5 - Аль-Мааида сүрѳѳсү • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

5 – Аль-Мааида сүрѳѳсү

Бул сүрөө Медина доорунун акырында түшкөн. [بِسْمِ اللّٰہِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِیْمِ] «Бисмиллаахир-Рахмаанир-Рахиймди» кошо эсептегенде, бир жүз жыйырма бир (121) аяттан турат.

Бул сүрөөдө Азирети Ыйса (ас)дын көптөгөн муъжиза-кереметтеринин акыйкаты баяндалган. Тафсир китептеринде: «Ал(ас)га асмандан кадимки эле азык-оокаттан турган дасторкон түшүрүлгөн», – деп баса белгиленген нерсенин акыйкаты мындай деп ачылып берилди: «Чынында, бул алдын-ала берилген бир кабар болуп, анда христиан коомуна бериле турган түгөнбөс ырыскы Азирети Ыйса(ас)дын дубалары жана курмандыктары натыйжасында берилет деген ишаарат бар эле. Бирок, эгер алар ушул ырыскыга шүкүрсүздүк кылышса, (тилекке каршы анын белгилери башталып калды) анда дүйнөдө эч качан, эч кимге берилбеген оор жаза аларга берилет».

Бул сүрөөнүн башында эле убада-анттарды бузуунун натыйжасында жөөттөр жана христиандарда пайда болгон кемчиликтерди көз алдыда тутуп, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав)дын үммөтү кулактандырылган.

Ага чейин «Аль-Бакара» сүрөөсүндө ар кандай тамактардын адал же арам экендиги айтылып өтүлгөн. Бирок, бул жерде Исламды башка бардык диндерден ажырата турган бир жаңы нерсе айтылган. Ал деген, ырыскы тек адал болушу эле жетиштүү эмес, тескерисинче «таййиб» (пакиза, эң таза) болушу да керек. Демек, эгер кандайдыр бир ырыскы адал болсо да, эң пакиза жана ден-соолукка пайдалуу болмоюнча андан этият болуш керек.

Мындан илгери ар кандай абалда адилет-ынсап үстүндө туруу туурасындагы таалим өтүп кеткен. Эми, бул сүрөөдө күбөлүк мазмуну башталат жана күбөлүктө бүтүндөй адилет-ынсап үстүндө турууга төмөнкүдөй өтө зор жана сонун басым жасалган: «Эгер кандайдыр бир коом силерге душман болсо да, анын укуктарын толук аткаргыла жана алар менен кѳйгѳйлѳрдү чечкениңерде, адилеттикти эч качан колдон коё бербегиле».

Бул сүрөөдө «мийсаак» (ант-убада же келишим) дагы бир ирет тилге алынган. Анда жөөттөр кандай «мийсаакты» бузушканда, өз ара кастык-душмандыкка кирептер болуп, жетимиш эки (72) агымга бөлүнүп кетишкендиги тууралуу айтылган. Ошондо Азирети Ыйса(ас) келип, жетимиш үчүнчү (73) «наажий» (кутулуучу) агымга негиз салган. Бирок ал(ас)дын өз коому да насааттан пайдаланбайт жана топ-топ болуп кете берет; алар өздөрүнүн арасындагы өз ара көрө албастык, кастык жана менменсинүүчүлүктүн себебинен чоң-чоң дүйнөлүк уруштарга кирептер болушат. А түгүл ушул уруштарда христиан коомдору бири-бирине каршы кылыч көтөрүшөт деген алдын-ала берилген кабар да бар.

Бул сүрөөдө коомдор ортосундагы уруштар жана кыргындар баянынан тышкары зулумдук жана адилетсиздик боюнча чектен ашуучу бир тайпанын баяны да учурайт (34-аят). Белгилүү болгондой, бүгүнкү күндө жаш балдарга кылына турган мыкаачылыктын мисалы Батыш өлкөлөрүндө да бар. Чыгыш дүйнөсүнө келе турган болсок, ал жерде бул нерсе толуп-ташып жатат. Мындан тышкары, өтө коркунучтуу кылмыштар да бар, [{فَشَرِّدْ بِهِمْ مَنْ خَلْفَهُمْ} (الأَنْفال 58)] «фа шаррид би хим ман халфахум» (алар(дын жаман акыбети)нен алардын артындагыларын да таркатып жибер (8:58) дегендин мазмуну да ишке ашып, алардын коркунучтуу акыбетинен ибарат алып, калган кылмышкерлер кылмыш иштеринен баш тартсын деп алардын жазасы абдан катуу болуш керек.

Бул сүрөө ар кандай зулумдуктарга каршы үн салат. Мына ушул контекстте: «Зордук менен кимдир бирөөнүн динин өзгөртүүгө эч качан уруксат берилбейт», – деп баян кылынган. Эгер өтө катуу зордуктун натыйжасында айрым кишилер динден кайтышса да, Алла таала кайткандардын ордуна сан жагынан алардан да көбүрөөк болгон, момундарды өтө сүйө турган жана каапырларга карата өтө туруктуу боло турган ири коомдор (мусулмандарга) берет.

Бул сүрөөдө Курани каримдин адилет-ынсап туурасындагы дүйнөдөгү башка бир дагы китепте учурабаган таалимдеринин баяны бар. Мындай деп айтылган: «Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав)га ыйман келтирүүдөн тышкары да, өздөрүнүн диний таалимине чын жүрөктөн амал кыла турган, акырет, тагыраак айтканда, өз амалдарынын жоопкерчилигин кабыл ала турган башка диндердин жолдоочуларына жакшы амалдары үчүн Алла таала эң жакшы сыйлыкты тартуулайт. Алар өз акыбеттери тууралуу коркпош керек жана кайгы тартпаш зарыл.

Бул сүрөөдө тилге алынган өз ара кастык тууралуу баянда катуу кастык жана душмандыкты чыгара турган башка себептер да баяндалган. Алардын бири – шарап, экинчиси болсо, кумарпоздук. Туура, буларда айрым арзыбаган пайдалар да бар, бирок алардын зыяндары пайдаларына караганда көбүрөөк.

Ушул сүрөөнүн аягында Азирети Ыйса(ас)дын каза тапкандыгы тууралуу ачык-айкын баян этилген. Ал(ас)эч качан өз коомуна [تثلیث] «таслис» (үчүлүк) деген ишеними же шериктен таалим бербеген жана эч качан: «Мени жана энемди Алла  тааланын ордуна «кудай» кылып алгыла», – деп айтпаган кемел-жетик бир [مَوَاحِدْ] «муваахид» (Алла тааланын жалгыздыгына ишенген адам) пайгамбар катары сүрөттөлгөн.

Share via