Исламдын беш парызы • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Бөлүмдөр
  1. Кириш сөз
  2. Ибадат
  3. Исламдын беш парызы
  4. Намазды аткаруу парыздуулугу
  5. Намаздын маанилүүлүгү
  6. Намаздын убакыттары
  7. Намаздын шарттары
  8. Даарат
  9. Даараттын бузулушунун факторлору
  10. Гусул
  11. Суу
  12. Кийим
  13. Азан
  14. Коомат
  15. Ниет
  16. Намаздарды кошуп окуу
  17. Намазды аткаруунун жолу
  18. Дурууд (Ассалаату алан-Набий)
  19. Намазды жалгыз окуу
  20. Жамаат менен аткарылуучу намаздар
  21. Намаздан кийин Алланы эске алуу
  22. Намаздын түрлөрү жана рекеттердин саны
  23. Жума намазы
  24. Орозо айт жана курман айт майрамдары
  25. Витр намазы
  26. Намаздын өзгөчө бөлүктөрү
  27. Намазды бузган амалдар
  28. Сужуудус-сахв
  29. Ооруу маалындагы намаз
  30. Сапарда окулуучу намаз
  31. Салаатул-Хавф (Кооптуу учурдагы намаз)
  32. Каза намазы
  33. Тахажжуд намазы
  34. Таравийх намазы
  35. Күн жана ай тутулганда окулган намаз
  36. Жамгыр тилеп окулган намаз
  37. Истахаара намазы
  38. Салаатул-хажаат (жардам тилеп окулган намаз)
  39. Ишраак намазы
  40. Жаназа намазы
  41. Айрым сөздөрдүн жана терминдердин түшүндүрмөсү
  42. Азирети Мырза Гулам Ахмад Масийхи Мавъуд жана Махди Маъхуд (алайхиссалаам)дын китептеринен жана «Малфузаатынан» айрым үзүндүлөр
Чектеш темалардын мазмуну
Намаз сыйыну ибадат

Исламда беш негизги парыз бар, аларды ар бир мусулман киши аткаруусу керек. Алар Исламдын беш негизи же Исламдын беш тиреги деп аталат.

Ал беш негиздин биринчиси – Калима шахаадах. Ал Ислам ишеничинин декларациясы, башкача айтканда, Алладан башка ибадат кылууга ылайык эч ким, эч нерсе жок экенине жана Мухаммад Алланын элчиси экенине күбөлүк берүү. Ислам дининде Алланын жалгыз экендиги биздин ишеничибиздин негизин түзөт.

Экинчи негизи – Салаат, буйрукка ылайык намаз окуу.

Үчүнчү негизи – Закаат (зекет) деп аталат. Зекет – бул мусулмандар тарабынан жылына бир жолу белгилүү өлчөмдө дүнүйө-мүлкүнөн бериле турган кайрымдуулук. Ал Ыйык Куранда жазылгандай, изги иштерге сарпталат.

Төртүнчү негизи – Саум (орозо) деп аталат. Бул – Рамазан айында орозо тутуу.

Бешинчи тиреги – Хаж (ажылык). Бул – ар бир мусулман мүмкүнчүлүгүнө жараша өмүрүндө бир жолу болсо да, Мекке шаарындагы Каабаны зыярат кылуусу.

Ислам бардык диний парыздардын ичинен намазды аткарууга абдан чоң маани берет. Ал ар бир мусулманды күнүнө беш маал намаз окууга үндөйт. Беш маал окула турган Парыз намаздарынан тышкары айрым Нафл намаздары да бар.

Дүнүйөлүк оокат камында жүргөн киши жашоонун материалдык жагына өзгөчө көңүл бурганы сыяктуу ар бир мусулман да өз жашоосунун руханий жагына ошончолук терең маани берүүсү зарыл. Жашообузда денелик керектөөнү камсыздандыруу үчүн аба жана тамак-аш өтө зарыл болгондой, намаз окубастан же күндүн ар кыл маалдарында тынымсыз ибадат кылбастан руханий жашообузду уланта албайбыз.

Намазда кыймыл-аракеттер ар түрдүү болот. Алар:

Кыям (тикесинен туруу), Руку (эңкейүү, бүгүлүү), Сажда (чөгөлөп, маңдайын жерге тийгизүү), Каъда (отуруу) деп аталат. Ар бир кыймыл учурунда аяттар жана дубалар окулат. Ал аяттар жана дубалар араб тилинде болгондуктан, ар бир мусулман аларды сөзсүз жаттап, Жаратканына эмне деп кайрылып жатканын билүү үчүн алардын маанисин түшүнүүсү абдан зарыл.

Share via