Эгер саарлыкта орозо кармоого ниет болбосо, бирок күндүзү саат 10-11де орозо кармоого ниет кылса, анын орозосу эсептелеби?
Орозо кармоого ниет таң атыштан мурунураак кылыш керек. Ооба, эгер кандайдыр бир себеп болсо, мисалга, ал бүгүн Рамазан айы башталганын билбей калды же уктап калды, эртең менен туруп, бүгүн орозо бар экенин билсе, ж. б. ошондой учурда, эгер таң аткандан кийин эч нерсе жебеген болсо, түшкү маалдан мурунураак ошол күнкү орозого ниет кылса болот.
Азирети ибни Умар (разияллааху анху) мындай деп рабаят этет:
Ан Хафсата анин-Набиййи саллаллааху алайхи ва саллама каала ман лам южмиъис-сияма каблал-фажри фа-лаа сияма лаху, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айткан: «Багымдаттан мурунураак орозого бекем ниет кылган адамдын орозосу гана эсептелет». («Термизий», Китаабус-саум ан Расулиллаахи)
Дагы бир хадисте мындай деп кезигет:
Каана ядхулу алаа баъзи азваажихий фа-якуулу: хал мин гадааʹин фа-ин каалуу: лаа, каала: фа-инний саимун.
Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) кээде үйүнө келип: «Эртең мененки тамак үчүн бир нерсе барбы?» – деп сурачу. Эгер: «Эч нерсе жок», – деп жооп берилсе, ал (саллаллааху алайхи ва саллам): «Ырас, бүгүн мен орозо кармаймын», – деп айтчу.
Ушул хадистен белгилүү болгондой, эгер Багымдаттан мурунураак ниет кылууга кандайдыр бир себеп (шылтоо) болсо, күндүзү да орозого ниет кылууга болот. Бул Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын Нафл орозосу болгон.
Ошондой эле бир хадисте мындай айтылган: бир ирет түштөн мурун «кечээ Мединага караштуу бир кыштакта Рамазан айы көрүнгөн» деген кабар келди. Ошондо Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам): «Таң аткандан бери эч нерсе жебеген адам орозого ниет кылсын, ал эми бир нерсе жеп алган бирөө кийинчерээк ушул орозону кармасын», – деп айтты. («Абу Давуд», Китаабус-Сиям, Баабу фий шахаадатил ваахиди алаа руъятил хилаалу Рамазана)