Жакында каза болгон үч үлгүлүү адамды жакшы сөздөр менен эскерүү • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Жакында каза болгон үч үлгүлүү адамды жакшы сөздөр менен эскерүү

мечитте окулган жума кутбасы

Индонезияда миссионер болуп кызмат аткарган урматтуу Зулфикар Ахмад Даманик мырза, Доктор Пийр Мухаммад Накиъуддин мырза жана урматтуу Гулам Мустафа мырза жакшы сөздөр менен эскерилди

Алардын окуяларын уккандан кийин адамда «бул доордо биз Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) менен байланышып гана пенде жана Кудайдын ортосунда чыныгы алака-байланыштты орнотуу ыкмасын үйрөнө алабыз» -деген ишеним күчөйт.

2020-жылдын 1-майында Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Англияга караштуу Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинде окуган жума кутбасынын кыскача маани-мазмуну

2020-жылдын 1-май күнү Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Англияга караштуу Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинде жума кутбасын окуду. Ал кутба Эл аралык МТА (Ахмадия Мусулман Телевидениясы) аркылуу бүткүл дүйнөгө көрсөтүлдү. Азан айтуу бактылуулугу урматтуу Сафийр Ахмад мырзага насип этилди.

Ташаххуд, таъввуз жана «Ал-Фаатиха» сүрөөсүн окугандан кийин Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын Бешинчи Халифасы (Алла Таала Өзүнүн күчтүү жардамы менен аны колдосун) мындай деп айткан:

Азыр бир нече маркумдарды эскермекчимин. Алардын баары ар башка тармактар менен алектенип жүрүшкөн. Илимий тармагы ар башка болчу. Бирок, алардын үчөөсү жалпылап – динди дүйнөдөн жогору кылып байъаттын убадасын өз күчүнө ылайык аткаргандар, Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам)га берген байъаттын талабын аткаргандар, Ахмадия Халифатына толук бойдон ишенимин көрсөткөндөр, адамдардын акы-укуктарын аткаргандар жана Алла Таала Ислам дининин к­өркөм таалимин ишке ашыруу үчүн жиберген Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын чынчыл кулу, койгон талаптарды ишке ашыруучулардан болушкан. Алардын окуяларын уккандан кийин адамда «бул доордо биз Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) менен байланышып гана пенде жана Кудайдын ортосунда чыныгы алака-байланыштты орнотуу ыкмасын үйрөнө алабыз» -деген ишеним күчөйт. Ошондой эле, Кудай Тааланын тирүү экенине толук ишеним жана Анын тагдырына ыраазы болуусунун жогорку даражасы насип этилет.

Аталган маркумдардан биринчиси миссионерибиз Зулфикар Ахмад Даманик мырза – Индонезиянын райондук миссионери. Ал 2020-жылдын 21-апрель күнү 42 жаш курагында каза болгон. Иннаа Лиллаахи Ва Иннаа Илайхи Раажиъуун. Маркумдун үй-бүлөсүндө Ахмадият анын чоң атасынын аркылуу тааныштырылган. Маркум 1997-жылдан тартып 2002-жылга чейин Индонезиядагы Жамия Ахмадия медресесинде окуган. Ал миссионер катары 18 жыл ар кайсы жерлерде кызмат кылууга мүмкүнчүлүк тапкан. Анын артында жубайынан тышкары төрт баласы калышты. Балдары Вакф-э-Нау (балдарды төрөлө элек кезинде жашоосун динге арноо) деген системанын мүчөлөрү.

Миссионерибиз Миъраж Дин мырза мындай деп жазат: «Зулфикар сахиб маркум абдан мээнет кылган жана ийгиликке жетишкен миссионер болчу. Ал кайсы гана жерге дайындалбасын, тарбиялык байланыштарды түзгөн жана даават иштерин абдан ийгилик менен жүргүзгөн миссионер болчу. Эч нерсе сурабаган, тескерисинче, дайыма дубага баса белгилечү». Хузур түшүндүрүп айтты: «Чындыгында, жашоосун динге арнаган ар бир адам жогорудагы мүнөздү кармоо керек. Бир нерсени сурайын дегенде Кудай Тааладан гана сураш керек. Эч кандай талапты койбош керек. Бул абдан керектүү мүнөздү кармоо үчүн жашоосун динге арнаган ар бир адам аракет кылуусу керек».

Жамааттын мураббиси (миссионер) Асиф Муъин сахиб мындай деп жазат: «Абдан салих, ыкластуу жана моюн сунган адам болчу. Ооруп жаткан мезгилинде дагы Жамааттын иштерин биринчи кезекте жасачу. Маркум диализде бар болгонуна карабастан жергиликтүү бир жыйынга катышкан. Арада бир кызматчы, «ушунча ооруп жатып келбей эле койсоңуз болмок» дегенде, «тирүү болуп турганымда Жамааттын бардык жыйындарына катышууга аракет кылып турам. Ооруп жатканым туура. Бирок, дайыма Жамаат иштери менен алектенип жүрүү – менин жеке тилегим», – деп айткан».

Демек, жашоосун динге арнаган адамдын аң-сезими мына ушундай болушу керек. Майда-чүйдө кайгы-капаны билдирүүдөн алыс болуусу керек. Ал күчтүү ниет жана абдан берилгендик менен жашоону динге арноо деген убадасын аткарган адам болчу. Ал өзүнун байъат убадасын аткаруу менен бирге жашоону динге арноо деген убадасын дагы сонун деңгээлде ишке ашырган. Алла Таала анын даражаларын көтөрсүн. Анын жубайы жана балдарын Алла Таала Өзү коргоп, аларга жардамчы болсун.

Экинчи маркум – Пакистандын Исламабад шаарынан болгон Доктор Пийр Мухаммад Накийуддин мырза. Ал 2020-жылдын 18-апрель күнү каза болгон. Иннаа Лиллаахи Ва Иннаа Илайхи Раажиъуун.

Каза болуусунан бир жума же он күн мурун коронавирустун белгилери бар деп аныкталган. Ал 18-апрель күнү кечки маалда өзүнүн Кудайына кайткан. Анын артында жубайынан тышкары бир уулу жана төрт кызы калышты. Маркумдун ата-энесинин үй-бүлөлөрү Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын сахаабаларынын тукумунан болушат. Хиндустандын экиге бөлүштүрүлгөн кезинде бир жашка толгон болчу. 1970-жылы медицина тармагында жогорку окуу жайын бүткөн. Андан кийин Исламабад шаарында өзүнүн поликлиникасын ачып жыйырма беш-отуз жылдан бери поликлиниканы жүргүзүп келген. Поликлиникасы Алла Тааланын берешендиги менен абдан ийгиликке жеткен. Жакыр адамдарга көмөк көрсөткөн адам болчу.

Жамааттын Исламабаддагы Амири (президент) мындай деп жазат: «Доктор Пийр Мухаммад Накийуддин мырза өткөн он эки жылдан ашык мөөнөттөн бери Жергиликтүү жамаат Исламабаддын казысы (соту) кызматында болуп кызмат көрсөтүп келген. Ал чыгарган чечимдер Куран жана сүннөттүн негизинде болуп эки тараптагыларды канаатандырчу. Абдан ачык мүнөздүү, сүйгөн, мээримдүү, жакырларга боорукер жана эң сүйүктүү адам болчу. Бардык адамдар менен жылмайган жүз менен учурашчу. Кудайдын пенделерине кызмат кылуу жаатында эң алдыңкы катарда жүргөн адам эле. Жамааттын жакыр жана муктаж бейтаптары үчүн поликлиникасы дайыма ачык болчу.

Анын жубайы мындай деп жазат: «Менин күйөөм абдан ыкыластуу жана берилген Ахмадий болчу. Абдан моюн сунган уул, эң жакшы күйөө, мээримдүү жана сүйгөн ата болчу. Бир туугандарына, досторуна көмөкчү жана жалпы адамдарга пайда келтирүүчү адам эле. Тирүү Кудай менен тыгыз алака-байланышта болгон абдан дуба кылуучу адам болчу.

Анын кызы Уарда мындай деп жазат: «Балалык кезибизде эле намаз жана Куран окуу, орозо тутуу, өз убагында чандалар жана садакалар төлөөнү адаттандыра баштаган».

Анын уулу Пийр Мухиуддин мырза мындай деп жазат:   «Мен бир жолу түшүмдө мындай деп көргөм: «Убада кылынган Масийх жана Махдийдин төртүнчү Халифасы (рахимахуллах) үйүбүздүн коноктордун бөлмөсүндө сабак өтүп жатып мага кайрылып мындай деп айткан: «Сенин атаң Алланын олуясы (жакын досу)».

Алла Таала маркумдун даражаларын көтөрсүн.

Кийинки эскерүү – урматтуу Гулам Мустафа сахибдики. Ал Лондондо жашачу. Убада кылынган Масийх жана Махдийдин Халифасына жеке катчынын кеңсесинде өз ыктыяры менен иштеген кызматчы болчу. Ал 2020-жылдын 25-апрель күнү каза болгон. Иннаа Лиллаахи Ва Иннаа Илайхи Раажиъуун. Ал 1983-жылы байъат берген.

Кадимки жашоосун динге арнаган адамдардан эмес эле. Бирок, жашоосун динге арнаган адам сыяктуу иштеп жүргөн. Алла Таалага, «жашоомду Жамаатка арнадым» деген берген убадасын абдан берилгендик менен аткарган. 1993-жылы Убада кылынган Масийх жана Махдийдин төртүнчү Халифасы (рахимахуллах) жеке катчысынын кеңсесинде кызматка дайындаган. Ал мезгилден баштап өмүр бою абдан мыкты жол менен өз кызматын аткарып келген. Маркум Мусий (Жамааттын осуят системасынын мүчөсү) болчу.

Анын жубайы Махмуда Мустафа айым мындай деп жазат: «Мустафа мырза экөөбүз 34 жыл чамалап чогуу жашадык. Анын баскан ар бир кадамы Кудай Таала үчүн болгондугуна күбөлүк бере алам. Ак ниет күйөө, ата, бир тууган жана дос болчу. Тууганчылыкка ишеним көрсөткөн, Халифатка берилген адам эле. Каржылык курмандыкка абдан кызыкчу».

Анын кызы Собия Мустафа мындай деп жазат: «Менин атамдын жашоосунун максаты – Алла Таала жана Анын колунан түзүлгөн Халифат системасын сүйүү болчу. Жакырларга көп жардам берчү. Ооруп жүргөн кезинен мурунураак мага мындай деп насаат айткан: «Жамаат менен тыгыз алака-байланышта болуу керек. Намаз жана Курани Каримди үзгүлтүксүз окуп жүрсөң, анда Алла Таала ар дайым жардам берет. Чандаларды (каржылык курманчылык) кечиктирбей биринчи кезеке төлөө керек». Өзү болсо, ар бир айдын биринчи күнү чандасын төлөчү. Ал: «Жамаат чандаларыбызга муктаж деп эч качан ойлонбогула. Тескерисинче, каржылык курманчылык аркылуу Алланын нээматтарына ээ болобуз»,- деп айтчу».

Доктор Ибрахим Насир мырза мындай деп жазат: «Коронавирус кескин жайылып кеткенине байланыштуу «подход программы ухода» туташтырууга туура келип абдан коркунучтуу абалга учурашчу. Абдан кыйналган учурунда үйдөгүлөрдүн, «дарыгердин көрсөтмөсүнө моюн сунуңуз деп Хузур айтты», дегенинде эле тынчтанып калчу».

Алла Таала жогоруда эскерилген бардык маркумдардын даражаларын көтөрсүн. Алла Таала жана Анын динине көрсөткөн ишеними жана байъат убадасын аткаруу үчүн кылган аракеттеринен дагы көбүрөөк ырайымы менен мамиле кылсын. Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) айткандай, ушундай адамдар шейит даражасына жеткен адамдар. Алла Таала анын балдарын дагы коргоп, атасынын жакшылыктарын кармап ишке ашырууга күч кубат тартууласын. Алар дагы Алла Таала менен алака-байланышта болгондор, Жамаат жана Халифат системасына ишенимин көрсөткөндөрдөн болушсун. Алар үчүн ата-энеси кылган дубалардын баары Алла Таала кабыл кылсын. Амийн

Share via