Намазды аткаруу парыздуулугу
Балакат жашына жеткен, акылы толук ар бир мусулманга намазды аткаруу шарт. Балакат жашына жетпеген жаш балдарга намаз окуу шарт эмес. Бирок, намазды көрсөтүлгөн ыкмада калтырбай окууну баштоо курагы келгенге чейин аларды тынымсыз үгүттөп туруу керек. Бул үчүн балдарга туура таалим-тарбия берүү зарыл. Ошондуктан, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай айткан:
«Балдары жети жашка толгондо ата-энелери аларды калтырбай намаз окууга үйрөтүүсү керек, алар он жашка толгондо, намазды калтырбай окубаса, анда аларга эскертүү берип туруусу зарыл». («Сунан Аби Давуд», Китаабус-Салаат).
Балакатка жеткен балдардын ар бирине намаз окуу парыз. Аларды ушул учурда мажбурлап намаз окутууга эч кимде, а түгүл өкмөттө дагы укук жок, себеби күч менен окутулган намаз маанисиз нерсе. Намаз ар бир кишинин өз каалоо-ыктыяры менен аткарылышы керек. Бул – адам менен анын Кудайы ортосундагы алака-байланыш. Ошондуктан, эч ким арага түшө албайт. Демек, бардык мусулман ата-энелер балдарын жаштайынан намаз окууга үйрөтүүнү өз милдети деп билүүсү шарт. Андан тышкары, өз балдарынын калтырбай намаз окуй турган инсан болуусуна Алла Тааладан дуба сурап туруулары зарыл. Намазга көндүрүү чоң иш болгондуктан Алла Тааладан жардам суроо абдан маанилүү жана керектүү.
Курани каримде айтылгандай, Азирети Исмааийл (алайхиссалаам) өмүр бою үй-бүлөсүн намаз окууга тынбай чакырган экен. Тажрыйбалар көрсөткөндөй, кайсы үйдө жашы улуу адамдар калтырбай намаз окуса, ошол үйдө жаш балдар улуулардын ибадат аракеттерин туурап, аларды ээрчип, маалы келгенде, өздөрү үзбөй намаз окуй башташат. Кыскасы, бала жети жашка толгондо, ага намаз окуунун туура жолдорун үйрөтүү зарыл. Аны намазга кошуу керек жана мүмкүн болсо, аны мечитке чогуу барууга көндүрүү керек. Бул нерсе баланын намазга ыклас коюусуна жардам берет. Ушул ыкмада намаз окуу укумдан-тукумга өткөн адатка айланат. Эгер 10-12 жаштагы балдар намазга бир аз көңүл кош карашса, анда алардын ата-энесине же тарбиячысына балдарга кичине жеңил жаза берүүсүнө уруксат берилген. Жаза берүүгө уруксат берилген дегенибиз, балага мээримсиздик менен жаза бериш эмес, болгону себепсиз мектепке барбаган балага кандай эскертүү берилсе, ошол сыяктуу акыл-насаат айтылат. Бирок, бала 12 жашка толгондо, ата-энеси өз милдетинен кутулуп калгандыгын, андан ары бул нерсе бала менен Алла Тааланын ортосундагы мамиле болуп, ал Алланын алдында өзү жооп берерин балага түшүндүрүш керек. Бирок, мындан кийин балага акыл-насаат айтууну, эскертүүнү токтотуу керек деген маани чыкпайт, анткени бул нерсе аларга пайдалуу болгондугу үчүн, керек болсо өмүр бою акыл-насаат айтууну улантуу керек. Кыскасы, бул жеңил гана жаза болуп, бала 12 жашка толгондо ага чек коюлат. Жогоруда айтылгандай, Азирети Исмааийл (алайхиссалаам) өз үй-бүлөсүнө дал ошол ыкманы – cылыктык жана мээримдүүлүк менен үгүттөө ыкмасын колдонгон. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) да үй-бүлөсүнө карата дал ошондой жолду туткан. Рабаяттарга караганда, ал өзүнүн кызы Азирети Фаатима (разияллааху анхаа) жана өз күйөө баласы Азирети Али (разияллааху анху)ну дайыма Багымдат намазын окууга ойготчу эле.