Сүрөөлөрдүн түшүндүрмөсү • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Сүрөөлөрдүн түшүндүрмөсү

Курани карим адамзатка диний жана руханий жактан багыт берүү үчүн, адамдарды туура жолго баштоо үчүн келген акыркы жана толук шарият. Ал Алла таала тарабынан жиберилген башка илахий китептердин каршысында өзгөчө коомго да таандык (чектелген) эмес, өзгөчө заманга да таандык (чектелген) эмес, тескерисинче жер жүзүндөгү бардык адамдарга таандык болуп, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав)га түшкөн.

Бир жүз он төрт (114) сүрөө жана болгону алты миӊ беш жүз (6500) аяттан турган ушул чакан гана Китептин руханий жана дүйнөлүк илим-билимдердин чексиз маани-мазмундарын өзүнө камтуу – бул Курани каримдин күчтүү муъжизасы жана керемети. Алла тааланын бар экендиги, периштелердин бар экендиги, ааламды Жаратуучусу менен Анын жаратылышынын ортосундагы алака-байланыш, өлүмдөн кийинки жашоо, о дүйнөдөгү жашоонун акыйкаты, адамдын жаралуу максаты, пайгамбарлар жана диндер тарыхы, үлгүлүү адамдык коомчулуктун жетекчи усулдары (принциптери), жакшы жана жаман ахлактар, ибадаттар жана мамилелер жөнүндө Алла тааланын буйруктары жана алардын хикматы (даанышмандыгы), кыскасы, ар бир доордо жана дүйнөдөгү ар бир заманда амал кылууга жарактуу Алла тааланын акы-укуктары жана пенделердин акы-укуктары жөнүндөгү (же байланыштуу) бардык маселелер анда бар. Курани каримдин өзү мындай деп айтат:

 

KY-Introduction-Suras-Arabic-001

 

«Кул лау каанал-бахру мидадан ли калимаати Раббий ла нафидал-бахру кабла ан танфада калимаату Раббий ва лау жи’наа би мислихий мададаа».

Айт: «Эгер деӊиздер Раббимдин сөздөрү үчүн сыя болсо, Раббимдин сөздөрү бүтүштөн мурунураак деӊиздер албетте, түгөнүп калат, мейли Биз жардам катары ушул сыяктуу башка (деӊиздер)ди алып келсек дагы». (18:110)

Курани каримдин түшүү ирети башкача болгон, ал эми китеп катары топтолуу ирети башкача.

Курани каримдин Хира үӊкүрүндө Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав)га түшкөн

 

KY-Introduction-Suras-Arabic-002

 

«икра’ бисми Раббикаллазий халак» (Жараткан Раббиңдин аты менен оку (96:2) деген эӊ биринчи аяты Курани каримдин 96-сүрөөсү – «Аль-Алак» сүрөөсүндө жайгашкан. Айрым рабаяттарга караганда,

KY-Introduction-Suras-Arabic-003

 

«ал-йаума акмалту лакум дийнакум» (Бүгүн Мен силерге диниңерди толук кылдым (5:4) деген эӊ акыркы аяты Курани каримдин 5-сүрөөсү – «Аль-Мааида» сүрөөсүндө жайгашкан. Ошондой эле хижрадан (көчүү) мурун түшкөн көпчүлүк меккелик сүрөөлөр Курани каримдин соӊку бөлүгүндө коюлган.

Себеби, Курани карим өзүнүн түшүп жаткандыгы менен бирге Курани каримдин таалимдерин дүйнөгө жайылта турган коомду да даярдап жаткан эле. Ушуга байланыштуу түшүү иретинде эӊ алгач Алла тааланын бар экендиги, адамдын жаралуусу, өлүмдөн кийинки жашоо, жана адамдын Алла таалынын алдында өзүнүн амалдары боюнча жоопкер экендиги, жакырлар, жетимдер жана колунда жокторго көмөк көрсөтүүгө насаат, ааламдын жаралуусуна кылдат ой жүгүртүү өӊдүү маселелер бар. Андан кийин исламий коомчулуктун ар кандай баскычтарында ибадаттардын фикхтик маселелери, улуттук жана эл аралык кызматташуунун негизги жетекчи усулдары, жихаддын ар түрдүү көрүнүштөрү жөнүндөгү көрсөтмөлөрдөн турган таалим, аны менен бирге пайгамбарладын өмүр баяндары жана алардын коомдору аларга көрсөткөн мүнөзү жана табигат сырлары абдан көркөм ыкмада баян этилген.

Ушул таалим толук бойдон түшкөн соӊ китеп катары анын ирети түшкөн иретинен башкача болчу. Бирок сүрөөлөр жана алардын аяттарынын ирети кандайдыр бир инсандын иши болгон эмес, тескерисинче бул жөнүндө Алла таала Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав)га Курани каримдин түшүүсү менен бирге анын иретин да айтып жаткан эле. Мисалга, хадисте мындай деп кезигет: Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав)га Курани каримдин кандайдыр бир аяты же сүрөөсү түшкөндө, ал(сав)вахий-аян катчыларын чакыртып, мындай деп айтчу:

 

KY-Introduction-Suras-Arabic-004

 «Заъуу хааулаа-ил-аййаати фис-сууратилла-тий юзкару фийхаа казаа ва казаа».

Бул аят же ушул аяттарды баланча сүрөөнүн баланча аятынан кийин койгула. («Жаамиъ Термизий»)

«Фатхул-Баарий» китебинин автору ушул хадисти чечмелеп жатып, мындай деп жазат:

 

KY-Introduction-Suras-Arabic-005

«Анна тартийбал-аайаати фий кулли суратин каана тауфийкан». («Фатхул-Баарий шархул-Бухарий», Китаабул-фазааилил-Куран, 9-том, 4996-хадистин түшүндүрмөсү)

Ар бир сүрөөдө аяттардын ирети тауфийки, тагыраак айтканда, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав) ушул иретти Алла тааладан илим алып айтып берген. Ошондой эле сүрөөлөрдүн ирети да тауфикий, тактап айтканда, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав) ушул иретти да Алла тааладан илим алып айтып берген.

Ушул эле ирет менен Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав) Курани каримди жатка билчү жана ар бир куттуу Рамазан айында Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав) Азирети Жебреил(ас) менен аны кайталачу. Сахаабалар разияллааху анхумдун арасында Куранды жатка билгендер да ушул эле ирет менен билчү.

Курани каримдин сүрөөлөрүнүн өз ара ирет жана алака-байланыш темасында муфассирлер (Курани каримди чечмелегендер) көп деле жазышкан эмес. Ал эми Азирети Имам Махдий(ас)дын 2-халифасы Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад(ра) өзүнүн атактуу тафсири – «Тафсир-э-Кабийрде» ар бир сүрөөнүн башында ушул тема тегерегинде талкуу жүргүзгөн жана ошол сүрөөнүн өзүнөн алдыӊкы сүрөөсүнүн маани-мазмундары менен кандай алака-байланыш бар экенин көрсөтүп берген. Бул маселе Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад(ра) айтып берген маанилүү пикирлери Курани каримдин тафсир адабияттарында өзгөчө орунга ээ.

Ал(ра)ну ээрчип, Азирети Имам Махдий(ас)дын 4-халифасы Азирети Мырза Тахир Ахмад(ру) (1928-2003) өзүнүн Курани карим котормосунда ар бир сүрөөнүн башында ошол сүрөөнүн маани-мазмундарынын корутундусун, ошол маани-мазмундардын өткөн менен кийинки сүрѳѳ менен болгон руханий алака-байланышты жана иретти айкындаштырып, абдан кымбат илимий пикирлерди баяндаган.

Share via