Рамазан – кечиримдүүлүктүн айы • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Рамазан – кечиримдүүлүктүн айы

Ахмадия Махдий Ислам рамазан орозо кечирим такыба ыйман ишеним жакшылык

«Алла Таала сыяктуу Кечирүүчү жана Ырайымдуу бирөө да жок. Алла Таалага бекем ишенгиле, Ал бардык күнөөлөрдү кечире алат жана кечирип коёт»

Адам баласы табиятынан өтө эле алсыз жана айып-кемчиликтерге жык толо. «Нафс-э-Аммаара[1] аны менен бирге жүрөт жана кудум кан сыяктуу адамдын ар бир тамыр-клеткасына жана бөлүкчөсүнө чейин кирип кеткен экен». Эч бир адам Алла Тааланын берешендиги жана ырайымысыз шайтандын чабуулдарынан сактана албайт. Иннан-нафса ла-аммааратун бис-сууи иллаа маа рахима Рабий[2] – бул бир өзгөргүс чындык жана «Нафс-э-Аммаараны жеңүү – бул өтө оор эмгекти талап кылат». Кээ бир күнөөлөр ачык жана көрүнөө болот жана кээ бири жашыруун жана көмүскө, Алла Таала «Гафур»[3] жана «яъфуу ан касийр», көпчүллүк күнөөлөрдү кечирип жиберет, ошон үчүн көпчүлүк учурларда адам өзүнүн жашыруун жана көмүскө күнөөлөрүн билбей калат, чындыгында кээ бир жашыруун жана көмүскө күнөөлөрү ачык жана көрүнөө күнөөлөрүнөн да жаманыраак жана коркунучтуураак болушу мүмкүн.

Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай деп айтат:

«Күнөөлөр дагы кудум оорулар сыяктуу болот. Кээ бир оорулар көрүнөө болот, аны ар бир адам баланча ооруп жаткан экен деп билип алат, бирок айрым ушундай оорулар болот, көбүнчө ооруган адам дагы өзүнө коркунуч бар экенин билбейт калат. … Кудум ошондой адамдын ички күнөөлөрү акырындык менен аны ойрондукка чейин жеткирип салат». (Малфузаат, 9-том, 280-бет)

Күнөө өзү эмне? Күнөө – бул негизинен Алла Таала адамды туруктуу кылмакчы болгон чек араларынан чыгуунун аталышы. Алла Таала белгилеп койгон чек араларынан чыгуу эле «зулумдук» деп аталат. «Жакшы кулк-мүнөздөрдүн баары бир аз өйдөлүк-ылдыйлык менен адепсиздикке айланып кетет». Өздөрүнүн иш-амалдарын жана иш-аракеттерин аябай кылдаттык менен талдабаган адамдар акырындап ал чек аралардан өтө эле алыстап кетишет жана башында кичине болгон күнөөлөр адамды акырындап оор күнөөлөрдү жасоого алып барат жана «ар түрдүү айып-кемчиликтер жашыруун жолу менен адамдын ичине ушундай сиңип кетет, алардан кутулуу кыйын болуп калат».

Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай деп айтат:

«Алла Таала Өзүнүн пенделеринин пайдасына ачкан эшик – бирөө гана, тактап айтканда дуба. Качан бирөө ыйлап-жалбарып, ал эшиктен киргенде, Ал Мээримдүү Алла аны тазалык жана аарулук жамынычына ороп коёт жана Анын Улуулугу аны ушунчалык басып алат, ал орунсуз жана курулай иш-аракеттерден чакырымдарча алыс качып кетет». (Малфузаат, 9-том, 280-бет). «Демек, дуба – бул күнөөнүн уусун кетирүүчү бир дары болуп саналат» жана «күнөөлөргө кабылуудан сактануу үчүн Алла Таалага дуба кылуу керек».

Курани Каримдин башында эле Азирети Адам (алайхиссалаам)дын окуясы жазылган, андан бир ката кетип, ал күнөөкөр болгон, ошондо ал (алайхиссалаам) аябай кыжаалат болуп, өзү кетирген кемчиликтеринин кечирилүүсүн тилеген, ошондо Алла Таала ага кээ бир дуба сөздөрүн үйрөткөн. Анан ал (алайхиссалаам) ошол сөздөр менен дуба кылганда, Алла Таала Өзүнүн берешендиги менен ага караган, анын тобосун кабыл кылып, ага мээримин төккөн. Алла Таала Адам атабызга үйрөткөн, анан аларды кайталоо менен Алла Таала Өзүнүн берешендиги жана мээримдүүлүгү менен ал (алайхиссалаам)га көңүл бурган куттуу сөздөр кайсы сөздөр болгон? Курани Карим ал дуба сөздөрүн биз үчүн сактап алган. Курани Карим Азирети Адам (алайхиссалаам) жана анын жубайы төмөнкүдөй сөздөр менен дуба кылганын айтат:

رَبَّنَا ظَلَمۡنَاۤ اَنۡفُسَنَا وَ اِنۡ لَّمۡ تَغۡفِرۡ لَنَا وَ تَرۡحَمۡنَا لَنَکُوۡنَنَّ مِنَ الۡخٰسِرِیۡنَ

Эй, Раббибиз! Биз өзүбүзгө зулум кылдык жана эгер Сен бизди кечирбесеӊ жана бизге ырайым кылбасаӊ, биз албетте, зыян көрүүчүлөрдөн болуп калабыз. (7:24)

Азирети Адам (алайхиссалаам) үчүн Алла Тааланын кечиримдүүлүгүн жана мээримдүүлүгүн тартып алып келүүгө себепчи болгон ушул дуба бүгүнкү күндө дагы Алла Тааланын берешендиктерин тартуу себепчиси болушу мүмкүн, эгер ушул дубаны анын маани-мазмунуна терең ой жүгүртүп, толук кандуу жалынып-жалбаруу жана толук мууңдуулук менен сурай турган болсок. Өз зулумдуктарыбызды моюнубузга алып, Алла Тааланын кечиримдүүлүгүн жана мээримдүүлүгүнө толук ишенүү – бул чыныгы тобонун биринчи кадамы болуп саналат.

Азирети Муса (алайхиссалаам)дын колунан эч ойлобогон жерден бир адам өлүп калган, ошондо ал (алайхиссалаам) дагы өз моюнуна алып, кечирим сурап, мындай деп кайрылган:

رَبِّ اِنِّی ظَلَمْتُ نَفْسِیْ فَاغْفِرْلِیْ

Эй, Раббим! Албетте, мен өз жаныма зулумдук кылдым. Демек, мени кечиргин!» (28:17)

Алла Таала мындай деп айтат:

فَغَفَرَلَہٗ اِنَّہ ھُوَالْغَفُوْرُالرَّحِیْم

Ошентип, Ал (Алла) аны кечирди. Албетте, Ал өтө кечирүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу. (28:17)

Кудум ошондой Азирети Юнус (алайхиссалаам)дан бир ката кетип, ага жаза катары ал (алайхиссалаам) балыктын ичинде калганда, ал (алайхиссалаам) мындай деп дуба сураган:

لَا اِلٰہ اِلَّا اَنْتَ سُبْحَانَکَ اِنِّی کُنْتُ مِنَ الظّٰلِمِیْنَ

Сен тазасыӊ! Чынында, мен өзүм гана заалимдерден элем». (21:88)

Ал (алайхиссалаам) ушунчалык жалынып-жалбарып, ошол дубаны сураган, Алла Таала мындай деп айтат:

فَاسْتَجَبْنَا لَہٗ وَ نَجَّیْنَاہُ مِنَ الْغَمِّ 

Анан Биз анын дубасын кабыл алдык жана аны кайгыдан куткардык. (21:89)

Азирети Абу Бакр (разияллааху анху) мындай деп рабаят эткен: «Бир жолу мен Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га мен айрыкча намазда окуу үчүн кандайдыр бир дубаны мага үйрөтүп коюңуз деп сурандым. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) төмөндөгүдөй дубаны окуп туруңуз деп айткан:

اَللّٰھُمَّ اِنِّی ظَلَمْتُ نَفْسِیْ ظُلْمًا کَثِیْرًا وَلَا یَغْفِرُالذُّنُوْبَ اِلَّا اَنْتَ فَاغْفِرْلِیْ مَغْفِرَۃً مِّنْ عِنْدِکَ وَارْحَمْنِیْ اِنَّکَ اَنْتَ الْغَفُوْرُالرَّحِیْم

Эй, Алла! Мен өз жаныма аябай көп зулумдук кылдым жана Сенден башка эч ким күнөөлөрдү кечирбейт. Демек, Өз кечиримдүүлүгүң менен мени кечиргин жана мага ырайым кылгын. Албетте, Сен өтө кечирүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучусуң

Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай деп айтат:

«Карагыла! Алла Таала сыяктуу эч бир кечирүүчү жана ырайым кылуучу жок. Алла Таала бардык күнөөлөрдү кечире алат жана кечирет деп Ага бекем ишенгиле. Алла Таала эгер дүйнөдө бир дагы күнөөкөр калбай калса, анда Мен күнөө кыла турган дагы башка бир үммөт-жамаатты жаратам жана аларды кечирем деп айтат. Алла Тааланын ысымдарынын арасында Гафур (Кечирүүчү) деген бир аты бар жана Рахийм (Ырайымдуу) деген аты да бар. Билип койгула, күнөө – бул кандайдыр бир уу жана ойрондук, бирок тобо кылуу жана кечирим суроо ал ууга каршы дары. Курани Каримде мындай деп кезигет:

اِنَّ اللّٰہَ یُحِبُّ التَّوَّابِیْنَ وَ یُحِبُّ الْمُتَطَہِّرِیْنَ

Албетте, Алла эң көп тобо кылуучуларды сүйөт. Жана өздөрүн таза тутуучуларды дагы сүйөт». (2:223)

Алла Таала тобо келтирүүчү жана таза болушун каалай турган адамдарды сүйөт. Алла Таала ар бир нерседе кандайдыр бир хикмат-даанышмандыкты жараткан. Эгер Адам күнөө кылгандан кийин тобо келтирип, Алла Таалага кайрылбаганда, «Сафиюллах[4]» деген ылакап-атты кайдан алмак? Эгер кимдир бирөө өзүн-өзүнүн энесинин ичинен чыккандай сезип, жана өзүндө эч бир күнөө бар экенин таппаганда, анда анын жүрөгүндө текеберлик пайда болмок, ал (текеберлик) бардык күнөөлөрдүн арасында эң оор күнөө жана шайтандын күнөөсү болуп саналат. Шайтан мен күнөө кылган жокмун деп көйрөңдөнгөн, натыйжада ал шайтан болуп калган. Адамдын колунан чыга турган күнөө анын напсисин сындыруу үчүн чыгат. Адамдын колунан күнөө жүз бергенде, ал өзүнүн жаманчылыгын моюнга алат жана өзүнүн алсыздыгына ишенип, Алла Таалага кайрылат. … эгер колуңардан күнөө жүз берсе, анда тобо келтиргиле, себеби ал (тобо) ал киши үчүн кандайдыр бир дары жана күнөөнүн уусун кетирет. Жалынып-жалбаруу менен Алла Тааланын алдына жыгылгыла, натыйжада силерге ырайым кылынсын. Эгерде күнөө болбосо, анда өсүп-өнүгүү дагы болбойт эле. Мен күнөө кылдым деп ойлогон адам өзүн кылмышкер деп ойлоп, Алла Тааланын алдына жыгылат, ошондо ага ырайым кылынат жана өсүп-өнүгүп кетет. Мындай деп жазылган:

اَلتَّائِبُ مِنَ الذَّنْبِ کَمَنْ لَا ذَنْبَ لَہٗ۔

Күнөөсүнөн тобо келтирүүчү адам кудум эч качан күнөө жасабагандай болуп калат. Бирок чын жүрөктөн жана ак ниет менен тобо келтирүүсү керек. Тагыраак айтканда андан кийин адам эч качан ошондой күнөөнү жасабасын. Кийинчерээк алсыздыгынын себебинен күнөө жүз берсе дагы, бирок тобо келтирген маалда өз тарабынан келечекте ушул күнөөнү кайталабайм деп чын жүрөктөн жана бекем ниет кылсын. Анын ой-ниетинде кандайдыр бир айып-кемчилик болбосун, тескерисинче мүрзөгө кирип кеткенимче ал жаманчылыкка жакын да барбайм деп бекем ой-ниет кылсын, ошондо гана тобосу кабыл болот». (Малфузаат, 5-том, 43-44-бет)

Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) байъат келишиминде дагы ушул дубаны кошкон:

رَبِّ اِنِّی ظَلَمْتُ نَفْسِیْ وَاعْتَرَفْتُ بِذَنْبِیْ فَاغْفِرْلِیْ ذُنُوبِیْ فَاِنَّہٗ لَایَغْفِرُالذُّنُوْبَ اِلَّا اَنْتَ

Эй, Раббим! Мен өз жаныма зулумдук кылдым жана мен өз күнөөлөрүмдү моюнга алам. Демек, күнөөлөрүмдү кечиргин, анткени Сенден башка күнөөлөрдү кечирүүчү эч ким жок.

Рамазан айы кечиримдүүлүктүн айы. Бул ай дубалардын айы. Биз миң түрдүү караңгылыктарга кабылганбыз. Кээ бир күнөөлөрүбүз өзүбүзгө көрүнөт жана көпчүлүк күнөөлөрүбүз өзүбүзгө да көрүнбөйт, бирок Алла Таала аларды билет.

Келгиле, ушул Рамазанда күнөөлөрүбүздүн кечирилүүсү жана Нафс-э-Аммаарадан кутулуу үчүн өзгөчө жалынып-жалбарып дуба кылалы.

[1] Адамды жамандыктарга буюруучу напси.

[2] Албетте, напси жамандыкка көп буюруучу; ооба, менин Раббим ырайым кылган бирөө болсо, анда башка кеп. (12:54)

[3] Кечирүүчү.

[4] Чыныгы дос, улуу инсан; Азирети Адам (алайхиссалаам)дын ылакабы.

Share via