Айрым сөздөрдүн жана терминдердин түшүндүрмөсү • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Бөлүмдөр
  1. Кириш сөз
  2. Ибадат
  3. Исламдын беш парызы
  4. Намазды аткаруу парыздуулугу
  5. Намаздын маанилүүлүгү
  6. Намаздын убакыттары
  7. Намаздын шарттары
  8. Даарат
  9. Даараттын бузулушунун факторлору
  10. Гусул
  11. Суу
  12. Кийим
  13. Азан
  14. Коомат
  15. Ниет
  16. Намаздарды кошуп окуу
  17. Намазды аткаруунун жолу
  18. Дурууд (Ассалаату алан-Набий)
  19. Намазды жалгыз окуу
  20. Жамаат менен аткарылуучу намаздар
  21. Намаздан кийин Алланы эске алуу
  22. Намаздын түрлөрү жана рекеттердин саны
  23. Жума намазы
  24. Орозо айт жана курман айт майрамдары
  25. Витр намазы
  26. Намаздын өзгөчө бөлүктөрү
  27. Намазды бузган амалдар
  28. Сужуудус-сахв
  29. Ооруу маалындагы намаз
  30. Сапарда окулуучу намаз
  31. Салаатул-Хавф (Кооптуу учурдагы намаз)
  32. Каза намазы
  33. Тахажжуд намазы
  34. Таравийх намазы
  35. Күн жана ай тутулганда окулган намаз
  36. Жамгыр тилеп окулган намаз
  37. Истахаара намазы
  38. Салаатул-хажаат (жардам тилеп окулган намаз)
  39. Ишраак намазы
  40. Жаназа намазы
  41. Айрым сөздөрдүн жана терминдердин түшүндүрмөсү
  42. Азирети Мырза Гулам Ахмад Масийхи Мавъуд жана Махди Маъхуд (алайхиссалаам)дын китептеринен жана «Малфузаатынан» айрым үзүндүлөр
Чектеш темалардын мазмуну

Айрым сөздөрдүн жана терминдердин түшүндүрмөсү

АЗАН – Мусулмандарды намазга чакыруу.

АЛАЙХИССАЛААМ – Ага тынчтык болсун.

АЛЛААХУММА ААМИЙН – Эй, Алла! Кабыл кылгын.

АСР – Беш маал намаздын үчүнчүсү. Кыргызча Дигер деп аталат.

АХЛИ ХАДИС – Хафиз Мухаммад Абдул Ваххааб негиздеген диний агым.

ДУАИ КУНУУТ – Витр намазынын акыркы рекетинде, Рукудан кийин Кыямга барганда окула турган белгилүү дуба.

ДУРУУД – Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га Алла Тааланын берешендигин, рахматын жана берекесин Алла Тааладан тилеп, жалынуу.

ЖИЛСА – Намаз окуп жатканда, эки Сажданын аралыгында олтуруу.

ЗУХР – Беш маал Парыз намазынын экинчиси. Кыргызча Пешин деп аталат.

ИЙДУЛЬ-АЗХАА – Азирети Ибраахийм (алайхиссалаам) менен анын уулу Азирети Исмааийл (алайхиссалаам)дын Алла Таалага берилгендигин эскерүүгө багышталып өткөрүлө турган исламий майрам. Кыргызча Курман айт деп аталат.

ИЙДУЛЬ-ФИТР – Рамазан айындагы орозолор бүтөөрү менен өткөрүлө турган исламий майрам. Кыргызча Орозо айт деп аталат.

ИКААМАХ – Азан, бирок бийик үн менен кыскараак айтылып, жамаат намазы башталганына ишаарат кылуу. Кыргызча Коомат деп аталат.

ИМАМ – Жамаат намазын башкаруучу киши.

ИМАМ МАХДИЙ – Азирети Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) алдын ала айтып кеткен, Исламды жандандыруу жана өнүктүрүү максатында акыр заманда келе турган адам. Имам Махдий сөзү туура жолго багыттоочу Имам дегенди билдирет.

КАВМА (КАУМА) – Рукудан кийин тик абалда туруу.

КАЗА – Окулбай калган намазды өзүнүн белгилүү убакытынан кийин аткаруу.

КАЛААМУЛЛААХ – Алла Таала тарабынан сөзмө-сөз түшүп, Алланын сөздөрү дегенди билдирет; Курани Каримге айтылат.

КАЛИМАИ ШАХААДАХ – «Ашхаду аллааилааха иллаллааху ва ашхаду анна Мухаммадан абдухуу ва расуулух» (Мен Алладан башка кудай жок экенине жана Мухаммад Анын пендеси жана Элчиси экенине күбөлүк берем) деген сөздөр. Кыргызча Шахаадат келимеси деп аталат.

КАЛИМАХ – «Лаа илааха иллаллааху Мухаммаддур Расуулуллаах» (Алладан башка кудай жок, Мухаммад Алланын Элчиси) деген сөздөр. Кыргызча Келиме деп аталат.

КАСР – Намазды кыскартып окуу.

КУСУУФ – Күндүн тутулушу.

КЫБЫЛА – Намаз окуганда жүз бурган тарап (Мекке тарап).

КЫЯМ – Намазда тик туруу.

МАГРИБ – Беш маал Парыз намазынын төртүнчүсү. Кыргызча Шам деп аталат.

МАЗХАБ – Жол, багыт дегенди билдирет. Ислам дининдеги төрт мектепке колдонулат: Ханафий, Шаафий, Ханбалий жана Маалкий.

МАКРУХААТ – Намазга туура келбеген жагымсыз жана намаздын даражасын түшүрүүчү амалдар.

МААЛКИЙЛЕР – Мусулман мазхабдардын бири.

МАСИЙХИ МАВЪУД – Азирети Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) алдын ала айтып кеткен, Исламды жандандыруу жана өнүктүрүү максатында акыр заманда келе турган адам. Масийхи Мавъуд сөзү «Убада кылынган Масийх» дегенди билдирет.

МУАЗЗИН – Азан айтуучу киши.

МУСТАХАБ – (МУСТАХАББААТ) – Намазды дагы жакшыраак жана толук аткаруу үчүн жасала турган мактоого ылайык амалдар.

МУШРИК – Алла Тааладан башкаларга сыйына турган киши.

НАФЛ (НАВААФИЛ) – Окуусу шарт болбогон, өз эрки менен кошумча сооп үчүн окула турган намаз. Ушундай намазды окубаса, күнөө болбойт.

НИЙЙАХ – Намаз окууну баштаардан мурун көңүл менен ниет кылуу.

НЭЭМАТ – Алланын берекеси, ырыскысы.

РАББ – Алланын сыпаттуу аты; тарбиячы, багуучу, кам көрүүчу ж. б.

РАЗИЯЛЛААХУ АНХАА – Алла Таала ага ыраазы болсун (аялдарга карата).

РАЗИЯЛЛААХУ АНХУ – Алла Таала ага ыраазы болсун (эркектерге карата).

РАЗИЯЛЛААХУ АНХУМ – Алла Таала аларга ыраазы болсун (көпчүлүккө карата).

РАКЪАТ (рекет) – Намаз окуп жатканда, дененин түрдүү абалдары Кыям, Руку, Сажда, Каъда жана Алла Тааланы алкап, мактаган дубалардын бир жыйындысы.

РАСУУЛУЛЛААХ – Алланын Элчиси.

РАХИЙМ – Кайра-кайра ырайым кылуучу.

РАХМААН – Чексиз ырайымдуу, сурабастан берүүчү.

РУКУ – Намаз окуганда эңкейүү.

САВМ (САУМ) – Арабча сөз, Орозо деген маанини билдирет. Исламдын үчүнчү негизи, тиреги.

САЖДАХ (СУЖУУД) – Намаз окуп жатканда, маңдайды жерге тийгизүү.

САЛААТ – Намаз, Исламдын экинчи негизи, тиреги.

САЛААТУЛЬ-ЖУМУЪА – Жума намазы.

САЛААТУЛЬ-ЗУХАА – Салаатул-Ишраактын экинчи бир бөлүгү.

САЛААТУЛЬ-ИШРААК – Пешинден мурда эки рекеттен эки жолу окула турган Нафл намазы.

САЛААТУЛЬ-ХАЖААТ – Киши кыйналганда же бир нерсеге муктаж болуп калганда окула турган намаз.

САЛЛАЛЛААХУ АЛАЙХИ ВА САЛЛАМ – Ага Алланын тынчтыгы жана ырайымы болсун.

СУЖУУДУС-САХВ – Намаз окуп жатканда, каталыкка жол койсо, аны түзөтүү үчүн кылына турган эки Сажда.

СУНАН – Сүннөт деген сөздүн көптүк формасы.

СУННАХ ЖЕ СУННАТ – Намаздын бир түрү болгон Парыз намазына караганда экинчи даражалуу намаз, бирок Нафл намазынан маанилүүрөөк. Кыргызча Сүннөт намазы деп аталат.

СУННИЙ – Мусулман мазхабдардын бири.

СУТРА – Ачык жерде намаз окуп жатканда, намаз окуй турган жерди чек аралап коюучу нерсе.

СУУРА (СУУРАХ) – Арабча сөз, бир нече аяттардан турган Курани Каримдин бөлүктөрү. Кыргызча сүрөө деп аталат. Курани Каримде 114 сүрөө бар.

ТАКБИЙР – Аллааху Акбар (Алла баарынан улук), – деп айтуу.

ТАКБИЙР-И-ТАХРИЙМА – Жамаат намазын баштоодон мурун имамдын эки колун кулактарынын жанына көтөрүп, үн чыгарып, Аллааху Акбар (Алла баарынан улук), – деп айтуу.

ТАРАВИЙХ – Рамазан айында Ъиша (Куптан) намазынан кийин окула турган атайын намаз. Кыргызча Тараба деп аталат.

ТАСМИЙЪ – Имамдын Рукудан Кыямга баратканда, Самиъаллааху Лиман Хамидах (Алла өзүнө мактоо айтканды угат), – деп айтуусу.

ТАХАЖЖУД – Түн ортосунда окула турган Нафл намазы.

ТАХМИЙД – Имам Тасмийъди айткандан кийин, ага ээрчигендердин Раббанаа Валакал Хамд, Хамдан Касийран Таййибан Мубааракан Фийх (Эй, Парбардигерибиз! Баардык мактоо – өтө көп, ыйык жана берекелүү мактоо Сага гана таандык), – деп айтуулары.

ФАЖР – Беш убакыт Парыз намазынын биринчиси. Кыргызча Багымдат деп аталат.

ФАРААИЗ – «Фарз» сөзүнүн көптүк формасы.

ФАРЗ – Окулушу шарт болгон намаз же намаздын бөлүктөрү. Кыргызча Парыз деп аталат.

ФАРЗ-И-КИФААЯ – Баардык мусулмандар аткарышы шарт болгон амал, бирок ошол амалды бир же бир нече киши гана аткарса, жетиштүү.

ФАТВА – Диний маселелер боюнча уламалар тарабынан чыгарылган чечим же токтом.

ФИКХ ИЛИМИ – Диндеги ибадат жана укуктук маселелерди үйрөнүүчү жана үйрөтүүчү илим.

ФИТРААНА – Ийдул-Фитр намазынан мурунураак мусулмандар бере турган садага. Бул акча кембагал адамдарга, алар дагы майрамды көңүлдүү өткөрсүн, деген үмүт менен берилет.

ХАДИС – Азирети Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын осуят сөздөрү.

ХАЖ – Сауд Арабиясынын Мекке шаарындагы БайтуллаахКаабаны зыярат кылуу. Хаж Исламдын бешинчи негизи, тиреги. Кыргызча Ажы же Ажылык деп аталат.

ХИДАЯТ – Туура, чыныгы жол дегенди билдирет.

ХУСУУФ – Айдын тутулушу.

ШИЙЪА – Ислам агымдарынын бири. Бул агымдагылар Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын биринчи үч Халифасы – Азирети Абу Бакр, Азирети Умар жана Азирети Усман (разияаллааху анхум)ду кабыл алышпайт.

ЪИША – Беш маал намаздын бешинчиси. Кыргызча Куптан деп аталат.

Share via