Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Германиянын Раунхайм шаарында жума кутбасын окуду
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Германиянын Раунхайм шаарында жума кутбасын окуду

Азирети Мырза Масрур Ахмад Ахмадия Мусулман Жамаатынын үч атактуу адамдарынын жаназа намазын окутту

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнөлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхисслаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала ага Жардамчы болсун) 2017-жылдын 14-апрелинде Германиянын Раунхайм шаарында өзүнүн жумалык жума кутбасын окуду.

8,000ден ашык адамдар катышкан жума кутбасында Ал Азирети Ахмадия Мусулман Жамаатынын жакында өлгөн үч атактуу инсан – проф. Ашфак Ахмад, Ч. Насируддин жана Сахибзадий Аматул Вахийд айымдын жашоосуна тазим көрсөттү.

Аталган үч инсандын жашоосу жөнүндө сөз кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Ушул инсандар ээ болгон адеп-ахлактык сапаттары Ахмадия Мусулман Жамаатынын бардык мүчөлөрү үчүн үлгү болуп саналат, ошондой эле алардын жашоосу жана окуялары көптөгөн адамдар үчүн сабак».

Ал Азирети мындай деди: проф. Ашфак Ахмад 2017-жылдын 7-апрелинде  Пакистанда дин атынан жасалган бир кол салууда шейит болгон.

Ахмад мырза өзүнүн небереси жана бир досу менен жума намазын аткаруу максатында жеӊил машина менен кетип бара жатканда, аны өлтүргөн адам мотоцикл менен анын машинасына жакындап келип, Ахмад мырзга ок аткан. Ахмад мырза ошол эле жерде жан берди.

Проф. Ашфак Ахмад мырза жөнүндө сөз кылып, Ал Азирети мындай деди: ал киши

«өтө бийик адеп-ахлакка ээ болчу»

жана ошондой өмүр сүрүп, Ислам дининин чыныгы таалимдерин жайылткан.

2017-жылдын 7-апрелинде Ч. Насируддин Индияда бир дарыяда сүзүп жатканда, чөгүп өлдү. Ал киши Индиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын миссионери болчу.

Ал Азирети мындай деди: ал киши жөнөкөй жашоо жашаган жана көптөгөн диний кысымдарга кабылган, ошентсе да, ал эч качан өч алган эмес же ачуусун көрсөткөн эмес жана кыйынчылыктарга зор сабырдуулук менен туруштук берген.

Ал Азирети 2017-жылдын 10-апрелинде Пакистанда көз жумган Сахибзадий Аматул Вахийд Бегамдын жашоосу жөнүндө да токтолду. Ал киши Ахмадия Мусулман Жамаатынын Негиздөөчүсү, Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхисслаам)дын небереси болчу.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди: ал киши узакка созулган оорусуна сабырдуулук менен чыдаган жана ар дайым

«такыбалуулуктун мыкты өкүлү»

болгон.

Ал Азирети мындай деди: ал киши жакырлардын акы-укуктарын аткарууга көбүрөөк көӊүл бурган жана шарты жокторду багуу үчүн улуу курмандыктарды жасаган.

Жума кутбасынан кийин, Азирети Мырза Масрур Ахмад ушул үч инсандын гайып жаназасын окутту.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: kyrgyz@ahmadiyya-islam.org

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Share via