Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Швецияда жаңы мечитти ачты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Швецияда жаңы мечитти ачты

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Швециянын Мальмё шаарында «Махмуд» мечитин ачты

Ахмадия Мусулман Жамааты өтө чоң кубаныч менен төмөнкүлөрдү билдирет: 2016-жылдын 13-майында Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнөлүк Жетекчиси, Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын 5-Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла Таала ага Жардамчы болсун) Швециянын Мальмё деген шаарында «Махмуд» мечитин ачты. Бул – аталган өлкөдө Ахмадия Мусулман Жамааты тарабынан салынган экинчи мечит.

2016-05-13-SE-Friday-Sermon-002

Улуу Урматтуу Халифа эстелик тактасын ачкан соң жумалык жума кутбасын окуду, ал кутба Ахмадия Мусулман Жамаатынын Эл аралык МТА деген телеканалынан түз эфир аркылуу бүткүл дүйнөгө көрсөтүлдү.

Өзүнүн жума кутбасында Улуу Урматтуу Халифа Ахмадий мусулмандарга мечиттин чыныгы жана тынчтык максат-мүдөөлөрүн аткаргыла деп баса белгилеп айтты, ошондой эле Жамаат мүчөлөрү жасаган өзгөчө финансылык курмандыктарына зор баа берди.

Мечиттердин максат-мүдөөлөрү жөнүндө сүйлөп жатып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Биз – Ахмадий мусулмандар кандайдыр бир дүйнөлүк максат-мүдөөгө жетишүү үчүн мечиттерди салбайбыз, анын ордуна биз болгону Алла Таалага сыйынуу жана Анын сыйлыктарына татыктуу болуу үчүн гана аларды салабыз. Ушул кооз мечитти салып болгон соң биз милдеттерибизди аткарып алдык деп ойлонбошубуз керек, анткени акыйкатта милдеттерибиз эми гана башталды. Биз ушул мечитти (намазчылар менен) толтурууга жана аны абат кылууга аракет кылуубуз керек».

2016-05-13-SE-Friday-Sermon-003

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп улантты:

«Эми ушул мечит ачылган соң силер бири-бириңерге болгон сүйүүңөрдү өнүктүрүп, Ислам дининин чыныгы жана тынчтык таалимдери боюнча эң мыкты үлгүлөрдү көрсөтүүңөр керек. Эсиңерде болсун, ушул мечиттин чыныгы кооздугу анын түзүлүшүндө же дизайнында эмес, тескерисинче ал силердин жүрөктөрүңөрдүн жана мамилелериңердин руханий кооздугунда». 

Улуу Урматтуу Халифа жергиликтүү Ахмадий мусулмандар «Махмуд» мечитин курууга жасаган жекече финансылык курмандактары жөнүндөгү кээ бир окуяларды айтып берди. Эркектер, аялдар жана балдардын баары ушул ишке салым кошушту.

2016-05-13-SE-Friday-Sermon-004

Мисалы, бир адам өз машинасын сатты, кээ бир аялдар өздөрүнүн жасалга-буюмдарын сунушташты жана жаш балдар өздөрүнүн чөнтөк пулун берип салышты. Улуу Урматтуу Халифа мындай деди: мына ошол курмандыктардын баары Алла Тааланын ыраазычылыгына жетишүү үчүн гана жасалды.

Мечиттин учурдагы жери жөнүндө Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Кээде журналисттер мага эмнеге мечит үчүн ушул жерди же шаарды тандадыңар деп суроо беришет. Чындыгында, Мальмё шаары же кайсы бир башка жер кандайдыр бир өзгөчөлүккө ээ эмес. Биздин мечиттерди курууга болгон жалгыз гана түрткү, бул – кайсы жерде Ахмадий мусулмандар болбосун, алар чогулуп Алла Таалага сыйынуулары үчүн».

Улуу Урматтуу Халифа мындай деди: адамдарды Алла Тааланын Жалгыздыгына чакыруу (даават кылуу) жана Ислам динине коюлган жалааларды кетирүү Ахмадий мусулмандардын милдети болуп саналат.

2016-05-13-SE-Friday-Sermon-005

2016-05-13-SE-Friday-Sermon-006

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Силер жергиликтүү адамдардын Ислам дини жөнүндөгү кооптонууларын жана түшүнбөстүктөрүн кетирип, анын чыныгы жана тынчтык таалимдерин аларга түшүндүрүүңөр керек. Бийлик жана ушул улуттагы адамдар силерге ушул мечитти курууга жол беришти, эми ушул колдоосуна жооп кылып, силер ар дайым аларга боорукер болушуңар керек жана аларды өздөрүнүн Жаратуучусуна жакын алып келишиңер керек».

2016-05-13-SE-Friday-Sermon-007

Дүйнөдө өкүм сүрүп жаткан кырдаал жөнүндө сөз кылып, жана жергиликтүү Ахмадий мусулмандарга алардын милдеттерин эскертип жатып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Эң өкүнө турган нерсе, бүгүнкү күндө эң көп карама-каршылыктар жана чыр-чатактар мусулмандардын ортосунда гана болууда. Ошондуктан, Ислам дининин тынчтык таалимдери боюнча эң мыкты жана жандуу үлгүлөрдү көрсөтүп, анын чыныгы жана көркөм кабарын жер жүзүнүн булуң-бурчтарына чейин жайылтуу Ахмадий мусулмандардын милдети эсептелинет».

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via