Орозо кимге парыз?
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Орозо кимге парыз?

Рамазан айынын орозолору ар бир жашы жеткен, аң-сезими бар, ден-соолугу чың, мусапыр эмес мусулман эркек жана аялга парыз. Мусапыр жана оорукчан киши ушул айдагы кармалбай калып кеткен орозолорду башка күндөрдө кармаса болот.

Айыгуудан үмүтсүздөнүп кеткен дайымкы ооруулар же кийинчерээк да орозо кармоого күчү жетпеген алсыз жана карып калган адамдар, ошондой эле бала эмизген жана кош бойлуу аялдар күчүнө жараша орозолор ордуна фидя төлөөлөрү шарт.

Алла Таала мындай дейт:

فَمَنۡ کَانَ مِنۡکُمۡ مَّرِیۡضًا اَوۡ عَلٰی سَفَرٍ فَعِدَّۃٌ مِّنۡ اَیَّامٍ اُخَرَ ؕ وَ عَلَی الَّذِیۡنَ یُطِیۡقُوۡنَہٗ فِدۡیَۃٌ طَعَامُ مِسۡکِیۡنٍ

Фа-ман каана минкум марийзан ау алаа сафарин фа-иддатун мин аййаамин ухара ва алаллазийна ютийкуунаху фидятун таъааму мискийн, араңардан ооруңар жана сапарда болгон кишиңер башка күндөрдө ушул санды толуктоолору керек жана ага (орозо кармоого) күчү жетпегендер мүмкүнчүлүгүнө жараша бир мискинге фидя-төлөм катары тамак берүүлөрү шарт. (2:185)

Темалар боюнча тектеш суроолор
Чектеш темалардын мазмуну
Share via