Рамазан айынын артыкчылыгы кандай?
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Рамазан айынын артыкчылыгы кандай?

Рамазан айын Алла Таала бир олуттуу (маанилүү) жана берекелүү ай деп айткан. Кураани Карим ушул эле айда түшө баштаган. Алла Таала мындай деп айткан:

شَہۡرُ رَمَضَانَ الَّذِیۡۤ اُنۡزِلَ فِیۡہِ الۡقُرۡاٰنُ ہُدًی لِّلنَّاسِ وَ بَیِّنٰتٍ مِّنَ الۡہُدٰی وَ الۡفُرۡقَانِ

Шахру Рамазааналлазий унзила фийхил-Курʹаану худан лин-нааси ва баййинаатин минал-худаа вал-фуркаан, Рамазан айы Курани Карим түшкөн айы. Ал (Куран) бардык адамдар үчүн жол көрсөтүүчү кылып жиберилген. (2:186)

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айткан:

орозо хадис рамазан

Изаа жааʹа Рамазаана футтихат абваабул-жаннати ва гулликат абваабун-наари ва суффидат аш-шаатийну, ушул ыйык айда бейиш эшиктери ачылат, ал эми тозок эшиктери жабылып коюлат, шайтандарга чынжыр салынат. («Сахих Муслим», Китаабус-Саум)

Тагыраак айтканда, ушул ыйык ай Алла Тааланын берешендигин жана илахий рахматын тарта турган берекелүү ай. Ушул айда, айрыкча анын акыркы он күнүндө Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) көп дубалар суроочу жана көбүрөөк кайыр-садага берчү.

Темалар боюнча тектеш суроолор
Чектеш темалардын мазмуну
Share via