Истахаара намазы • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Бөлүмдөр
  1. Кириш сөз
  2. Ибадат
  3. Исламдын беш парызы
  4. Намазды аткаруу парыздуулугу
  5. Намаздын маанилүүлүгү
  6. Намаздын убакыттары
  7. Намаздын шарттары
  8. Даарат
  9. Даараттын бузулушунун факторлору
  10. Гусул
  11. Суу
  12. Кийим
  13. Азан
  14. Коомат
  15. Ниет
  16. Намаздарды кошуп окуу
  17. Намазды аткаруунун жолу
  18. Дурууд (Ассалаату алан-Набий)
  19. Намазды жалгыз окуу
  20. Жамаат менен аткарылуучу намаздар
  21. Намаздан кийин Алланы эске алуу
  22. Намаздын түрлөрү жана рекеттердин саны
  23. Жума намазы
  24. Орозо айт жана курман айт майрамдары
  25. Витр намазы
  26. Намаздын өзгөчө бөлүктөрү
  27. Намазды бузган амалдар
  28. Сужуудус-сахв
  29. Ооруу маалындагы намаз
  30. Сапарда окулуучу намаз
  31. Салаатул-Хавф (Кооптуу учурдагы намаз)
  32. Каза намазы
  33. Тахажжуд намазы
  34. Таравийх намазы
  35. Күн жана ай тутулганда окулган намаз
  36. Жамгыр тилеп окулган намаз
  37. Истахаара намазы
  38. Салаатул-хажаат (жардам тилеп окулган намаз)
  39. Ишраак намазы
  40. Жаназа намазы
  41. Айрым сөздөрдүн жана терминдердин түшүндүрмөсү
  42. Азирети Мырза Гулам Ахмад Масийхи Мавъуд жана Махди Маъхуд (алайхиссалаам)дын китептеринен жана «Малфузаатынан» айрым үзүндүлөр
Чектеш темалардын мазмуну

Истахаара намазы

Соода ишин баштаарда, сапарга аттанаарда, үйлөнөөрдө же башка диний жана дүйнөлүк маанилүү бир ишти ишке ашырууга бел байлаган киши Алла Тааладан туура жол көрсөтүүсүн тилеп, ушул намазды окуйт. Истахаара намазында Алла Тааладан жардам сурап, иштерим кайырлуу-ийгиликтүү болсун, деген ниетте Ага жалынат.

Түнкүсүн жатаардан мурда эки рекет намаз окулат. Биринчи рекетте «Ал-Фаатиха» сүрөөсү, анан «Ал-Каафируун» сүрөөсү, экинчи рекетте «Ал-Фаатихадан» кийин «Ал-Ихлаас» сүрөөсү окулат. Каъдада Ташаххуд, Дурууд жана башка дубалар окулгандан кийин төмөнкү дуба окулат:

Намаз дуба сыйынуу ибадат

Окулушу:

Аллаахумма инний астахийрука би илмика ва астакдирука би кудратика ва ас’алука мин фазликал азийм, фа иннака такдиру валаа акдиру, ва таъламу валаа аъламу ва анта аллаамул гуйууб. Аллаахумма ин кунта таъламу анна хаазал амра хайруллий фий дийний ва маъааший ва аакибати амрий, факдирху лий ва йассирху лий, сумма баарик лий фийх, ва ин кунта таъламу анна хаазал амра шарруллий фий дийний ва маъааший ва аакибати амрий фасрифху анний васрифний анху, вакдир ли йал хайра хайсу каана сумма арзиний бих.

Котормосу:

Эй, Алла! Мен илимиңдеги жакшылыкты сурайм, Сенин кудуретиң менен жакшы тагдырыңды тилейм. Чексиз бийик берешендигиңди Сенден гана сурайм, анткени Сен кудуреттүүсүң, мен болсо алсызмын. Сен билүүчүсүң, мен билимсизмин. Сен кайыпты билүүчүсүң. Эй, Алла! Сен ушул иштин натыйжасы менин диним үчүн, менин дүйнөм үчүн кайырлуу экенин билсең, аны мага насип кылып, мага жеңилдеткин, анан мен үчүн аны берекелүү кылгын. Ал эми, эгер бул иштин акыбети менин диним үчүн, менин дүйнөм үчүн жаман экенин билсең, анда аны менден алыстаткын, мени андан алыстаткын. Ошондой эле каерден болсо да, жакшылыкты мага насип кылгын, анан бул тууралуу көңүлүм толсун жана мага ыраазычылык насип кылгын! («Бухарий», Китаабуд-Даъваат Баабуд-Дуа индаль-Истахаара; «Термизий», Шарах Аль-Санат, 4-том, 153-бет).

Бул дубаны ушул тартипте окуу Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дан калган сүннөт.

Share via