1 – Аль-Фаатиха сүрөөсү

Бул сүрөө Меккедеги алгачкы доордо түшкөн. Айрым ишенимдүү рабаяттарга караганда, бул сүрөө Мединада экинчи ирет түшкөн. [بِسْمِ اللّٰہِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِیْمِ] «Бисмиллаахир рахмаанир рахиймди» (Эӊ Мээримдүү (жана) Эӊ Ырайымдуу Алланын аты менен) кошо эсептегенде, жети аяттан турат.
Бул сүрөө Курани каримдин бардык мазмундарынын жыйындысы. Ошол үчүн хадистерде [اُمَّ الْکِتٰبِ]«Уммуль-Китааб» (Китептин энеси) деп аталган. Мындан тышкары [فَاتِحَۃُ الْکِتٰبِ]«Фаатихатуль-Китааб» (Китепти ачуучу), [اَلصَّلٰوۃُ] «Ас-Салаат» (Намаз жана дуба), [اَلْحَمْدُ]«Аль-Хамд» (Мактоо-алкоо), [اُمُّ الْقُرْآنِ] «Уммуль-Кураан» (Курандын энеси), [السَّبْعُ الْمَثَانِیْ] «Ас-Сабъуль-Масааний» (Кайта-кайта окулуучу), [اَلشِّفَآءُ] «Аш-Шифаа» (Шыпаа берүүчү) жана [اَلْکَنْزُ] «Аль-Канз» (казына) сыяктуу абдан көп наамдары да учурайт.
Алла таала Азирети Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас)га айрыкча ушул сүрөөнүн тафсир илимин мол берген. Ошондуктан, ал(ас) бул сүрөөнүн тафсирин өзгөчө арапча жазган.