Рамазан жана ибадаттар • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Рамазан жана ибадаттар

АС-САЖДА 17

«та-та-жаа-фа жу-нуу-бу-хум анил-ма-заа-жиъи яд-ъуу-на Рабба-хум хау-фан ва та-ма-ъаа ва мим-маа ра-зак-наа-хум юн-фи-куун». (32:17)

Алардын капталдары төшөктөрдөн ажырап кетет жана алар коркуу менен үмүт абалында Раббисине кайрылышат жана Биз аларга берген нерселерден сарп кылышат. (32:17)

САЛАВАТ

ХАДИС

«каа-ла Ра-суу-луллаа-хи саллаллааху алайхи ва саллама инна ли-кулли шай-ин баа-бан ва баа-бул-ибаа-да-ти ас-сия-му».

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айткан: «Албетте, ар бир нерсенин кандайдыр бир дарбазасы болот жана ибадаттын да дарбазасы бар, ал дарбаза – бул орозо». («Жаамиус-Сагийр»)

Рамазан айы Алла Таалага жакындоо үчүн эң жакшы ай. Сүйүүнүн натыйжасында жакындоо тилеги пайда болот. Табиятынан, адам баласы өзүнүн сүйүктүүсү менен кайра-кайра жолугушууну каалайт. Ошондуктан, Алла Тааланы сүйгөн момун-мусулман намазды да сүйөт. Анткени, намаз Алла Таала менен жолугушуунун эле экинчи аталуусу. Хадисте мындай деп кезиккендей, намазды

ХАДИС 2

«ка-анна-ка та-раа-ху фа-иллам- та-кун та-раа-ху фа-инна-ху я-раа-ка», Алла Таала сенин маңдайыңда туруп, сен Аны көрүп тургандай, намаз аткаргын. Эгер ушул даража насип этпеген болсо, анда эч болбогондо Алла мени көрүп турган экен деген ойдо болушуң керек. Демек, намаз – бул Алла Тааланын ордосуна кирип баруу дегендик.

Намаз окуган адам «Аллааху Акбар» (Алла баарынан Улук) деп ага кирет жана «Ассаламу алайкум ва рахматуллах» (силерге Алланын тынчтыгы жана рахматы болсун) деп чыгат. Алла Тааланы сүйгөн адам кайра-кайра ошол ордону көздөй жол алат. Анын ордосуна жетип, ал бейпилдик жана лаззат алат. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) момун-мусулмандын жүрөгү мечитте эле кармалып калат деп айткан.

Ошондой эле сүйүүнүн натыйжасында адам табиятынан өз сүйүктүүсүнүн түсүнө эле кирүүнү каалайт. Сүйүктүүсүнүн жүрүм-турумдары ага жага баштайт, ошондой эле анын сүйүктүүсү жийиркен нерселерден ал да жийиркене баштайт. Алла Таала ар бир айып-кемчиликтен таза болгондуктан, чыныгы намазчынын жан-дүйнөсү да тазалана баштайт. Анда тазалыктар пайда болуп, жаманчылыктар жоголо баштайт. Алла Таала Курани Каримде мындай деп айтат:

АНКАБУУТ 46

«иннас-салаа-та тан-хаа анил-фах-шааи вал-мун-кари»,

албетте, намаз абийирсиздиктен жана ар кандай жөнсүз иштерден тосот. (29:46)

Мындан да маалым болгондой, эгер кимдир бирөө жаманчылыктарды көздөй алгалай берсе, ал намаздан да алыстап кете берет. Анткени, жаманчылыктар Алла Таалага жакпайт. Ошондуктан, кандайдыр бир жаман адам шыктуулук жана кызыгуу менен Алла Таалага ибадат кыла албайт. Анда канчалык көп жакшылыктар пайда болсо, ал ошончолук ибадатка шыктана баштайт.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) «ар бир нерсенин кандайдыр бир дарбазасы болот жана ибадаттын дарбазасы – бул орозо» деген кандай даанышмандыктан турган насаатты айткан. Эгер силер ибадаттын сарайына кирмекчи болсоңор, анда «ас-саум» (орозо) дарбазасынан киргиле.

«Ас-саум» «токтоо», «тыйылуу» деген маанини билдирет. Орозо адамды бардык жаманчылыктардан кайтарат, токтотот. Орозо кармаган адам жалган сүйлөө, ушак айтуу, жаман достор жана жаман жыйындардан оолак болот. Ошентип, анын жаманчылыктары жоголуп барат жана анын жан-дүйнөсү тазаланган сайын анын намаздары жандана баштайт, ошондой эле ибадатка болгон шыктуулугу жана кызыгуусу арта баштайт.

Демек, намаз – бул ичибиз канчалык таза экенин жана Алла Таала менен алака-байланышыбыз канчалык күчтүү экенин көрсөтүп берүү үчүн кандайдыр бир өлчөм. Эгер биз намазды калтырбай аткарсак, анда акырындык менен намаздан лаззат ала баштайбыз. Эгер мечитке баруу менен бейпилдик тапсак, анда биз куттуктоого татыктуу адамбыз. Эгер намаз биз үчүн кыйын жана оор болсо, биз шыктуулук жана кызыгуу менен аны көздөй барбасак, анда азыркыга чейин бизде абийирсиздик жана жагымсыздыктын кандайдыр бир бөлүгү бар дегендик, аны биз кетиришибиз керек.

Жан-дүйнөбүз тазаланган сайын ибадатка болгон шыктуулугубуз жана кызыгуубуз өсүп жана Алла Таалага болгон сүйүүбүз өсө баштайт. Ошондо парыз намаз гана эмес, Тахажжуд намазын көп-көп окуу мүкүнчүлүгү да насип этилет. Азирети Айша (разияллааху анхаа) мындай деп айтат:

«Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) өзүнүн соңку оорусунда да эки сахаабасы (разияллааху анхум)дун ийиндерине сүйөнүп, мечитке барып, жамаат намазын аткарган». («Муснадул-Имам Аъзам», Китаабус-Салаат, 80-бет)

Бир жолу ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Билал (разияллааху анху)га мындай деп айткан:

ХАДИС 3

«йаа Билалу фа-арих-наа бис-салаати»,

Эй, Билал! Намаздан кабар кылып, бизге бейпилдик тартуулагын. («Сунан Абу Давуд», Баабу фий саалатил-атмати)

Азирети Али (разияллааху анху) аркылуу Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) өз үмммөтүнө берген, хадистерде сакталган акыркы тилек-сөзү бул:

ХАДИС 4

«ас-салаа-ту ва маа мала-кат ай-маа-ну-кум». («Ибн Маажа», Китаабул-Васая)

Менден кийин намаздарыңарга жана кол астыңардагыларга көңүл бургула.

Биз ушул дүйнөдө чоңдорубуздун каза болуусунан мурун алардын тилек-сөздөрүн (осуяттарын) бекем кармап алганыбыздай эле биз Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын ушул акыркы тилек-сөзүн (осуятын) бекем кармап, мечиттерди абат кылуубуз керек.

ХАДИС 5

«ас-салаа-ту алаа вак-ти-хаа», өз убагында аткарулуучу намаз гана чыныгы намаз деген насаатты да Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) өз үммөтүнө айткан экен. («Сахих Бухарий», Китаабу маваакийтис-Салаат)

Азирети Ибн Аббас (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын Рамазан айындагы ахвалын баяндап жатып, мындай деп айткан:

«Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) адамдардын арасында баарынан да көбүрөөк жакшылыктарды аткарчу жана Рамазан айында мурдагысынан да көбүрөөк изги иштерди кылчу. Жабрайл (алайхиссалаам) Рамазандын ар бир кечесинде ал (саллаллааху алайхи ва саллам) менен жолугушчу. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) менен чогуу Курани Каримди кайталачу. Ал күндөрдө Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) жакшылыктарды кылууда катуу шамалдан да өтүп кетчү». («Сахих Бухарий», Китааб Бадул-Вахий)

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айтат:

«Түндүн үчүнчү бөлүгүндө Алла Таала асмандан жерге түшүп келет».

Эми кайсы бир адамдын сүйүктүүсү анын эшигине келген болсо, ал уктай берүүсү мүмкүнбү? Ал дароо ойгонот жана өз сүйүктүүсүн тосуп алат. Демек, чыныгы момун болуп туруп, Тахажжуд намазын аткарбай коюшу мүмкүн эмес. Орозонун Тахажжуд намазы менен терең алакасы бар, анткени Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Алла Таала силерге орозону парыз кылган жана мен Тахажжуд намазы деген сүннөттү баштаганмын деп айткан.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын кут-берекеси менен сахаабалардын жан-дүйнөсү ушунчалык тазаланып кеткен: Алла Тааланын сүйүүсү аларда күч алып, ар бир жаш жана ар бир карыяда ибадат кылуу шыктуулугу пайда болуп калган болчу. Азирети Ибн Аббаас (разияллааху анху) жаш кезинде бир күнү Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) менен бирге Тахажжуд намазын аткаруу максатында өзүнүн тайежеси – Азирети Маймуна (разияллааху анхаа)нын үйүндө түнөгөн. Ошентип, түн бою уктабай отура берген, анан Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Тахажжуд үчүн ойгонгондо, ал да Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) менен бирге турган.

Кээ бир сахаабалар түн бою ибадат кылышчу. Ошондо, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) аларды чакыртып, насаат кылган жана түн бою ибадат кылбагыла деп тыюу салган. «Бир аз эс алып, уктагыла!» – деп айткан. Аял сахаабалар да эч кимден артта калган эмес болчу. Бир жолу Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Зайнап (разияллааху анхаа)нын бөлмөсүнө киргенде, тамдан түшкөн арканды көрүп, бул эмне деп сураган. Бул Зайнап (разияллааху анхаа)нын арканы, ал түн бою узакка созулган Тахажжуд намазын аткарат, анан чарчап, жыгылайын дегенде буга асылып эс алат деп жооп берилген. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) аны чечип таштагыла, чарчабай турган даражада гана ибадат кылгыла деп айткан.

Алла Таала дагы бир жолу Рамазан айын жиберип, бизге берешендик кылды. Бул айда биз өз жан дүйнөбүздү жеңил гана тазалай алабыз жана көп-көп тобо келтирип, Алла Тааладан кечирим сурап, көп-көп дуба сурап жана зикир чалып, өз ибадатыбызда шыктуулукту жарата алабыз.

Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын 2-Халифасы Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) мындай деп айтат:

«Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Хира үңкүрүнө барып, дүйнөдөн жүз буруп, тууган-туушкандарын таштап, бир гана өз Раббисин эскерүү менен алектенип турчу жана дүйнөдөн мына ушундай качып, Алла Таала мени кайсы максат менен жараткан болсо, ошол максатты ишке ашырам деп ойлочу. Мына ошол эле жалгыздык сааттарда, мына ошол эле айрылуу көз ирмемдеринде, мына ошол эле ой жүгүртүү сааттарында ага Рамазан айы келди.

Ишенимдүү рабаяттардан маалым болгондой, Рамазан айынын 24-сүндө ошол дүйнөнү таштап, обочолонуп кеткен инсанга аны жараткан, ага тарбия берген, ага таалим берген жана аны сүйгөн Алла: «Бар жана барып дүйнөгө туура жолду көрсөткүн», – деп буйрук берген. Ошондой эле ага: «Сен Мени обочо жерден жана Хира үңкүрүнөн издейсиң, бирок Мен сага Мекке көчөлөрүнөн жана анын эл жашаган жерлеринен табылам», – деп да айткан». («Тафсир-э-Кабийр», 2-том, 391-392-бет)

Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын 5-Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз) мындай деп айтат:

«Демек, Алла Таала ушул күндөрдө бизге тартуулаган айлана-чөйрөдөн жемиштүү пайдаланууга жан талашып аракет кылуубуз керек. Ушул айда жан дүйнөбүздү чындап тазалай турган намаздарды аткарууга аракеттенүүбүз зарыл. Эгерде ар бир намаз менен напсибизди көзөмөлдөсөк, анда ошондо гана кадамдарыбыз жан-дүйнөнү тазалоо жакка шилтейт. Ар бир намазды чын жүрөктөн Алла Тааланын буйруктарынын негизинде, Алла Тааладан өзгөлөрдөн көз карандысыз болуп, аткарууга аракет жасалганда гана (ал намаз) жан-дүйнөнү тазалоого жардамчы болот, ар бир намаз мен Алла Тааланын алдында турам жана Ал мени көрүп турган экен деген ой менен аткарылганда гана жан-дүйнөнү тазалоо жакка кадамдарыбыз тездик менен шилтенет.

Ал (Рамазан айы) жалгыздыкта да өз Раббисинен корко тургандар жана эй, Алла! Сен мага ушул Рамазанды насип эткенсиң, мага анын кут-берекелерин тартуулагын, ошондой эле намаздарымды Сенин ыраазычылыгыңа татыктуу болчудай кылууга жана напсилигимдин булганычтарын өзүмөн кетирүүчүдөй кылууга күч-кубат бергин деген ой жана дуба менен Анын маңдайында тургандардын эле жан-дүйнөсүн тазалайт.

Рамазан айынын ушул айлана-чөйрөсү жана анда аткарылган намаздардын кооздугу эле жан дүйнөнү тазалайт. Шайтандын карамагында ар бир адамды жаманчылыктарга буюра турган ушул Нафс-э-Аммарадан (жамандыкка буюрган жан) адам орозолордо көбүрөөк жана батыраак кутулушу мүмкүн. Анткени, бул күндөрдө шайтан кишенделет.

Ошондуктан, шайтандан сактануу жана Алла Таалага жакындоо үчүн гана аткарылуучу намаздар батыраак адамды Нафс-э-Лавваманын (өзүн-өзү жемелөөчү жан) баскычтарынан өткөрүп, Нафс-э-Мутмаиннанын (бейпилдик тапкан жан) баскычтарына жеткирүү куралына айланып кете берет. Эгер биз мына ушул ой менен намаздарды аткарсак, жана аны менен орозолордун машакаты да коштосо, нафлдарыбызды да бекемдесек, анда ар бир адамга Алла Таала анын жөндөмдөрүнө ылайык Өзүн ачыкка чыгарат».(«Хутбаат-э-Масрур», 5-том, 387-бет)

Алла Таала бардыгыбызга ушул куттуу Рамазан айында көп-көп ибадат кылууга күч-кубат берсин! (Аамийн)

Share via