Мыйзамдуу (адал) маселелерде орто жолду тандоо • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Мыйзамдуу (адал) маселелерде орто жолду тандоо

Мырза Гулам Ахмад

Жакшылык жөнүндө сөз болгондо, Азирети Имам Махдий (алайхиссалам) мындай деп айтат:

Адал болгон дүйнөдөгү лаззаттар жана кумарларда дагы ченемдин чегинен тышкары пайда албоо да жакшылыктын тамыры болуп саналат. Мисалы, Аллах Таала жегенге жана ичкенге тыюу салган эмес, бирок эми адам бул жеп-ичүүнү эле түнү менен күндүн кесиби кылып алган. Аны динден да жогору коюшат. Антпесе, дүйнөнүн бул ырахаттары дүйнө жолунда напсинин «аты» алсыратпашы үчүн. Мунун бир мисалы, ат арабаларынын чабандары узак жол жүрүп, жети-сегиз чакырым жол жүргөндөн кийин, аттын алсыздыгын сезип, аны эс алдырышат жана анын мурунку чарчоосун кетирүү үчүн тамак-аш (жем-дан) ж.б. беришет. Пайгамбарлардын дүйнөдөн алган лаззаты дал ошондой. Анткени, аларга дүйнөнү реформалоо деген чоң иш тапшырылган болчу. Эгер Кудайдын берешендиги аларга жардам бербесе, анда алар жок болушмак. Ошондуктан, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) кээде Азирети Айшанын тизесине чаап: «Эй, Айша! Мени ыраазы кыл», – деп койчу. Бирок ага сиңип кетүү пайгамбарлардын эрежеси болгон эмес. Сиӊип кетүү чындыгында эле кандайдыр бир уу. Бузуку бирөө каалаганын кылат жана каалаганын жейт. Анын сыңарындай, такыба адам дагы муну жасаса, ага Кудайдын жолдору ачылбайт. Кудай үчүн ким кадам таштаса, Кудай аны унутпайт. Аллах Таала мындай деп айтат: اِعۡدِلُوۡا ۟ ہُوَ اَقۡرَبُ لِلتَّقۡوٰیТамактануу жана жеп-ичүүдө орто жолду тандоо дагы такыба деп аталат. Адамдын ойноштук кылуусу жана уурулук кылуусу эле күнөө эмес, жок мыйзамдуу (адал) маселелерде чектен ашпасын.

Эӊ мыкты үлгү

Бир жолу Азирети Умар (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын алдына келет. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) бир бөлмөнүн ичинде болчу. Азирети Умар (разияллааху анху) ичкери кирүүгө уруксат сураган. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) уруксат берген. Азирети Умар (разияллааху анху) келип, курма жалбырактарын катарлап салганын жана анын үстүндө жаткандыктан, анын артында жалбырак тактары калганын көргөн. Азирети Умар (разияллааху анху) үйдүн мүлкүнө көз салып, бурчта илинип турган кылычты көргөн. Аны көрүп, анын көз жашы төгүлүп кеткен. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам): «Эй, Умар! Сен эмне үчүн ыйладың? Ал (разияллааху анху) Кайсар жана Кисраа каапырлар, бирок алар үчүн эмне деген көӊүл ачуучулуктар бар, ал эми сиз үчүн эч нерсе жок деген ой башыма келди деп жооп берген. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) мен үчүн дүйнөнүн ошол мен кыймылдай ала турган бөлүгү гана жетиштүү. Менин мисалым жайдын аптаптуу күндөрүндө төө минип баратып, күндүн ысыгынан аябай чарчап калганда, бир бакты көрүп, анын түбүндө эс алып, тер кургай баштаганда кайра туруп, жөнөп кете турган мусаапырга окшойт деп айткан. Демек, Исламга берилген эӊ мыкты үлгү ушул. Дүйнөнү эле тандап алуу да күнөө жана момун-мусулмандын жашоосу тынчсыздануу менен өтөт.

Андан кийин биздин эки көзүбүз бар, алар эмнелерди көрүп жатышат. Алар кандайдыр бир темир ж.б.дан жасалган эмес. Эгер көрүү жөндөмдүүлүгү жоголсо, ошондо анын баркын түшүнөт. Сокур болуп калганда, бул өлүм эле го. Демек, бул дүйнө жашоосу дагы кудум ошондой.

Момунмусулман адам жана дүйнө жашоосу

Ыймандуу адам бул жашоого эч качан ыраазы болбошу керек. Бул жашоодо жамандыктар ушунчалык көп болгондуктан, аны санабай койсо болот. Бир түрдүү кесел бар, анда адамдын заӊы өтө турган жолу тосулуп, оозу аркылуу өтөт, ал «Илавас» деп аталат. Ошондой эле, ар түрдүү кызыл, жашыл жана кара таштарга айланган бөйрөк жана табарсык оорулары бар. Алардын конкреттүү себеби эмнеде болушу мүмкүн. Кызыгы, жакшы тамакты жана таза сууну колдонгон бай адамдар ушундай ооруларга кабылышат. Мисалы, эки адам бир жерде жашашат, бир кыл тамакты эле жешет, ошондо алардын бири мындай оорууларга дуушар болуп кетет, экинчиси болбойт. Ошондуктан, табыпчылык жөнүндө күмөндүү билим деп айтышат. Материалдык себептерде бул адамдар себептерин иликтешет, бирок вахий-аян же Кашф келе баштаганда уйку келе баштай тургандыгынын себебин да түшүндүрүп беришсинчи? Мунун себептери эмнеде? Бул адамдардын адаты ушундай, бир нерсенин себебин биле албаса, аны четке кагышат, ошондуктан вахий-аянды да четке кагышат.

Бул илимдер чексиз, өйдө-ылдый жактарыӊарды кетирмейинче, аларды үйрөнө албайсыӊар.وَ اَمَّا مَنۡ خَافَ مَقَامَ رَبِّہٖ وَ نَہَی النَّفۡسَ عَنِ الۡہَوٰیӨзүнүн орточо абалынан ашып кетүүчү мыйзамдуу каалоо «Хаваа», – деп аталат.

(Малфузаат, 4-том, 374-377-бет)

Share via