Ал-Фаатиха сүрөөсүнүн таржымалы • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ал-Фаатиха сүрөөсүнүн таржымалы

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19 айт курман орозо майрам Англия Лондон Жыйын аял аялдар айым айымдар

(Бул сүрөө Меккеде түшкөн, «Бисмиллаахир Рахмаанир Рахиймди» кошо эсептегенде, ал сүрөө жети аяттан турат)

Көптөгөн хадистерден далилденгендей, ушул сүрөө Меккеде түшкөн жана башынан эле мусулмандардын намазынын зарыл бөлүгү болуп келген. Бул сүрөө жөнүндө Ыйык Курандагы «Хижр» сүрөөсүнүн 88-аятында мындай деп кезигет:وَ لَقَدۡ اٰتَیۡنٰکَ سَبۡعًا مِّنَ الۡمَثَانِیۡ وَ الۡقُرۡاٰنَ الۡعَظِیۡمَАлбетте, Биз сага кайра-кайра кайталануучу жети (аят) жана бийик Куран тартууладык. (15:88)

Бул сүрөөнүн Меккеде түшкөндүгү туурасында эч кандай талашып-тартышуу жок. Кээ бир рабаяттар боюнча ушул сүрөө экинчи жолу Мединада түшкөн. Ал сүрөө пайгамбарчылыктын башында эле түшкөн.

«Ал-Фаатиха» сүрөөсүнүн аттары жана алардын маанилүүлүгү

Бул сүрөөнүн белгилүү аты «Фаатихатул-Китааб», тагыраак айтканда ал ушул Китептин (Ыйык Куран) биринчи сүрөөсү жана ушул аты хадистердин ишенимдүү китептеринде кезигет, алардын катарында Термизий жана Муслим (дагы) бар. Кийинчерээк ошол аталышын кыскартып, «Ал-Фаатиха» сүрөөсү же «Ал-Фаатиха» деп коюшкан. Ал сүрөөнүн бир топ башка аттары дагы бар, алардын арасындагы он эң ишенимдүүсү төмөнкүдөй: мисалы, «Ал-Фаатиха», «Ас-Салаат», «Ал-Хамд», «Уммул-Куран», «Ал-Куранул-Аъзийм», «Асбъул-Масааний», «Уммул-Китааб», «Аш-Шифаа», «Ар-Рукиййа» жана «Ал-Канз». Бул аттар ушул сүрөөнүн маанилүүлүгүн айкындаштыруу үчүн жарык далил болуп саналат.

  • «Фаатихатул-Китааб» деген ат, тактап айтканда Ыйык Курандын башталгыч сүрөөсүнүн төмөнкүдөй мааниси бар: Ыйык Курандын ушул башталгыч сүрөөсү Курани Каримдин маани-мазмундарын ачуу үчүн ачкыч ролун ойнойт.
  • «Ас-Салаат» деген атынын аталышынын себеби, ушул сүрөө бир кемел жана жеткилең дуба болуп саналат. Ал Ислам намазын аткаруунун бир зарыл бөлүгү. (Мисалы, бир хадисте «лаа салаата иллаа би-фаатихатил-Китааби» деп кезигет. Тактап айтканда намаз рекеттеринин бири дагы «Ал-Фаатиха» сүрөөсүн окубай туруп, аткарылбайт).
  • «Ал-Хамд» (мактоо-алкоо) деген аты ушул сүрөө адам баласынын улуу мартабалуу жаралуу максатын аткарат дегенди айкындаштырат. Андан тышкары, ушул сүрөө Алла Таала менен пендесинин ортосундагы улуу салтанат жана Алла Тааланын ырайымдуулугуна негизделген өз ара алака-байланышын айкындаштырат.
  • «Уммул-Куран» (Курандын энеси) дегендин мааниси: ушул сүрөө бүт Курандын маани-мазмундарын курчап алган, ошондой эле адамдын адеп-ахлактык жана руханий өсүп-өнүгүүсүнө кепилчи болгон темалардын корутундуусу болуп эсептелинет.
  • «Ал-Куранил-Аъзийм» (Улуу Куран) деген ат коюуда төмөнкүдөй даанышмандык бар: бул сүрөө «Уммул-Китааб» жана «Уммул-Куран» сыяктуу аттар менен аталса да, бирок ал ушул эле Ыйык Китептин бөлүгү болуп саналат жана кээ бир адамдар ойлошкондой, андан бөлөк нерсе эмес.
  • «Ас-Сабъул-Масааний» (жети кайра-кайра окулуучу аяттар) деген атты коюуда төмөнкүдөй нерсеге ишаарат кылынган: бул жети аяттан турган кыскача сүрөө адамзаттын бардык руханий муктаждыктарын кандырат. Ушул аталышы бул сүрөөнүн жети аятын намаздын ар бир рекетинде окуу шарт экендигине да ишаарат кылат.
  • «Уммул-Китааб» (Китептин энеси) деген атты коюуда төмөнкүдөй акылмандык бар: ушул сүрөөдө кезигүүчү «ихди-нассираатал-мустакийм» (бизди туура-түз жолго багыттагын) деген дуба чындыгында Куран таалимдеринин түшүүсүнүн түпкү максаты болчу, тагыраак айтканда туура-түз жолго багыттоо.
  • «Аш-Шифаа» (шыпаа), тактап айтканда оорудан айыктыруу деген аталышында бул сүрөө бардык руханий жана денелик оорулар үчүн шыпаа деген ишаарат кылуу көздөлгөн.
  • «Ар-Рукиййа» (дем салуу катары үйлөнүлүүчү) деген аталышынын мааниси бул: ушул сүрөөдө тек ооруларга гана шыпаа болбостон, ал шайтан жана анын шакирттерине каршы адамды коргойт. Адамдын жүрөгүн аларга каршы күчтөндүрөт.
  • «Ал-Канз» (казына) дегендин мааниси: бул сүрөө бир казына болуп, Жалгыз Кудайдын чексиз илим-билимдеринин кени же байлыгы болуп эсептелинет.

«Ал-Фаатиха» сүрөөсү тууралуу Жаңы келишимдеги (Грек жазмалары) бир алдын ала кабарда сөз болгон

Бул сүрөөнүн эң атактуу аты «Ал-Фаатиха» гана. Бул өтө маанилүү бир кеп, Жаңы Келишимдеги бир алдын ала кабарда дагы ушундай жазылган: «Анан мен асмандан түшүп келаткан, булуттарга чулганган башка күчтүү периштени көрдүм… жана анын колунда ачылган чакан түрмөк бар экен. Ал оң бутун деңизге, сол бутун жерге коюп, анан арстандай катуу арылдады. Ошондо жети күн күркүрөөнүн үнү угулду. (Аян 10:1-4)

Бул жерде кезигүүчү еврей тилиндеги «футух» сөзү эле араб тилинде «фаатиха» деп колдонулган. Анан ушул жерде периштенин кыйкыруусу менен күн күркүрөөнүн үндөрүнүн угулуусу тууралуу кезигет. Ал жети үн ушул сүрөөнүн жети аяты.

Христиан папалары ушул алдын ала кабар Азирети Исанын кайра келүүсүнө тиешелүү деп ойлошот. Ал эми анын түпкү акыйкаты мындай: Исанын кайрадан келүүсү жөнүндөгү алдын ала кабар Ахмадия Мусулман Жамаатынын Негиздөөчүсү Азирети Мырза Гулам Ахмаддын (ага тынчтык болсун) сыпатында орундалган. Ал ушул сүрөөнүн тафсирин жазган жана ушул сүрөө аркылуу өзүнүн билдирүүсүн далилдеп көрсөткөн жана аны ар дайым бир күчтүү дуба катары пайдаланган. Ал (алайхиссалаам) ушул сүрөөнүн жети аятынан мурун эч ким айтпаган руханий илим-билимдер жана түбөлүк чындыктарды баяндаган. Тим эле ушул сүрөө кандайдыр бир мөөрлөнгөн китеп болгондой, а түгүл Азирети Ахмад (алайхиссалаам)  анын казыналарын ачып берген. Ошентип, Аяндын 10-бөлүмүнүн 4-аятында жазылган «Жети күн күркүрөө сүйлөгөндө, мен жазып алууга камындым. Бирок асмандан: «Жети күн күркүрөөнүн айткандарын мөөр менен бекитип кой, аларды жазба»,— деген үндү уктум», – деген алдын ала кабар аткарылган.

«Ал-Фаатиха» сүрөөсүнүн бүт Куран менен алакасы

Бул сүрөө бүт Куран үчүн бир тааныштыруучу деген орунга ээ. Чындыгында, ал бүт Курандын корутундусу. Ошондуктан, башында эле ушул сүрөөнү окуу менен окурман Ыйык Куранда баян этилген темалар менен таанышып алат. Сахих Бухарийде кезиккен бир хадис боюнча ал (саллаллааху алайхи ва саллам) «Ал-Фаатиха» сүрөөсү Ыйык Курандын эң маанилүү сүрөөлөрүнүн бири деп айткан.

«Ал-Фаатиха» сүрөөсүндө баян этилген темалар

«Ал-Фаатиха» сүрөөсүндө Курани Каримдин бардык темаларынын корутундусу бар. Бул сүрөө бүт Куранда кеңири чагылдырылган темаларды курчап алган экен. Ал сүрөө Алла Тааланын негизги сыпаттары менен башталат, алардын тегерегинде эле калган сыпаттары айланат. Анда ааламдын жаралуусу, адам менен Кудайдын ортосундагы алака-байланыш тууралуу талкуу жүргүзүлгөн. Алла Тааланын «Рабби» (Жаратуучу, Багуучу жана Чоӊоюп-өстүрүүчү), «Рахмаан» (чексиз ырайым кылуучу), «Рахийм» (кайра-кайра ырайым кылуучу) жана «Маалики йаумиддин» (Жаза-Сыйлык Күнүнүн Ээси) деген төрт негизги сыпаттарынан сөз кылуунун максаты мындай: адамды жараткан соӊ Алла Таала адамга эӊ мыкты жөндөмдөрдү тартуулап, аны денелик, коомчулук, адеп-ахлактык жана руханий өсүп-өнүгүүлөр жол-жоболору менен камсыз кылсын, андан тышкары Алла Таала адамдын кылган эмгек жана мээнетине жакшылап сыйлык берүү шарттарын да түзсүн.

Бул сүрөдө адамдын ибадат максатында, башкача айтканда, жалгыз Аллахка сыйынуу жана Ага жакын болуу үчүн жаратылгандыгы, ошондой эле адам ушул улуу ибадат максатына жетүү үчүн Улуу Аллахтын жардамын сураары айтылган. Аллах Тааланын төрт сыпатын эскергенден кийин, адам рухунун бардык муктаждыктарын ар тараптуу камтыган бир дуба коюлган. Бул дубада, адамга дүйнөдө жана акыретте ийгиликке жетүүгө жардам бере турган жол-жоболор насип этилиши үчүн ар дайым Аллах Тааланын колдоосун жана жардамын издеп турушу керек деп үйрөтүлгөн. Адам мүнөзү болуп өткөндөй эле, ал бул улуу ибадат максатына жеткен алгачкы такыба адамдардын мисалдарынан күч-кубат алат жана таасирлентет. Алла Таала мурунку такыба адамдар сыяктуу ага чексиз адеп-ахлактык жана руханий өсүп-өнүгүү эшиктерин ачып беришин сурап дуба кылууга үйрөтүлгөн. Аягында бул дубада ал туура жолго түшсө дагы, адашып, ой-ниетинен тайып, Жараткандан алыстап кетиши мүмкүн экендиги жөнүндө эскертүү бар, ошондуктан ага ар дайым ушул түз жолдон адаштыра турган нерселерден Алла Тааланын паанасын сурап турууга да үйрөтүлгөн. Булар «Ал-Фаатиха» сүрөсүндө камтылган темалар, ошондой эле Ыйык Куранда толугу менен кеңири баяндалган жана ар кандай мисалдар аркылуу түшүндүрүлгөн максаттар да ушул.

Момун-мусулмандарга, «Ан-Нахл» сүрөсүнүн 99-аятында айтылгандай, Ыйык Куранды окуудан мурун Аллах Тааладан баш паана (Таъввуз) суроого буйрулган: «Сен Куранды окуганыӊда, куулган шайтандан Алланын паанасын сура!» (16:99). Эми бул жерде «баш паанек» суроонун мааниси:

  1. Бизге эч кандай жамандык таасир этпесин;
  2. Эч бир жакшылык же изгилик бизге келбей калбасын;
  3. Жакшылыктын жолунда жүргөндөн кийин, кайрадан жамандыкка кабылбайлы.

Ыйык Куранды окуудан мурун айтылган сөздөр (Таъввуз) төмөнкүдөй: куулган шайтандын жамандыктарынан Аллах Таалага баш калкалайм. Бул сөздөр ар сапар Куран окуудан мурун окулушу керек.

Ыйык Куранда 114 сүрөө бар. Бул сүрөө деген сөздүн көптөгөн мааниси бар:

  1. Жогорку даража;
  2. Белги;
  3. Бийик имарат;
  4. Толук жана ар тараптуу нерсе.

Жогорудагы маанилер жагынан Ыйык Курандын cүрөөсү төмөнкүлөрдү билдирет: аны окуганда, окурмандын даражасы жана мартабасы көтөрүлөт; ал Ыйык Курандын ар кандай темасынын башталышы жана аяктоосу үчүн белги катары; ар бир сүрөө кандайдыр бир бийик руханий имараттын синоними; ар бир сүрөө өзүнчө толук жана ар тараптуу теманы баян кылат.

«Сүрөө» сөзү да темалардын ушул ачык бөлүнүшүн баяндоо үчүн Ыйык Курандын өзү тарабынан «Ал-Бакара» сүрөөсүнүн 24-аятында жана «Ан-Нур» сүрөөсүнүн 2-аятында колдонулган. «Сүрөө» сөзү хадистерде дагы кезигет. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) бир сүрөө түшүргөндө: «Азыр бир жаңы сүрөө түштү, ал ушундай…» (Муслим). Бул рабаят көрсөткөндөй, темалардын ушул ачык бөлүнүшү үчүн «сүрөө» деген сөз Ислам дининин башынан бери колдонулуп келе жатат жана ал Бидъат[1] эмес. (Вакаар Ахмад Бхатти)

٭…٭…٭

[1] «Динге кандайдыр бир жаңылыкты киргизүү» «Бидъат» деп аталат.

Share via