Азирети Мырза Масрур Ахмад Куран Сабагын берди жана Айт кутбасын окуду
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Азирети Мырза Масрур Ахмад Куран Сабагын берди жана Айт кутбасын окуду

Куран халифат сабак Ислам

2019-жылдын 3-июнунан 5-июнунун аралыгында Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз)дин ар кандай алектенүүлөрү ж.б. иштеринин күндөлүгү

4-июнь күнү, шейшенби күнү

Бүгүн багымдат намазынан кийин «Мубарак» мечитинин тышында куттуу Рамазан айында Исламабад жергесинде кызмат көрсөткөн Ахмадий туугандар үчүн саарлык «тамак даярдоочу» командасы Хузур (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) менен жолугушуу бактысына ээ болду. Жетекчибиз жана Имамыбыз (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) абдан мээримдүүлүк менен ал команда мүчөлөрүнө «Жазаакумуллах» (Алла силерге сыйлыгын берсин) деген көркөм бата берди.

Куран халифат сабак Ислам

◊ Бүгүн түшкү саат он экилерде Хузур (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) «Мубарак» мечитине келип, Курани Каримдин акыркы үч сүрөөсүн өтө көркөм тафсир кылып (чечмелеп) берди, буга сегиз жүзгө жакын Ахмадий мусулман эркектер жана аялдар катышышты жана Эл аралык Ахмадия Мусулман Телеканалы аркылуу миллиондогон адамдар да пайда алышты. Урду тилинен тышкары он тилде бул Куран сабагы түз эфир аркылуу МТАдан көрсөтүлдү. Ал тилдерге араб, англис, француз, беӊгал, немец, индонезия, англис тилинин Африка акценти, савахилий, Тви (Twi) жана Йоруба тилдеринде болду. Куран сабагынан кийин жамаат болуп, чогуу дуба кылынды. Бул Куран сабагы саат экилерде аягына чыкты. Анан бир аз убакыттан кийин Ал Азирети пешин намазын алып барды.

Куран халифат сабак Ислам

◊ Аср намазынан кийин Ал Азирети дагы бир жолу өз үйүнө барып, анан «Мубарак» мечитине кайтып келди жана мечитте Эътикааф кылган 9 адам өздөрүнүн Сүйүктүү Имамы менен кол алышып көрүшүү бактысына ээ болушту. Ал кезде чогу сүрөткө да түшүштү.

◊ Андан кийин Учурлук Халифа аялдар залына барды, ал жерде Эътикааф кылган 4 аял Ал Азирети менен жолугушуу бактысына ээ болушту. Ал бактылуу аялдар Ал Азирети менен сүрөткө түшүү бактысына да ээ болушту.

5-июнь күнү, шаршемби күнү

Бүгүн айттын куттуу күнү болчу. Ал Азирети кадимкидей эле багымдат намазын «Мубарак» мечитинде алып барды. «Байтул-Футух» мечитинде айт намазы үчүн саат он бир белгиленген болчу. Ошентип, Ал Азирети так саат он бирде «Байтул-Футух» мечитине келип, Жамаат мүчөлөрүн саптарды тартууга чакырды. Ал Азирети айт намазын алып барды, намаз саат он бирден он үч мүнөт өткөндө бүттү. Андан кийин Ал Азирети ыймандарды күчтөндүрүүчү айт кутбасын окуду. Ал Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын II Халифасы чамасы бир жүз жыл мурун окуган бир айт кутбасынын негизинде өзүнүн кутбасын баштады жана кубаныч менен чогулуштун ортосундагы абдан кылдат айырмасын айтып, адам баласы кубанганда, адамдарды чогултуп алат, кудум ошондой айт майрамыбыздын учурунда дагы кубанычтын себебинен чогулуш да болот деди. Бүткүл дүйнө Ислам дининин көлөкөсү астына, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын кулчулугуна жана Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын Байъатына чогулган күнү эле чыныгы айтыбыз болот деди. Бул жагынан, Ал Азирети бардык Ахмадий мусулмандарды алардын милдеттерине көңүл бурдурду.

Куран халифат сабак Ислам

◊ Айт кутбасы жана дубадан кийин Ал Азирети аялдарга барды. Андан кийин «Тахир Хол» аттуу залда өздөрүнүн жаш балдары менен отурган аялдарга барды. Андан кийин кербендин кетүүсүнөн мурун «Байтул-Футух» мечитинде Эътикааф кылган бактылуу адамдар Ал Азирети менен кол алышып көрүшүү бактысына ээ болушту. Андан кийин кербен «Фазл» мечитин көздөй жол алды.

Куран халифат сабак Ислам Айт намаз

◊ Бүгүнкү күн «Фазл» мечитинин айланасында жашаган Ахмадий мусулмандар үчүн албетте бир өзгөчө эстелик айт күнү болчу. Бир эле күн мурун Ал Азирети өзүнүн Куран сабагында («Фазл» мечитинен Исламабадды көздөй кылган) хижраттан кийин ал жердеги тургундардын катуу сагынып калгандыгынан сөз кылган эле. Анан бир эле күндөн кийин Сүйүктүү Халифабыз алардын эңсөөсүн кетирүү, алардын үстүнө мээримдүүлүктөр жаанын жаадыруу жана алардын айтын бир эстеликке айландыруу үчүн өзү «Фазл» мечитине барды.

Мечит халифат Ислам

Сүйүктүү Халифабыз (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) «Фазл» мечитине жеткенде, ал жерде кызмат көрсөтүп жаткан Худдаам Ал Азирети менен кол алышып көрүшүү бактысына ээ болушту. Андан кийин Ал Азирети өз үй-бүлөсүнүн кээ бир мүчөлөрү менен жолугушуп, бир аз убакытка мейманканада эс алды.

◊ Пешин намазынан мурун жаңыдан Байъат берип, Ахмадий болгон бир туугандын азырынча Ахмадий эмес ата-энеси жана эжеси «Фазл» мечитиндеги кеңсесинде Ал Азирети менен жолугушуу бактысына ээ болушту.

◊ Андан кийин Сүйүктүү Хузурубуз сүннөт намазын окугандан кийин пешин намазына имамчылык кылуу үчүн «Фазл» мечитине барды. Лондон шаарынан Исламабадды көздөй кылган хижратынан кийин Ал Азирети «Фазл» мечитинде алып барган бул биринчи намазы болчу.

◊ Андан кийин Ал Азирети атайын салынган бир дасторконго конок болду. Анан бир аз убакытка мейманканада эс алды.

◊ Аср намазынан бир аз убакыт мурун Ал Азирети мейманканадан «Фазл» мечитинин короосуна келип, а дегенде урматтуу Хабибурахман Гаурий мырза кызмат көрсөтүп жаткан телефон станциясына барды. Ал киши өз кеңсесинен чыгып келип, өзүнүн Сүйүктүү Имамын тосуп алып, кол алышып көрүшүү бактысына ээ болду. Ал Азирети аны анын кеңсесинин эшигине чейин узатып барып, абдан мээримдүүлүк менен анын колунан кармап, анын кеңсесине тиешелүү иштери тууралуу сурап-билип, ага: «Айтыңыз маарек болсун!» – деп айтты.

◊ Андан кийин Ал Азирети МТАнын «пландоо» бөлүмүнүн кеңсесинин эшигине барды. Ал кеңсенин кызматчы-аялдары «Нусрат Хол» аттуу залдын жанында турушкан эле. Хузур мечитти көздөй алга басканда, «Нусрат Хол» аттуу залдын жанында турушкан кээ бир аялдар жана жаш балдар-кыздар Ал Азиретини зыярат кылуу үчүн келишкен эле. Ал Азирети ал бардык аялдар жана жаш кыздардын баштарына мээримдүүлүк колун коюп, аларга береке берди жана бардык эркек балдарды да сыйлады.

◊ Андан кийин Ал Азирети «Махмуд Хол» аттуу залдын үстүндө болгон өзүнүн мурунку турак жайы болгон имаратка кирип кетти. Сүйүктүү Хузурубуз бир аз убакыттан кийин өзүнүн мурунку ыкмасына ылайык имараттан түшүп келип, Аср намазын алып баруу үчүн «Фазл» мечитине жөнөп кетти. Ал Азирети Аср намазын окуткандан кийин дагы бир жолу мейманканага кетти.

Бир жаш балага көрсөткөн зор мээримдүүлүгү

Сүйүктүү Халифабыз (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) саат алтыдан кийин Исламабадды көздөй жөнөө үчүн Мейманканадан чыгып келгенде, ал жерде аябай көп Ахмадий мусулман эркек-аялдар өздөрүнүн Сүйүктүү Имамы менен коштошуу үчүн чогулушкан эле.

(Жан сакчылардын орун басары) урматтуу Саййид Мухаммад Ахмад мырзанын жашы уулу Саййид Хаарис Идрис Ахмад Сүйүктүү Хузурубузга «менин апам сизге салам айтты» деп айтмакчы эле, бирок урду тилин туура сүйлөй албагандыгы үчүн ал «бейкүнөө» жаштыгынын айынан Сүйүктүү Хузурубузга: «Барып, менин апама салам берип келиңиз», – деп айтып койду. Анын сөзүн угуп, Сүйүктүү Хузурубуз ыктыярсыз күлүп койду жана ал жаштын көңүлүн алуу үчүн машинага баруунун ордуна анын үйүнө барды. Үй эшигин такылдатканда, Сүйүктүү Хузурубуздун жээни болгон анын апасы эшикке келгенде, Сүйүктүү Хузурубуз абдан мээримдүүлүк менен ага: «Сиздин уулуңуз менин апама салам берип келиңиз деди», – деп айтты, анан «Ассаламу алайкум», – деп машинага кайтып келди.

Ал Азиретинин кербени саат алты жарымдан бир аз убакыт мурун «Фазл» мечитинен Исламабадды көздөй жол алды.

◊ Сүйүктүү Хузурубуз Исламабадга жеткенде, ал жерде кызмат көрсөтүп жаткан Худдаам кол алышып, Ал Азирети менен көрүшүү бактысына ээ болушту.

дуба ак бата халифат

Эй, Алла! Ыйык Рух менен Имамыбызды колдогун, ал болгон жеринде аны менен бирге болгун жана ага эӊ күчтүү жардам менен көмөк көрсөткүн!

(Жумалык «Ал-Фазл Интернейшнал» газетасы, 26-том, 25-сан, куттуу жума күнү, 7-июнь, 2019-жыл, 1,2-бет)

Share via