4 - Ан-Нисаа сүрѳѳсү • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

4 – Ан-Нисаа сүрѳѳсү

Бул сүрөө үчүнчү жана бешинчи хижрий жылдарынын ортосунда түшкөн. [بِسْمِ اللّٰہِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِیْمِ]«Бисмиллаахир-Рахмаанир-Рахиймди» кошо эсептегенде, бир жүз жетимиш жети (177) аяттан турат.

Бул сүрөө адамзаттын муъжиза-кереметтүү пайда болуусу бир жандан башталгандыгын баяндаган аят менен башталган. «Адам» сөзүнө бир башкача түшүндүрмө берилген сыяктанат.

Бул сүрөө өзүнѳн алдыңкы сүрөөнүн акыркы бөлүгү менен бекем байланыштуу. Алдыңкы сүрөөнүн акырында сабырдуулук таалиминен тышкары «бири-бириңерди да сабырдуулукка чакырып тургула жана чек араларңарды да коргогула» деген таалим берилген эле. «Ан-Нисаа» сүрөөсүндө душман менен боло турган коркунучтуу уруштар, анын натыйжасында көптөгөн аялдардын жесир жана балдардын жетим калуусу жѳнүндѳ да баян бар. Уруштардын натыйжасында пайда боло турган кыйынчылыктар жана кѳйгѳйлѳр – жесир аялдар менен жетим балдардын укугуна таандык болгон төмөнкүдѳй жол көрсөтүлгөн: эгер момун-мусулман адилеттүүлүктүн үстүндө тура алса, анда бирден артык аялга үйлөнүү жолу менен ушул маселени чечүүгө болот. Эгер адилеттин үстүндө тура албаса, анда бир эле никеге ыраазы болушу керек.

Бул сүрөөдө исламий мурас системасынын негизги принциптери жана деталдары кеңири-кесири баяндалган.

Бул сүрөөдө яхудий жана христиан дининин өз ара байланышы жана Азирети Ыйса(ас)дын келүүсү тууралуу да төмөндөгүдѳй баяндалган: яхудийлер өздөрүнүн бардык келишимдерин бузуп, ырайымсыз болушканда, ошондой эле Азирети Ыйса(ас)ды крестке асып, өлтүрмөкчү болушканда, крест аркылуу Азирети Ыйса(ас)ды өлтүрүү максатында алардын кылган иш-аракетин Алла таала кандай жокко чыгарган, ошондой эле Азирети Ыйса(ас)га жана анын ардактуу энесине яхудийлер тарабынан кылынган бардык жалаалардан аны кандай тазалаган деп.

Ушул сүрөөдө Азирети Ыйса(ас)дын хижраты (кѳчүү) туурасында да баян бар, ошондой эле анда «Азирети Ыйса(ас)дын ырастыгына жана анын табигый өлүмүнө ыйман келтирбеген Китеп ээлеринин тайпаларынан бири да калбайт» деген кушкабар тилге алынган. Ушул алдын-ала кабар анын Оганстан аркылуу Кашмир (Индия менен Пакистандын ортосунда талаштуу ѳрѳѳн) тарапка кылган хижратынын натыйжасында кыйшаюусуз жүзөгө ашкан.

Share via