу.

 Кыскасы, кимде ушул беш нерсе (белги) кезиксе, ал киши Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав)дын айтымында мусулман болот.

(4)

Хадис Истикбалул-Киблата

Котормосу: Азирети Анас(ра) Мухаммад Пайгамбар(сав)дын мындай дегенин рабаят этет: «Кимде-ким бизге окшоп намаз окуса, Кыбылабызга жүздөнсө жана биз сойгонду (алал эт) жесе, ал мусулман болот. Кимде-ким аны мусулман дебесе, ал Алла жана Анын Пайгамбарынын башпаанегин бузат. («Сахих Бухарий», Китаабус-Салаат, Баабу Истикбаалил киблати)

 Ушул хадистен белгилүү болгондой, кимде-ким Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав) айтып берген намазды аткарса, ал(сав) дайындаган Кыбыла жакка жүздөнсө жана мусулмандар сойгон малдын этин жесе (алал эт), ал мусулман болот жана Алла таала менен Анын Пайгамбары Мухаммад(сав)дын башпаанегинде болот. Аны «мусулман» деп санабаган адам Алла таала менен Анын Пайгамбары Мухаммад(сав)дын башпаанегин бузган болот.

Share via