3 - Аали Имраан сүрѳѳсү • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

3 – Аали Имраан сүрѳѳсү

Бул сүрөө үчүнчү хижрий жылы Мединада түшкөн. [بِسْمِ اللّٰہِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِیْمِ] «Бисмиллаахир-Рахмаанир-Рахиймди» кошо эсептегенде, эки жүз бир (201) аяттан турат.

«Аль-Фаатиха» сүрөөсүндөгү белгилүү үчүнчү тайпа [ضَالِّیْن] «зааллийин» (адашкандар) бул сүрөөдө өзгөчө орунду ээлейт. Ушул өңүттөн, христиан дининин башталышы, Азирети Марям алайхаассалаамдын дүйнөгө келиши жана Азирети Ыйса(ас)дын кереметтүү туулушунун баяны да бар. Бул сүрөөдө Алла таала Азирети Марям алайхаассалаамга көрсөткөн айкөлдүгү жана Алла тааланын ага кайыптан ырыскы тартуулап тургандыгы да баяндалган. Азирети Марям алайхаассалаамдын тазалыгына ой жүгүртүүнүн натыйжасында гана Азирети Закария(ас)дын көңүлүндө пакиза (таза) перзентке болгон өзгөчө тилек пайда болгон болушу керек.

Бул сүрөөдө Азирети Ыйса(ас)дын муъжиза-кереметтери да ушундай ыкмада баяндалган: Библияны окуган адамда муъжизалар туурасында пайда боло турган бардык жаңылыштыктарды Курани карим муъжиза-кереметтердин акыйкатын ачып берүү жолу менен бир жактуу кылат. Бул сүрѳѳдѳ Азирети Ыйса(ас)дын табигый өлүмү менен өлгөнү да баяндалган.

Ушул сүрөөдө жөөттөрдөн алынган «мийсаактын» (ант-убаданын) каршысында бардык пайгамбарлардан алынган [مِیْثَاقُ النَّبِیِّیْنَ] «мийсаак ун-Набиййин» (пайгамбарлардын ант-убадасы) жѳнүндѳ да кезигет. Ал (ант-убаданын) корутундусу тѳмѳнкүдѳй: эгер силерден кийин силер берген жакшы таалимдериңерди тастыктай турган жана аларга амал кыла турган пайгамбарлар келишсе, анда аларга жардам берүү силердин коомуңарга парыз-милдет болот. Ушул «мийсаак» (ант-убада) «Аль-Ахзааб» сүрөөсүндө да баян кылынган жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав)дын өзүнөн да мына ушул «мийсаак» алынган эле.

Мына бул сүрөөдө башка буйруктар жана көрсөтмөлөрдөн тышкары: «Силер сүйгөн жана эң жакшы көргөн нерселериңерди Алла таала жолунда сарптамайынча курмандыктарыңар кабыл болбойт», – деп финансылык курмандыктын философиясы жѳнүндѳ да айтылган.

Бул сүрөөдө Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав)дын «Бадрдагы» муъжиза-кереметтүү жеңишинин баяны да бар. Ал жеңиштен кийин Исламдын салтанаттуу жеңиш доору башталды. Ошондой эле «Ухуд» (каапырлар менен болгон экинчи уруш) да тилге алынган, анда сахаабалар Азирети Исмааийл(ас)дын курмандыгы сыяктуу кой-эчкилердей союлуп жиберилген болсо да, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав)ды жалгыз калтырышкан эмес.

Share via