Дубанын кабыл болуусунун өзгөчө күндөрү да Алла Тааланын белеги • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Дубанын кабыл болуусунун өзгөчө күндөрү да Алла Тааланын белеги

мечит ыйман Ислам дин Намаз Куран орозо Мусулман Момун рамазан дуба

Дүйнөдөгү көпчүлүк өлкөлөр сыяктуу эле Англияда дагы бүгүнкү күндө коронавирус деген жугуштуу оорунун кесепеттери туу чокусуна жетти. Бүткүл дүйнөдө «алдыңкы саптарда» күрөшүп келе жаткан медицина кызматкерлеринин ролу мактоого ылайык, алар өздөрүнүн жалпы кызматтарынан да көп эсе көбүрөөк иштешет жана оорулуулардын жанында болушуп, алардын оорусу менен болуп жаткан күрөшүүдө колдон келген ар бир колдоону көрсөтүшөт. Бирок өз үйлөрүнө кайтып келгенде, өз балдары жана жакын туугандарынан ал оору аларга жукпасын деп оолак болушат. Кээ бир өз жанын курман кылуучулар ушул күрөшүүдө өздөрү да ал ооруга кабылышты жана бир топ ушул жихад (күрөш) аралыгында дүйнө салгандар да жок эмес. Алдыңкы саптарда күрөшкөн бир дарыгер мени менен иштеп жаткан медициналык кызматкерлердин бир тобу ушул ооруга кабылышкан жана Алла Тааланын берешендиги менен алардын баары оор жана кыйын баскычтардан өтүп, бир нече апталардан кийин айыгып кетишти. Алардын көбү динге ишенемби же ишенбеймби, ушул оорунун аралыгында мен Кудайды аябай эстедим жана дубаларды суроо мүмкүндүгүн да таптым деп айтып беришти.

Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын Бешинчи Халифасы, Азирети Амирул Му’минийн Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала Өзүнүн күчтүү жардамы менен аны колдосун) 10-апрелде окуган жума кутбасында алдын ала чараларды көрүү менен бирге Жамаат мүчөлөрүн «дубаларга аябай басым жасоого чакырган…».

Рамазан жана дубалардын ортосунда бир өзгөчө байланыш бар. Бүгүнкү күндөн чамасы бир кылым мурун Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын Экинчи Халифасы Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) өзүнүн бир жума кутбасында ушул көркөм тема тууралуу сөз кылган. Ал кутбанын текстин окурмандарга сунуш кылып жатабыз:

Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) 1919-жылдын 20-июнунда окуган жума кутбасында мындай деп айткан:

«Рамазан айы Алла Таала тарабынан өзгөчө кут-берекелер жана өзгөчө мээримдүүлүктөр менен келет. Мындай айтканда, Алла Тааланын белеги жана айкөлдүгүнүн эшиктери ар убакта ачык турат жана адам баласы каалаган убакытта «айт», «рамазан» жана «жума» болуп калат. Суроочу тарабынан гана кечиктирилет, антпесе Ал (Алла) тарабынан тартуулоо кечиктирилбейт, себеби Алла Таала Өз пендесин эч качан таштабайт. Ооба, пенде Алла Тааланы таштап кетет жана Анын босогосун таштап, башка бирөөнүн эшигине кетип калат. Алла Таала бейкажет болсо да, бирок Өз пендесин, тим эле Анын Кудайлыгы ошол пендесине гана таянгандай, издейт. Ал эми пенде муктаж жана ушунчалык муктаж, эгер Алла Таала аны таштап койсо, ал бир көз ирмемче дагы тынчтыкта жашай албай, өлүп калат, бирок пенде Алла Тааладан тим эле Ага муктаж болбогондой, качат.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) «Бадр» согушунда ары бери чуркап жүргөн бир аялды көргөн, ал көрүнгөн баланы көтөрүп, көкүрөгүнө кысып жана эркелетип коё берип жаткан. Анан бир баланы таап алгандан кийин жаны тынчып, отуруп алды. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) сахаабаларга: «Ал аялдын баласы жоголуп кеткен болчу, ал өз баласын тапканына канчалык кубанган болсо, Алла Таала Өзүнүн жоголгон пендесин тапканына андан да көбүрөөк кубанат», – деп айткан. (Сахих Бухарий, Китаабул-Адаб, Баабу рахматил-валад)

Ошондуктан, Ал Ырайымдуу жана Мээримдүү Кудайга дуба кабыл кылдыруу кыйын иш эмес. Ар бир көз ирмем Рамазандын эле көз ирмеми боло алат жана ар бир көз ирмемди дубанын кабыл болуу куралы кылса болот. Ал (Алла) тарабынан кеч болбойт. Кеч боло турган болсо, пенде тарабынан гана болот. Бирок бул дагы Анын берешендиктеринин бири, өздөрү ойгоно албай калгандарды Ал Өзү ойготуу үчүн бир өзгөчө убакытты белгилеп койгон. Алардын кайдыгерликтери алардын ойрондолуусуна себепчи болушу мүмкүн, ошон үчүн аларды кулактандыруу үчүн Рамазан сыяктуу убакытты белгилеп, анда Мен дубаларды кабыл кылам деген убаданы берген. (Дубаларды) Ал күндө кабыл кылат жана жогоруда мен айткандай, ар бир көз ирмем «айт» жана ар бир көз ирмем (дубанын) кабыл болуусу үчүн «рамазан» болушу мүмкүн, ал эми кайдыгер адамдарга пайда келтирүү үчүн алар андан пайда көрүшсүн деп бир өзгөчө айды белгилеп койгон.

Көпчүлүк адамдардын ушундай адаты болот: эгер аларга бирөөңөр ушул ишти жасап койгула деп айтылса, алардын бирөөсү да аны жасабайт жана эгер аларга качан убакытыңар болгондо, бирөөңөр жасап койгула деп айтылса, ошондо дагы алардын бирөөсү да жасабайт, анткени аларга башка бир убакытта жасап коёбуз деген ой келүүсү мүмкүн. Бирок эгер кайсы бир убакытты белгилеп койсок, анда алар аны аткарышат. Ошондуктан, Алла Таала Өзүнүн берешендиги жана улуу айкөлдүгүнүн негизинде бардык адамдарга алар Рамазанда оңой гана дуба кылышсын деп бир мүмкүнчүлүк берген. Эгер Ал (Алла) Мага жакындоону каалаган бирөө жакындай берсин деп айтса, анда көпчүлүк ошондой кылбайт эле, бирок Ал Мага жакындагыла жана каалаган бирөө жакындай берсин деп айткан жана ар бир адам андан пайда көрүп алсын деп ушул берешендикти кылган жана мүмкүнчүлүк берген. Болбосо Ал (Алла) ар бир айда дубаларды кабыл кылат. Мисалы, Ал мындай деп айтат:

ادۡعُوۡنِیۡۤ اَسۡتَجِبۡ لَکُمۡ

Мага кайрылгыла, Мен силерге жооп беремин. (40:61)

Жана

اَمَّنۡ یُّجِیۡبُ الۡمُضۡطَرَّ اِذَا دَعَاہُ

Же айласы жок киши Аны чакырганда, дубасын кабыл кыла турган ким? (27:63)

Жана

وَ اِذَا سَاَلَکَ عِبَادِیۡ عَنِّیۡ فَاِنِّیۡ قَرِیۡبٌ ؕ اُجِیۡبُ دَعۡوَۃَ الدَّاعِ اِذَا دَعَانِ

Менин пенделерим сенден Мен жөнүндө сурашканда, албетте, Мен жакынмын. Дуба кылуучу киши Мени чакырганда, Мен анын дубасына жооп кайтарамын. (2:187)

Ошондуктан, кандайдыр бир өзгөчө убакытта деген шартты койгон эмес. Эгер кандайдыр бир шартты койгон болсо, ал бул гана: «ал адам Менин пендем болушу керек». Тактап айтканда Алланын пендеси экенин моюнга алсын. Биздин ошондой моюндообуз Анын рахматын жана мээримдүүлүгүн кыймылга келтирет жана ким (Алланын эшигин) тыкылдатса, ал үчүн ачылат. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айтат: Алла Таала эгер Менин пендем Мени көздөй бир кадам шилтесе, ошондо Мен эки кадам басам. Эгер Менин пендем Мени көздөй басып келсе, Мен ага чуркап барам дейт. (Бухарий, Китаабут-Тавхийд маа юзкару физ-заати ван-нуъуут).

Демек, Алла Тааланын мээримдүүлүк эшиктери түбөлүккө ачык турат, ал Рамазанга жана түн менен күндүн бир бөлүгүнө гана таандык эмес. Пенде ар бир көз ирмемде муктаж эмеспи. Пенденин муктаждыгы кандайдыр бир өзгөчө убакытка таандык болбойт. Шуъбаан жана Шаваал айларында пенде муктаж болбойбу? Анан ишемби күнү жана жума күнү пенде муктаж болбойбу? Анан жуманын таңында жана Асрга чейин муктаж болбойбу? Ал кудум ушул күндөрдө муктаж болгондой эле (башка күндөрдө да) муктаж болот. Андай болсо, Ал (Алла) эмнеге өзгөчө убакыттарга өзгөчө артыкчылыктарды жана сыйлыктарды чектеп койгон? – деген суроо туулат. Мен айтып өткөндөй, бул дагы адамды кулактандыруу үчүн мээримдүүлүк катары болгон. Андан тышкары, Алла Таала ушул көз ирмемдерде сыйлыкты каалай тургандарды сыйлык алууга үндөө максатында кошумча сыйлык тартуулайт. Демек, пенде ээрип кеткенде, анын күнү анын дубаларын кабыл кыла турган сааттардан турган түнүнө айланып кетет. Анан анын ар бир түнү «кадыр түнү» болуп кетет. Анын ар бир күнү «жума күнү» болуп калат жана ар бир көз ирмеми кутбанын ортосундагы «көз ирмем» болуп кетет, анда Алла Таала дубаларды көбүрөөк кабыл кылат.

Кыскасы, ушул кылынгандардын баары андамды ойготуу үчүн, себеби адамдын мыйзамы ушундай: өзгөчө бир убакытта парызга көбүрөөк көңүл бурат. Демек, өзгөчө убакытта дубаны көбүрөөк кабыл кылуу мээримдүүлүк жана ырайымдуулуктун аркасынан кылынган. Болбосо, Анын ырайымдуулук эшиктери түбөлүк ачык турат. Бирок ушул берешендикти да колдон чыгара тургандар жок эмес. Калган күндөр Рамазан болбогондуктан, алар пайда көрө алышпайт жана Рамазанда мүмкүнчүлүк насип этилбегендиктен пайда көрө алышпайт. Кудум ошондой башка күндөрдө жума күнү болбогондуктан дуба сурашпайт жана жума күнүн болсо, дуба менен эч алака-байланышы жоктугунан колдон чыгарышат. Анан дубанын кабыл болуусу үчүн түндөр ылайыктуураак деп күндүзүн текке кетиришет жана уйкуну таштоо кыйын болгондуктан түндөн пайда көрө алышпайт. Кыскасы, бир убакытты кийинкисине которушат жана эмгектен качкандыктан кийинки убакыттан эч пайда көрө алышпайт.

Ошондуктан, аларга дуба кылуунун эч бир мезгили табылбайт. Алардын мисалы кудум ата-энесине таарынып, бир караңгы үйгө барып отурган жана ал жерде ага тикенек кирип, аарылар чага баштаган жаш бала сыяктуу. Мына ошондой адам Алла Таалага таарынып, Андан качат жана Анын өлкөсүнөн чыгууну каалайт, бирок адам Анын мамлекетинен чыга албайт. Акылсыздыгынын айынан Алла Тааланы таштаган адам үчүн дүйнөдө жана акыретте эч бир рахат жайы жок. Мына ошондой адам өзүнүн өлтүрүүчүсү өзү болот жана өз канын өзү төгөт. Анткени, адам баласы үчүн бир эле рахат жайы бар жана ал – Алла Тааланын кучагы. Билип койгула! Алла Тааланын кучагы тек Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) үчүн, тек Муса жана Иса (алайхимуссалаам) үчүн гана эмес. Жок, Алла Таала ар бир күнөөкөр үчүн ал келип, Анын кучагынан жай алсын деп Өз кучагын жайып отурат. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Алла Таала тобо келтирген пендесининин тобосуна өзүнүн жоголгон баласын тапканда сүйүнгөн энеден да көбүрөөк сүйүнөт деп айткан.

Демек, Анын мээримдүүлүгүнөн пайда көргүлө, аны Ал силердин өсүп-өнүгүүңөр, силердин пайдаңар үчүн түшүрүп жатат, анан Ал силердин эле пайдаңар үчүн белгилеген ушул өзгөчө убакыттардан пайда көргүлө. Эгер жалкоолонуп, ошол убакыттарды да текке кетирип салсаңар, анда бул өтө өкүнүчтүү болот.

Азирети Айша Сыддыка (разияллааху анхаа) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Рамазандын акыркы он күндүгүндө ойгончу жана туугандарын дагы ойготчу. Изги иштерге дагы активдүүлүк менен катышчу жана өз белин байлап алчу деп айтат. (Муслим, Китаабул-Эътикааф, Баабул-Ижтихаади фил-Ашрил-Аваахир), тим эле мурун ал кемери бош болгондой. Ал кандай сөздөр болгонуна ой жүгүрткүлө? Ким белин байлап алган? Бардык түндөрүн ойгоо бойдон жана күндөрүн ибадат кылган бойдон өткөргөн жана ар бир көз ирмемин Алла Тааланы эскерүүдө өткөргөнбү? Алла Таала менен болгон алака-байланышынын абалы ушундай болгон инсан тууралуу Азирети Айша Сыддыка (разияллааху анхаа) «Рамазандын акыркы он күндүгүндө белин байлап алчу» деп айтат. Бул нерсени Азирети Айша Сыддыка (разияллааху анхаа) гана түшүнө алган болчу, башка бирөө үчүн ошол абалды түшүнүү жеңил эмес эле. Себеби, Курани Каримден маалым болгондой, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) өз кемерин эч качан чечпейт эле жана мындай дечү: мен уктап жатканымда дагы негизинен ойгоо эле болом. Мисалы, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) көздөрүм уктайт, бирок жүрөгүм ойгоо болот деп айтат. (Бухарий, Китаабул-Манаакиб, Баабу каанан-Набиййу (саллаллааху алайхи ва саллам) танааму айнааху валаа йанааму кадбух)

Демек, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) төшөгүнө барганда дагы анын кемери чечилбегенден кийин башка кайсы убакытта чеччу эле? Чындыгында, бул сүйлөм адамдын оюна да келбеген өтө терең маанини камтыйт жана ал (саллаллааху алайхи ва саллам) менен жашаган адам гана аларды түшүнүүсү мүмкүн. Кийин келгендер анын акыйкатын түшүнө алышпайт. Кыскасы,  Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) «Рамазандын акыркы он күндүгүндө ойгончу жана туугандарын дагы ойготчу жана өз белин байлап алчу». Тактап айтканда кемери түбөлүккө байланган инсан да өзүнүн белин байлап алчу. Мындан кемери түбөлүккө бош болгондор Рамазан айында канчалык көп көңүл буруу керектигин түшүнсөңөр болот.

Кыскасы, мен бардык туугандарыма белдериңерди байлап алгыла жана Алла Таалага кайрылгыла деп айтам. Жогоруда мен айткандай, Алла Таала тартуулоого аттанып отурат, бир гана биздин каталарыбыз бизди Анын берешендиктеринен куру-жалак калтырат. Анын берешендигинин келүүсү үчүн кандайдыр бир өзгөчө убакыт жок жана Анын берешендиктеринин кандайдыр бир чек арасы да жок. Ал ар бир көз ирмемде берет жана берүүгө даяр турат. Ал белгилеген өзгөчө көз ирмемдердин максаты бул: жалкоодон да жалкоо адам дагы Анын берешендигинен куру калбасын жана ошол убакытты белгилеп, Ал бизге айкөлдүк кылган. Демек, ушул күндөрдү текке кетирбегиле. Силердин муундарыңардын муундарынын, алардан кийинки муундарынын жана алардан кийинки муундарынын пайдасы жана ийгиликтүүлүгүнө курал боло турган ушул берешендиктерди алгыла жана Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)га берилген убадаларды өзүнө тартуучулардан бололу. Айып-кемчиликтерибиз жоголсун жана Алла Таала бизди берешендиктерине мураскер кылсын, каталарыбызды кечирсин жана Өзүнүн берешендик жолдорунан жүргүзсүн. Алла Таала Өзүнүн жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сөзүн түшүнүп, ага амал кылуу жана Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)ды ээрчүүгө күч-кубат берсин. Өмүрүбүз өткөн сайын биз ар бир көз ирмемде алга кадам таштайлы жана эч качан жалкоолук жана эринчээктик бизге жакын да келбесин. Аамийн Йаа Раббил-Ааламийн. («Ал-Фазл» газетасы, 28-июнь, 1919-жыл)

Share via