Ооз ачуу туурасында Пайгамбарыбыз Мухаммаддын сүннөтү кандай?
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ооз ачуу туурасында Пайгамбарыбыз Мухаммаддын сүннөтү кандай болгон?

Курани Каримдегиثُمَّ اَتِمُّوا الصِّیَامَ اِلَی الَّیۡلِ«Сумма атиммус-сияма илал-лайил» деген аяттагы «ал-лайил» (түн) сөзүнүн сөздүк боюнча мааниси кандай жана ооз ачуу туурасында Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сүннөтү кандай болгон?

Жооп: Сөздүктө «лайил» сөзүнүн мааниси – «мин магрибиш-шамси илаа тулууъиш-шамси», күн баткандан тартып, анын чыгуусуна чейинки мезгил «лайил» деп аталат. Бирок үзгүлтүксүз сүннөт жана үммөттүн жалпы амалынан белгилүү болгондой, жогоруда айтылган аятта бүтүн түн көздөлгөн эмес, тескерисинче, анын бир бөлүгү көздөлгөн. Анда ооз ачса болот. Эми, келгиле ушул бөлүктү аныктоо үчүн Курани каримдин атамасына көңүл буралы. «Түн» күн батаары менен башталат. Анткени, «илаанын» мааниси, түнгө чейин орозону улантуу керек жана түн башталаары менен ооз ачуу керек. Кыскасы, хадис да дал ошол маанини колдойт. «Бухарий» жана «Муслим» хадис китептеринде кезиккен бир хадис боюнча Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айткан:

إِذَا أَقْبَلَ اللَّيْلُ وَأَدْبَرَ النَّهَارُ وَغَابَتْ الشَّمْسُ فَقَدْ أَفْطَرَ الصَّائِمُ. صحيح مسلم, كتاب الصيام

Изаа акбал-лайилу ва адбаран-нахаару ва гаабатиш-шамсу фа-кад афтарас-саиму, («Сахих Муслим», Китаабус-Саум; «Термизий», Китаабус-Саум)

Котормосу: Чыгыш жагынан түндүн келээри менен жана күндүн батыш жакка кетээри менен, тактап айтканда, күндүн мейкиндиктен кайып болоору менен орозо кармаган киши оозун ачыш керек.

Дагы мындай деп кошумчалаган:

لَا يَزَالُ النَّاسُ بِخَيْرٍ مَا عَجَّلُوا الْفِطْرَ۔ صحيح البخاري, كتاب الصوم

Лаа язаалун-наасу би-хайрин маа ажжалул-фитра, адамдар качанкыга чейин ооз ачууга шашылса, ошол убакытка чейин жакшылыктар жана берекелер алар менен чогуу болот. («Бухарий», Китаабус-Саум)

«Ибн Маажа» аттуу китептеги хадисте Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айткан: «Жөөттөр жана харистиандар кечирээк ооз ачышат, мусулмандар ушундай кылбоолору керек». («Ибн Маажа» Китаабус-Саум)

«Термизий» китебинде баяндалган хадис боюнча Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) эртерээк ооз ачууга шарттарды түзчү эле. («Термизий», Баабу таъжийлиль-Ифтаари)

Кыскасы, мына ушул эле үзгүлтүксүз сүннөт. Ахли Сүннөт валь-Жамааттагы бардык аалымдар ага гана жараша амал кылышат.

Темалар боюнча тектеш суроолор
Чектеш темалардын мазмуну
Share via