2 - Аль-Бакара сүрөөсү • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

2 – Аль-Бакара сүрөөсү

Бул сүрөө Медина доорунун биринчи жана экинчи жылдарында түшкөн. [بِسْمِ اللّٰہِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِیْمِ]«Бисмиллаахир-Рахмаанир-Рахиймди» кошо эсептегенде, эки жүз сексен жети (287) аяттан турат.Бул сүрөөнүн башында эле Алла таалага, вахий-аянга жана акыретке ыйман келтирүү өңдүү негизги ишеничтердин баяны бар. «Аль-Фаатиха» сүрөөсүндө «тартуу кылынган», [مَغْضُوْبِ عَلَیْھِمْ] «каарга дуушар болгон» жана [ضَالِّیْن] «адашкан» деген үч (3) тайпа тилге алынган. «Аль-Бакара» сүрөөсүндө болсо, «тартуу кылынган» тайпаны баяндагандан кийин [مَغْضُوْبِ عَلَیْھِمْ] «каарга дуушар болгон» тайпасынын жаман ынанымдары, жаман амалдары жана башка бузукулуктары кеңири-кесири баяндалган.

Бул сүрөө – жашоонун башталышынан тартып, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав)дын тилге алынышына чейин ар кандай пайгамбарлардын окуяларын баян кылган жана кыяматка чейин Ислам дини туш келе турган коркунучтарды да белгилеген таңгалаарлык керемет-муъжиза. Азирети Адам(ас)дын баянынан кийин, ири дин пайгамбарлары да тилге алынган. Мисалы, Азирети Ибраахийм(ас), Азирети Муса(ас), Азирети Ыйса(ас) жана Азирети Мухаммад Мустафаа(сав). Ушул сүрөөнү окуганда, шарият толук-кемел болгондой жана анын бир да жагы чала калбаганы туюлат. Туура, кийинки сүрөөлөрдө шарияттын айрым башка жактары учурайт, бирок бул сүрөө өз ордунда бардык мазмундарды камтыган. «Ар бир нерсенин чокусу болот, Курандын чокусу болсо, «Аль-Бакара» сүрөөсү. Анда Курандын бардык аяттарынын башчысы эсептелген «Аят уль-Курсий» деген аят бар», – деп хадисте Азирети Мухаммад Мустафаа(сав) айткан. Ошентип, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав)га бул сүрөөнүн берилиши ал(сав)дын өзгөчө даража-мартабасын далилдейт. Анда намаз, орозо, зекет жана ажылык маселелери да баяндалган. Мындан тышкары Азирети Ибраахийм(ас) жана Азирети Исмааийл(ас) «Байтуллаахты» (Алланын Үйү – Кааба) кайрадан куруп жаткан учурда, кылган дубалары да өзүнө ылайык орунду ээлейт.

Бул сүрөөдө Алла таала Бани Израийл менен түзгөн, алар өздөрүнүн бактысыздыгынын айынан бузган жана кийинчерээк Азирети Ыйса(ас)дын келүүсүнө себеп болгон «мийсаак» жѳнүндѳ да сѳз кылынган.

Бул сүрөөнүн акырында «ар кандай дубалардын корутундусу жана дубалардын тартууланган түгөнбөс казынасы» деп сезилүүчү бир аят бар.

Share via