Каза намазы • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Бөлүмдөр
  1. Кириш сөз
  2. Ибадат
  3. Исламдын беш парызы
  4. Намазды аткаруу парыздуулугу
  5. Намаздын маанилүүлүгү
  6. Намаздын убакыттары
  7. Намаздын шарттары
  8. Даарат
  9. Даараттын бузулушунун факторлору
  10. Гусул
  11. Суу
  12. Кийим
  13. Азан
  14. Коомат
  15. Ниет
  16. Намаздарды кошуп окуу
  17. Намазды аткаруунун жолу
  18. Дурууд (Ассалаату алан-Набий)
  19. Намазды жалгыз окуу
  20. Жамаат менен аткарылуучу намаздар
  21. Намаздан кийин Алланы эске алуу
  22. Намаздын түрлөрү жана рекеттердин саны
  23. Жума намазы
  24. Орозо айт жана курман айт майрамдары
  25. Витр намазы
  26. Намаздын өзгөчө бөлүктөрү
  27. Намазды бузган амалдар
  28. Сужуудус-сахв
  29. Ооруу маалындагы намаз
  30. Сапарда окулуучу намаз
  31. Салаатул-Хавф (Кооптуу учурдагы намаз)
  32. Каза намазы
  33. Тахажжуд намазы
  34. Таравийх намазы
  35. Күн жана ай тутулганда окулган намаз
  36. Жамгыр тилеп окулган намаз
  37. Истахаара намазы
  38. Салаатул-хажаат (жардам тилеп окулган намаз)
  39. Ишраак намазы
  40. Жаназа намазы
  41. Айрым сөздөрдүн жана терминдердин түшүндүрмөсү
  42. Азирети Мырза Гулам Ахмад Масийхи Мавъуд жана Махди Маъхуд (алайхиссалаам)дын китептеринен жана «Малфузаатынан» айрым үзүндүлөр
Чектеш темалардын мазмуну

Айрым учурда киши унутуп же уктап же эсинен танып, бир намазды өз убактында окуй албаса, анда калып кеткен намаздарды кийинчерээк аткарса, бул Каза, деп аталат. Бир киши Парыз намазынын окулбай калган бөлүктөрүн аткаруусу керек. Ал киши: «Мен баланча Парыз намазды же жөнөкөй намазды окубай калдым», – деп эстегенде, дароо аларды кадимки тартиби менен орундатуусу зарыл.

Айрым диний жетекчилер адам өмүрүндө калтырган намаздарынын бардыгын бир гана намазды окуу менен аткарышы мүмкүн, деген Фатваларды беришкен. Алар муну Казааи умрий деп аташкан. Мына ушундай таалимдин натыйжасында көптөгөн адамдар намазга кош көңүл болуп калышкан.

Намаз рухтун күндөлүк азыгы эсептелет. Бир киши он жыл бою эч нерсе жебестен ач жүрүп, кийин ошол жебеген он жылдык тамактарды бир отуруп жеп коюшу мүмкүнбү? Бир киши өмүр бою намазын окууга көңүл бурбай, кийин бир күндө бир гана Казааи умрийни окуп, калтырган намаздардын толук сообуна ээ болот, деп айтуу намаз таалиминин кадыр-баркын түшүрөт. Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай таалим берген эмес.

Ислам Фикхине караганда, эгер бир киши намазды билип туруп, атайылап калтырса, эч бир Каза аны толтура албайт. Мындай намаз түбөлүк калтырылганга эсептелет, бирок мындай жагдайларда туура өкүмдү Алла Тааланын Өзү чыгарат.

Share via