Намаз • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
БИСМИЛЛААХИР-РАХМААНИР-РАХИЙМ

БИСМИЛЛААХИР-РАХМААНИР-РАХИЙМ

АДАМЗАТТЫН ЖАРАЛУУ МАКСАТ-МҮДӨӨСҮ

Namaz 2

ВАМАА ХАЛАКТУЛ-ЖИННА ВАЛ-ИНСА ИЛЛАА ЛИ-ЙАЪБУДУУН. (51:57)

Мен жин менен адамзатты Мага сыйынуулары үчүн гана жараттым. (51:57)

Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам) мындай деп айтат:

«Мен жин менен адамзатты Мени таанып, Мага сыйынуулары үчүн гана жараттым. Демек, ушул аят боюнча адам баласынын жашоосунун түпкү максат-мүдөөсү – бул Алла Таалага сыйынуу, Алла Тааланы таанып-билүү жана Алла Тааланыкы гана болуп калуу». («Ислам окууларынын философиясы», «Руханий хазааин», 10-том, 414-бет)

Бул тууралуу Алла Таала Курани Каримде негизги буйрукту берип жатып, мындай деп айтат:

ЙАА АЙЙУХАННААСУЪБУДУУ РАББАКУМУЛЛАЗИЙ ХАЛАКАКУМ ВАЛЛАЗИЙНА МИН КАБЛИКУМ ЛА-АЪЛЛАКУМ ТАТТАКУУН. (2:22)

ЙАА АЙЙУХАННААСУЪБУДУУ РАББАКУМУЛЛАЗИЙ ХАЛАКАКУМ ВАЛЛАЗИЙНА МИН КАБЛИКУМ ЛА-АЪЛЛАКУМ ТАТТАКУУН. (2:22)

Эй, адамдар! Силер такыба болушуңар үчүн силерди да, силерден мурункуларды да жараткан Раббиңерге ибадат кылгыла. (2:22)

Бул аятты чечмелеп жатып, Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам) мындай деп айтат:

«Эй, адамдар! Силерди жараткан Раббиңерге сыйынагыла… Силерди жараткан (Алла) гана сыйынууга татыктуу. Тактап айтканда, Ал гана тирүү калуучу. Аны гана сүйгүлө. Демек, Алла Таала менен өзгөчө алака-байланышты түзүп, Анын каршысында бардык нерселерди төмөн деп билүү гана ыймандуулук деп саналат. Кимде-ким өз балдарын же ата-энесин же башка бир нерсени катуу сүйүп, ар убакытта ошолордун камында жүрсө, анда бул да бир түрдөгү бутпарастык. Индустар сыяктуу бут алып, анын алдына саждага жыгылуу эле бутпарастык деген маанини билдирбейт. Чектен ашкан даражада (бирөөнү) сүйүү да «сыйынуу» деп саналат». («Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам)дын тафсири» 1-том, 454-бет)

ЭҢ БИРИНЧИ СУРОО

Азирети Абу Хурайра (разияллааху анху) мындай деп рабаят этет:

КААЛА: САМИЪТУ РАСУЛАЛЛААХИ (САЛЛАЛЛААХУ АЛАЙХИ ВА САЛЛАМА ЙАКУУЛУ: ИННА АВВАЛА МАА ЮХААСАБУ БИХИЛ-АБДУ ЙАУМАЛ-КЫЯМАТИ МИН АМАЛИХИЙ САЛААТУХУ, ФА-ИН САЛУХАТ ФА-КАД АФЛАХА ВА АНЖАХА, ВА ИН ФАСАДАТ ФА-КАД ХААБА ВА ХАСИРА, ФА-ИНИНТАКАСА МИН ФАРИЙЗАТИХИЙ ШАЙ'УН, КААЛАР-РАББУ АЗЗА ВА ЖАЛЛА: УНЗУРУУ ХАЛ ЛИ-АБДИЙ МИН ТАТАВВУЪИН ФА-ЮКАММАЛА БИ-ХАА МАНТАКАСА МИНАЛ-ФАРИЙЗАТИ, СУММА ЙАКУУНУ СААИРУ АМАЛИХИЙ АЛАА ЗААЛИК. (ТИРМИЗИЙ АБВААБУС-САЛААТИ БААБУ ИННАМАА ЮХААСАБУ БИХИЛ-АБДУ ЙАУМАЛ-КЫЯМАТИ)

КААЛА: САМИЪТУ РАСУЛАЛЛААХИ (САЛЛАЛЛААХУ АЛАЙХИ ВА САЛЛАМА ЙАКУУЛУ: ИННА АВВАЛА МАА ЮХААСАБУ БИХИЛ-АБДУ ЙАУМАЛ-КЫЯМАТИ МИН АМАЛИХИЙ САЛААТУХУ, ФА-ИН САЛУХАТ ФА-КАД АФЛАХА ВА АНЖАХА, ВА ИН ФАСАДАТ ФА-КАД ХААБА ВА ХАСИРА, ФА-ИНИНТАКАСА МИН ФАРИЙЗАТИХИЙ ШАЙ’УН, КААЛАР-РАББУ АЗЗА ВА ЖАЛЛА: УНЗУРУУ ХАЛ ЛИ-АБДИЙ МИН ТАТАВВУЪИН ФА-ЮКАММАЛА БИ-ХАА МАНТАКАСА МИНАЛ-ФАРИЙЗАТИ, СУММА ЙАКУУНУ СААИРУ АМАЛИХИЙ АЛАА ЗААЛИК. (ТИРМИЗИЙ АБВААБУС-САЛААТИ БААБУ ИННАМАА ЮХААСАБУ БИХИЛ-АБДУ ЙАУМАЛ-КЫЯМАТИ)

Азирети Абу Хурайра (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дан мындай дегенин уккан: «Кыямат күнү адам баласынан эң алгач алына турган эсеп-кысап – бул намаз. Эгер ушул эсеп-кысап туура болсо, анда ал киши ийгиликтүү болду жана кутулду дейбер. Эгерде ушул эсеп-кысап жаман болсо, анда ал киши ийгиликсиз болду жана зыян көрдү дейбер. Эгер анын парыздарында кандайдыр бир кемчилик болсо, анда Алла Таала: «Пендемдин бир аз нафлдары да барбы?» – деп сурайт. Эгер нафлдары бар болсо, анда парыздардагы кемчилик нафлдар аркылуу толукталып жиберилет». («Термизий» Абваабус-салаати, Баабу инна маа юхаасабу бихил-абду йаумал-кыямати)

 НАМАЗ АДАМДЫ АРЫЛТАТ

Намаз адамды кандайча арылтат? Буга мисал кылып, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айтат:

АН АБИ ХУРАЙРАТА, АННАХУ САМИЪА РАСУЛАЛЛААХИ (САЛЛАЛЛААХУ АЛАЙХИ ВА САЛЛАМА ЙАКУУЛУ: «АРА'АЙТУМ ЛАУ АННА НАХАРАН БИ-БААБИ АХАДИКУМ ЙАГТАСИЛУ ФИЙХИ КУЛЛА ЙАУМИН ХАМСАН, МАА ТАКУУЛУ: ЗААЛИКА ЮБКИЙ МИН ДАРАНИХИЙ» КААЛУУ: ЛАА ЮБКИЙ МИН ДАРАНИХИЙ ШАЙ'АА, КААЛА: «ФА-ЗААЛИКА МИСЛУС-САЛАВААТИЛ-ХАМСИ, ЮМХУЛЛААХУ БИХИЛ-ХАТААЯ». (БУХАРИЙ КИТААБУ МАВААКИЙТУС-САЛААТИ БААБУС-САЛАВААТУЛ-ХАМСИ КАФФААРАТУ ЛАЛ-ХАТААЯ)

АН АБИ ХУРАЙРАТА, АННАХУ САМИЪА РАСУЛАЛЛААХИ (САЛЛАЛЛААХУ АЛАЙХИ ВА САЛЛАМА ЙАКУУЛУ: «АРА’АЙТУМ ЛАУ АННА НАХАРАН БИ-БААБИ АХАДИКУМ ЙАГТАСИЛУ ФИЙХИ КУЛЛА ЙАУМИН ХАМСАН, МАА ТАКУУЛУ: ЗААЛИКА ЮБКИЙ МИН ДАРАНИХИЙ» КААЛУУ: ЛАА ЮБКИЙ МИН ДАРАНИХИЙ ШАЙ’АА, КААЛА: «ФА-ЗААЛИКА МИСЛУС-САЛАВААТИЛ-ХАМСИ, ЮМХУЛЛААХУ БИХИЛ-ХАТААЯ». (БУХАРИЙ КИТААБУ МАВААКИЙТУС-САЛААТИ БААБУС-САЛАВААТУЛ-ХАМСИ КАФФААРАТУ ЛАЛ-ХАТААЯ)

Азирети Абу Хурайра (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай дегенин рабаят этет: «Айткылачы, эгер кимдир бирөөнүн эшик алдынан дарыя өтсө жана ал киши күндө беш мааал ошол (дарыя)га чөмүлсө, анын денесинде кандайдыр бир кир калабы?» Сахаабалар (разияллааху анхум): «Эй, Алланын Элчиси! Эч бир кир калбайт», – деп жооп беришти. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айтты: «Беш маал намаздын мисалы да кудум ошондой. Алла Таала ал аркылуу каталарды кетирет». («Бухарий» Китаабу маваакийтус-салаати, Баабус-салаваатил-хамси каффаарату лил-хатаая)

БАЙЪАТ ҮЧҮН НЕГИЗГИ ШАРТ

Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам) Ахмадия Мусулман Жамаатына мүчө болуп кирүү үчүн баяндаган он байъат шарттын эң маанилүүсү бул: ар бир байъат берген адам төмөнкүдөй убада берсин:

«Алла жана Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын көрсөтмөсүнө ылайык күнүнө беш маал намазды калтырбай окуйт».

Дагы бир жерде ал (алайхиссалаам) мындай деп айтат:

«Кимде-ким беш маал намазды аткарбаса, ал менин жамаатыман эмес». («Кашти-э-Нух», «Руханий хазааин», 19-том, 19-бет)

НАМАЗДА ЖАЛКООЛОНУУНУН МААНИСИ КАНДАЙ?

Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам)дын 1-Халифасы – Азирети Хакийм Мавлана Нуруддин (разияллааху анху) мындай деп айтат:

«Айрым кишилер намазда жалкоолонушат. Ал (жалкоолонуу) ар кандай түрлөргө бөлүнөт: 1) өз убагында келишпейт; 2) жамаат менен окушпайт; 3) сүннөттөр жана важыптарга көңүл бурушпайт.

Кулак салгыла, ким намазды текке кетирсе, анын эч бир иши дүйнөдө оңолбойт». («Хутбаат-э-Нур» 436-бет)

 БАШКАЛАРДЫ ДА НАМАЗГА НАСААТ КЫЛГЫЛА

Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам)дын 2-Халифасы – Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (алайхиссалаам) мындай деп айтат:

«Юкиймус-салаата»[1] дегендин төмөнкүдөй дагы бир мааниси бар: такыбалар башка адамдарды намазга чакырышат. Себеби, кандайдыр бир ишти тургузуунун дагы бир ыкмасы – аны кеңири-кесири жайылтуу керек жана адамдарды ага үндөө зарыл. Демек, өздөрү эле намаз окубастан, башкаларды да намаз окууга насаат кылып турган жана жалкоолонгондорду да үгүттөп, алардын иштиктүүлүгүн күчөтө тургандар да «юкиймус-салаата» деген аятка амал кылуучу такыбалар деп аталышат». («Тафсир-э-Кабийр», 1-том, 105-бет)

НАМАЗ КАЙДЫГЕРЛИКТИ КЕТИРЕТ

Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам)дын 3-Халифасы – Азирети Мырза Насир Ахмад (рахимахуллах) мындай деп айтат:

«Ар бир намаз өзүнөн мурунку намаз менен өзүнүн ортосундагы кайдыгерликтер жана жалкоолуктарды кетирет. Ошондой эле ар бир жума (намазы) өзүнөн мурунку жума (намазы) менен өзүнүн ортосундагы жалкоолуктар жана калып кеткен кайдыгерликтерди кетирет». («Хутбаат-э-Насир», 5-том, 672-бет, 1974-жылдын 11-октябрында окулган жума кутбасы)

ОРТОҢКУ НАМАЗДЫ КОРГОГУЛА

Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам)дын 4-Халифасы – Азирети Мырза Тахир Ахмад (рахимахуллах) мындай деп айтат:

«Намаздарыңарды коргоого аттангыла. «Вас-салаатил-вустаа»[2] айрыкча, ортоңку намаз(ды аткаруу)га көңүл бургула жана андан такыр кош көңүл болбогула… «Ас-салаатил-вустаа», тактап айтканда, жумуштардын ортосунда кармалып калган намаз! Ал (намаз) канчалык көп жумуштардын ортосунда кармалып калса, ошончолук чоң эрегишке айланып кетет. Сыртынан караганда ага амал кылуу, тактап айтканда, аны актоо канчалык кыйын болуп барса, анын акысы ошончолук жогорулап кете берет. Жумуштардын ортосунда кармалып кеткен намазга көңүл бурбай, терең зыян көрбөөңөр такыр мүмкүн эмес… бул иш дүйнө иши, бирок Алла Тааланын ишин таштабагыла. Алла Таала силерге жүктөгөн милдетти аткарууга баары бир аракет жасагыла». («Ал-Фазл Интернейшнал», 28-ноябрь, 1997-жыл)

НАМАЗ АЛЛА ТААЛА БЕРЕШЕНДИКТЕРИН ӨЗҮНӨ СИҢДИРЕТ

Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам)дын 5-Халифасы – Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз)[3] мындай деп айтат:

«Туруктуулукка ээ болуу жана халифат түзүмүнөн береке табуу үчүн эң алгачкы шарт – бул намазды аткаруу. Анткени, ибадат жана намаз эле Алла Тааланын берешендиктерин өзүнө тартуучу… Демек, ар бир Ахмадий мусулман ушул нерсени көңүлүнө жакшылап түйүп алуусу керек, биз намаздарыбызды коргоочулар болгонубузда гана Алла Тааланын халифат сыпатында уланып келе жаткан белегинен пайда көрө алабыз». («Хутбаат-э-Масрур», 2-том, 347-348-бет)

[1] «Намазды толук аткарышат» деген маанини билдирет.

[2] «Ортоңку намаз» дегенди билдирет.

[3] «Аны Алла Таала Өзүнүн күчтүү жардамы менен колдосун» деген маанини билдирет.

Share via